ӨТКҮР АСХАТ УУЛУ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ!

12-21-октябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында армрестлинг (кол күрөш) боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, анда кыргыз спортчулары ийгилик жаратышты. Аталган мелдеште 54 өлкөдөн 1200дөн ашуун спортчу катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 28 спортчу барып, 4 категорияда күч сынашты. Кыргыз спортчусу Шахман Сулейманов 21 жашка чейинки категорияда күч сынашып, бардык беттештерде жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Сулейманов Дүйнө чемпиону наамына татыды. Ал эми 18 жашка чейинки категорияда сол колу менен күрөшүүдө Өткүр Асхат уулу финалга чейин жетип, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартып калды. Муну менен ал күмүш медалды тагынды. Ал эми оң колу менен бардык атаандаштарын жеңип, казакстандык Дархан Жусупту утуу менен Дүйнө чемпиону аталды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан