ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТЫ АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ "МЕГАКОМГО" ДИРЕКТОР БОЛДУ

Ушул аптада Жогорку Кеңештин 30 жаштагы депутаты Акылбек Жамангулов “Мегаком” компаниясынын директору болуп дайындалды. Жамангулов 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп келген. Бул кызматтык дайындоолорго карата “өкмөттү активдүү сындап, актуалдуу маселелерди көтөрүп келе жаткан бул жигит эми көп айлыктуу кызматка барган соң үн катпай калат” деген пикирлер айтылды. Буга чейин бул улуттук компаниянын топ менеджменти 20 миң долларлап айлык алышарын дал ушул депутат айтып, сындап келген эле.

Афтандил Добулбеков

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан