Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкулов шайланды. Анын талапкерлигин парламентте 105 депутат колдоого алды. Жаманкулов буга чейин аталган министрликке караштуу Туризм департаментин жетектеп келген. “Премьер-министрдин сунушу күтүүсүз болду. Биз аскер сыяктуубуз, каякка жиберсе ошол жакка барып иштей беребиз”,- деди Жаманкулов. Министрликти буга чейин жетектеп келген Султан Жумагулов оорудан улам жакында каза тапкан. Ал министрликке КСДП фракциясынын квотасы менен барган.