МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Сен эмнеге шам жактың?- Айсулуу ашканада идиш жууп жатып кызынан сурады.

– Жөн эле.

– Хе,- Айсулуу өзүнчө бир нерсени ойлоп кетти окшойт, күлүп жиберди.

– Эмнеге күлүп жатасың?

– Жөн эле өзүмчө...

– Айтсаң, апа, эмнеге күлүп жатасың?

– Сен эмнеге шам жакканыңды айтсаң? Болгондо да күлгүн түстөгү шамдар,- токтоно албай кыткылыктады Айсулуу.

– Ал эч кандай күлкү келтире турган нерсе эмес. Атам сени, сен атамды жакшы көрүп калсын деп кылдым,- кыз таарыныч менен айтты.

– Билдим ошенткениңди. Көрдүңбү, атаң кандай ыңгайсыз болуп кетти. А менчи? Кызарып, уялып отурдук. Жинди кыз десе,- Айсулуу дале күлүп жатты. Ага жанараак эле конок бөлмөдө күлгүн түстөгү шамдардын жарыгында өзү, Азамат, Айназик, Байэл болуп отуруп алып тамак жеп жаткан учур абдан күлкүлүү сезилип жатты. Бирок бул жөн эле күлкү эмес болчу. Кандайдыр бир түшүнүксүз сезим аралаш алгачкы сүйүү катын колуна алган окуучу кыздын, кереметти күткөн жаш баланын, жакшы кабар угуп сүйүнүчүн жашыра албай жаткан адамдын күлкүсүнө окшош, учкун бар күлкү болчу. Кылыктануу, наздык, жылуулук бар болчу бул күлкүдө.



ххх

Байэл эрте ойгонгонду үйрөнө албай койду. Бакчага алып баруу өзүнчө түйшүк. Мына, азыр да апасын кыйнап жатат. Айсулуу болсо жумушуна кечикпей барышы керек.

– Балам, сен чоң жигитсиң да. Курткаңды кие калчы. Болчу, алтыным,- уйкусурап турган Байэлди кийинтип жатат. Айназикти да мектепке жеткирүү керек. Ушул тапта коңгуроо кагылды. Таң атпай ким келди деп ойлоп, эшикти ачса Тимур туруптур. Кадимкидей жүдөп калган.

– Сен кайдан?- Айсулуу таң кала сурады. Дагы эле баягы кийим салган чемоданын көтөрүп жүрөт.

– Жумуштан да, кайдан болмок эле?- суроо-сопкутсуз эле бөлмөгө кирди. Маанайы суз.

– Жумушуң бүткөн болсо, анда Байэлди карап турчу. Бүгүн бакчага барбай эле койсун. Айназик экөөбүз кечигип жатабыз. Айназик, бол, кызым. Атаң келиптир. Байэл аны менен калат. Кеттик.

Кыз коридорго чуркап чыгып, Тимурду көрүп токтоп калды. “Атам эмес бул” деди ичинен кыз жиндене. Анан Тимурдун учурашканына да көңүл бөлбөй апасын ээрчип чыгып кетти.



ххх

– Эмнеге атаң келди дедиң?- кыз ачуулангандай сурады.

– Келсе келди дейм да,- шашып басып баратып жооп узатты Айсулуу.

– Менин атам Азамат да, апа. А тигил болсо?

– Тигил да сенин атаң.

– Жок, бизге Азамат атам ата болот.



ххх

– Байэлчик, кандай? Ойгончу эми. Карачы, мен келдим,- уулун сагыныптыр. Ойготуп аны менен эркелешкиси келди. Балакай чукуранып жатып араң ойгонду. Бир аз атасынын колунда көшүлүп жатып, анан бир нерсени эстеп кетти окшойт.

– Машина?- деди чочуган түр менен.

– Ой десе, жерге алып койдум. Кучактап алыптырсың го аны тим эле.

– Бей машинаны...- жерде жаткан оюнчукка кол созду.

– Мына. Апаң алып бердиби?

– Ыкы...

– Ким анан?

– Байке. Чо-оң байке алып келди.

– Чоң байке?- түшүнбөй кетти. Анан заматта көкүрөгүнө кызганыч толуп чыкты. “Кайсы чоң байке?” деди уулуна өктөм үн менен. Ал жокто анын үйүнө ким келген? Балдарына бул оюнчуктарды белек кылган кайсы эркек? Эмне Айсулуу заматта эле башканы таап алдыбы? Шуркуя десе... Кетпе деп ыйлап жалдырачу эле го. Жөн эле арамзаланып ушунун кетишин эле күтүп жүргөн го. Телефонун алып эле Айсулууга чалды.

– Ким келген үйгө?

– Түшүнбөдүм.

– Кайсы эркек келген үйгө? Мен жокто. Ойношторуң балдарга оюнчук берип башташкан го, ээ?

– Сага эмне болду?

– Менин кетишимди эле күткөн экенсиң, ээ? Ойношторуңду үйгө чакырып...

– Эч кандай ойнош эмес, Тимур! Жөн эле кыйкыра бербе. Бизди эмне болсоңор ошо болгула деп туруп эле кетип калбадың беле сен. Эми эмне болду?

– Эмне болду дейт дагы. Тиги кызың экөөң кала бергиле. Байэлди экинчи көрбөйсүң. Менин уулумду сенин ойношторуң тарбиялабайт! Түшүндүңбү?

– Жинди болбо! Үйгө Айназикке жолугуу үчүн Азамат келген. Байэлге оюнчук ала келиптир. Эч кандай ойнош эмес. Аны Айназик чакырды,- Айсулуунун үнү коркунучка толо болчу. Ал заматта бир кезде Айназикти азап тартып издегенин, андан бир кабар ала албай жылдар бою санаа тартканын көз алдына элестетип коркуп кетти.

– Антпе, Тимур!- сөзүн аяктаганча Тимур телефонун коюп салды. “Жок!” деп ордунан тура калып эле эч кимге карабай чуркап жөнөдү. Байэлди алып кетсе кантет? Азаматка окшоп дайынын билдирбей кетсе кантет? Жок! Дагы бир жолу андай азапка түтпөйт. Баласынын дайынын билбей жүрүүдөн ашкан азап барбы энеге? Энеден баланы кантип айрысын?



ххх

Үйгө этек-жеңи делбектеп чуркап кирди. Кудай жалгап кетип калууга жетишпептир. Байэлди кийинтип жаткан экен.

– Алып кетем мен Байэлди.

– Кайда? Жок, Тимур! Мен кантем? Мен эмне кылам ал жок?

– Сенби? Сен ошол Азаматыңдан дагы бирди тууп аласың, уктуңбу?!

– Токтот! Бербейм мен баланы! Жогол! Чыгып кет! Сен балдарды таштап эле кетип калбадың беле. Эми бала керек болуп калдыбы сага?- Байэлди колунан жулуп алды. Балакай коркконунан чаңырып жиберип, апасынын моюнунан бекем кучактап алды.

– Алып кел,- Байэлди тартты. Бирок ал чаңырып ыйлап, апасынын моюнуна жабышты.

– Чыгып кет, Тимур!- чечкиндүү үн катты. Көзүнө тик багып кыйкырды. Тимур тайсалдай түштү. Алсыз боло түштү. Жок, бул ирет ал баягы анын артынан ыйлактап ээрчип жүргөн, анын айтканы менен болгон Айсулууну тааныбай калды. Анын алдында эне турган. Андан баланы тартып алуу мүмкүн эмес болчу. Эшикти тарс жаап чыгып кетти...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
asdef
2018-10-30 09:15:04
бутуп калыптыр
+1
MES
2018-10-30 09:16:34
Обоо аз аздан жаза баштагансынарго
+3
Albinoc.piratium
2018-10-30 09:33:11
Неваля мынча аз
+2
mirlanpiter
2018-10-30 11:04:08
Albinoc.piratium,ошоваля көп жазса болот эле
+7
Aita1995
2018-10-30 09:39:23
Мынча аз(
0
jakshynakay
2018-10-30 09:55:34
Бир жума күттүрүп ушунча аз жазыптырсыңар, көбүрөктөн жазсаңар болмок.
0
Aitun
2018-10-30 12:05:18
Ишке кечигип атсамда ушул зарыл болуп жолдо туруп окудум кичине кобуроок жазсанар
+1
Alia82
2018-10-30 12:31:13
Мазза кылып окуп атам да,менин оюмдагыдай болуп атат, Азамат бактылуу болууга татыктуу адам,чыныгы эркек, мээримдуу ата!!!
0
love.me.again
2018-10-30 12:37:59
Азкеге кунун туштубу айсулу? Эми Аны чакырып бала бактырбасан мурдуму кесип берейин
0
Gulnyr19
2018-10-30 15:41:50
Ээ мынча аз ушундай да болобу
0
originalkgz96
2018-10-30 23:13:22
Азаматка кайра тиеткенда
0
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан