МЕССИ ЭЛЬ-КЛАСИКОГО КАТЫШПАЙТ

Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 9-турунун алкагында "Барселона" өз талаасында "Севилья" клубун кабыл алып, анда Лионель Месси жаракат алып калды. Месси оң колунан алган жаракатынан улам эми 3 жумадай убакыт талаага чыга албайт. Демек, бул каталондук оюнчунун 28-октябрда орун ала турган "Реал Мадридге" каршы оюнга чыга албайт дегенди билдирет. Эми Эль-Класико чынында эле жылдыздуу тирешсиз өтөт. Роналду ушул жайда “Ювентуска” кеткени маалым. Ал эми Месси акыркы 11 жылдан бери Эль-Класикону өткөрө элек. Күйөрмандар эми эки командадан чыныгы командалык тирешти күтүп жатышкан чагы.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан