Ал эми Өмүркулов бул жолугушуу тууралуу комментарий бербей, мындай жымжырттыгы менен талкууларды күчөтүүдө. Бирок анын Атамбаевди КСДПдан көргүсү келбеген адамдарды өз кабинетинде кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүүсү эле жыйынтык чыгарууга жетиштүү ойлорду жарата алды. Иса Өмүркулов КСДПга көп жылдан бери мүчө, чейрек кылымдан бери Атамбаевдин жанында жүрүп, ал бийликке келгенден тартып Бишкек шаарынын мэри, парламентте фракция лидери, башкаруучу коалициянын лидери өңдүү кызматтарда иштеп келе жатат. Соңку 7 жылда Атамбаевдин саясатын колдоп, бийлигинин бекемделишине көмөк берип келгендердин бири. Алдыда парламенттик шайлоо. Азыркы бийлик шайлоого кайсы партияны алып чыгары кызыгуу жаратып турган учур. Жакында депутат Ирина Карамушкина КСДПны тартып алуу аракети башталганын айтып чыккан эле. Ушундай шартта “Өмүркулов “КСДП Атамбаевсиз” ураанын колдоого алды” деген маалыматтын чыгышы Карамушкинанын сөзүндө чындык бар деген ойлорду жаратат.
Афтандил Добулбеков