ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ УЮМДАРЫ КЫРГЫЗГА АКЧА БӨЛҮҮНҮ АЗАЙТУУДА

Эл аралык каржы уюмдары Кыргыз өлкөсүнүн бюджетин колдоо үчүн акча бөлүүнү азайтууда. Бул тууралуу парламентте каржы министри Адылбек Касымалиев билдирип, бирок себебин түшүндүрүп бере алган жок.

“Барган сайын финансылык уюмдар тарабынан бюджетке келип жаткан жардамдар азаюуда. 2019-жылы “Азия өнүктүрүү банкы” тарабынан 30 миллион доллар гана жардам көрсөтүлөрү күтүлүүдө”,- дейт министр. Ошондой эле Дүйнөлүк банк өлкөдөгү ири долбоорду каржылоону токтотушу мүмкүн болуп турганы айтылды.

2 жылда 115 айылды таза суу менен камсыздайт деп быйыл “Ала-Тоо булагы” программасы ишке киргизилген. Суммасы 94 миллион доллар. Парламент депутаттары 2-3 адамдын интригасы, коррупциянын айынан АРИС аталган долбоорду ишке ашырууну токтоткону жатканын айтып чыгышты. Буга чейин Бекболот Айтиевдин АРИСтин директору болуп дайындалышына каршы жамаатта массалык иш таштоо болуп жатканы маалымдалган. “Башкаруу өтө начар. Айтиевдин деңгээли облустук координаторго эле ылайык экенин Дүйнөлүк банк билдирип чыкты”,- деди ЖМКларга АРИСтин өкүлү Анара Дауталиева. Айтиев “кызматкерлер массалык иштен кетүүдө” деген маалыматты четке каккан. Коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыяланган өлкөдө абал ушундай. Өлкөнүн бюджетине эл аралык донорлор ири колдоо көрсөтүп жүргөнүн эске алганда, сырттан каржылык колдоонун азайышы өкмөттүн абалын дагы кыйындатышы ыктымал.

Афтандил Добулбеков

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан