Парламент өзү шайлаган жетекчилерди отчётун укпай туруп кызматтан кетирүүсү Кыргызда кадимки көрүнүшкө айланды. Акыйкатчы эмес, соңку 7 жылда парламент өкмөт башчыларын, министрлерди, башкы прокурорлорду отчётун укпай туруп отставкага узатып келди. Баарынан “кызыктуусу” Сапар Исаковду кызматтан бошотуудан кийин болду. Быйыл апрелде Исаковдун өкмөтүн парламент ишенбестик көрсөтүү аркылуу отставкага кетирген. Кийин жаңы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча парламентке отчёт берип, аны депутаттар “канааттандырарлык” деп табышты. Исаков өкмөттү 2017-жылдын августунан 2018-жылдын апрелине чейин жетектеди. Парламентте Исхак Масалиев, Мыктыбек Абдылдаев өңдүү депутаттар Исаковду “ишиндеги кемчиликтери үчүн” деп кетирип, бирок анын өкмөтүнүн ишин “канааттандырарлык” деп табуу суроо жаратарын айтып чыгышкан. Бирок көпчүлүк добуш менен өкмөттүн иши колдоого алынды. Муну менен парламент Исаков премьер катары жакшы иштегенин моюнга алган.
Афтандил Добулбеков