«Сүйүү деген беш тамга дары болот жаштарга...» Так ушул саптарды мектеп курагында анкета толтурган окуучулар көп кездештиришкен. Анкетанын ичинде баары болор эле. Алгачкы сүйүү, достук, кызгануу, кызыгуу, айтылбаган сырлар... Сиздерди мындан ары алтын балалыкка жетелеп, жылдыздарга анкета толтуртмакчыбыз. Бул жолу тамашоучу, актёр, алпаруучу Самат Эркинбеков анкета толтуруп, окурмандарга «ностальгия» тартуулайт.
1. – Идеал туткан адамың ким?
– Жок.
2. – Жакшы көргөн китебиң?
– Тамсилдер.
3. – Хоббиң эмне?
– Шаркырап агып жаткан суунун жанына барып отурганды жакшы көрөм.
4. – Жактырган ырчың?
– Дима Билан. Убагында ага окшошом деп чач жасалгамды «каскад» кылып да жүрдүм.
5. – Кайсы тасманы жактырчу элең?
– «Онг Бак»
6. – Алгачкы сүйгөнүңдүн аты ким?
– Алгачкы жолу 5-классымда кыз сүйгөм. Нуржан деген мени менен тең кыз эле, бирок башка класста окучу.
7. – Ал тууралуу маалымат бере кетсең.
– Ал кыз Ак-Өргөөдө биздин кварталда жашачу.
8. – «Жүрүп албайлыбы» деп алгач ирет кимге кат жаздың эле?
– 5-классымда «жүрүп албайлыбы» деп биринчи жолу ошол кызга кат жазгам. Менин кол жазмам анча эмес болуп байкем жазып берген, анын кол жазмасы сулуу болчу. Катты жазып бүткөн соң байкем чуркап барып апама окутуп жатпайбы. Апам «и-ий, менин балам чоңоюп, кыздарга кат жазганга жарап калган тура» деп сүйүнсө, мен уялып бери жакта ыйлап жатам. Анан ал катты Батма деген Нуржандын көчөсүндө жашаган бир кыздан берип жибергем. Чынын айтсам, катым жоопсуз калган, уялып жообун деле сураган эмесмин.
9. – Аны менен кантип таанышкансың?
– Топ ойноп жүрүп таанышкам.
10. – Ал адам сага эмнеси менен жакчу?
– Ал кыз мага сулуулугу, назиктиги, жакшы окугандыгы менен жакчу.
11. – Класста канчанчы атаман элең?
– 7-атаман элем, анан бир баланы сабап коюп «автоматтык түрдө» 5-атаман болуп калгам.
12. – Классташтарың сага кандай «кличка» коюшкан?
– Сакиш деген «кличка» коюшкан.
13. – Кыз менен жигит дос болобу?
– Болот. Дос кыздарым көп болчу. Биздин мектепке Селекция айылынын мектеби жакын. Ал жакта орус класс бар болчу, анан да сулуу кыздары көп эле. Балдар ошол жакка көп барчубуз.
14. – Досуңдун «девушкасын» сүйүп калсаң эмне кылмаксың?
– Досума барып «Эгер сен менден катуу сүйсөң сен жүр. Менден катуу сүйө албасаң мен жүрөйүн» демекмин.
15. – Кыз талашып мушташтың беле?
– Жок.
16. – Кандай кыздарды жактырчу элең?
– Жакшы окуган, сулуу, назик кыздарды жактырчумун.
17. – Чоңойгондо ким болгуң келчү?
– Банкир.
18. – Тентексиңби же жоошсуңбу?
– Тентекмин. Бизде мектепте эркектер арасында «круг», «система» дегендер бар эле. Кичүү балдарга үстөмдүк кылып, салык салчубуз.
19. – Биринчи жолу качан өбүшкөнсүң?
– 10-класста.
20. – Кайдан, кандайча болду эле?
– Мурда Селекциянын кыздары менен бөтөлкө айландырып ойночубуз. Бөтөлкө айланып эки тарабы кайсы кыз менен баланын тушуна туруп калса ошол бала кыздын бетинен өпчү. Ошондо биринчи жолу Селекциянын бир кызын өпкөм.
21. – Кайсы сабактан берген мугалимдер жакчу эле?
– Дене тарбия.
22. – Кайсы сабактан берген мугалимдер жакчу эмес?
– Химиядан.
23. – Өзүңө эмнең жакпайт?
– Унутчаактыгым.
24. – Өзүңдү «красавчикмин» деп эсептейсиңби?
– «Красавчикмин» деп деле эсептебейм.
25. – Сага жаккан афоризм.
– Анкеталарга «Турмушта эч качан жыгылбаган адам кыйын эмес, жыгылып кайра турган адам кыйын» дегендин орусчасын жазып койчумун.
26. – Орус тилден кандайсың?
– Анча эмес. Бирок анымдан тартынчу эмесмин.
27. – Эң жакын досуң ким?
– Жакын досум тамашоучу Рүстөм (ред.: Аскенов). Мектеп учурунда Айтбек деген бала менен дос элем.
28. – Сүйүү деген сен үчүн эмне?
– Сүйүү деген – бул адамдагы сезимдердин эң бийиги. Сүйүү бул өтө керемет нерсе, сүйүүдөн балдар жаралат, сүйүүдөн жашоо уланат.
29. – Азыр сүйгөнүң барбы?
– Ооба, сүйгөнүм бар. Аты Ч....н.
30. – Ал адамга болгон сезимдериңди жаз.
– Сүйгөнүмө эң биринчи ден соолук каалайм, ыйман каалайм. Келечекте бактылуу эне, бактылуу адам болсун дейм.
«БИР КЫЗДЫН АНКЕТАСЫН ЖОГОТУП АЛЫП, АЛ КӨПКӨ ЧЕЙИН ДООЛАП ЖҮРГӨН»
Каарманыбыз анкета толтурган соң мектептеги баёо күндөрүнө көз чаптырып, айрым кызыктуу учурларды айтып берди:
– Эл катары мектепте окуп жүргөндө биз дагы анкеталарды далай толтурдук. Классташтар эле эмес, мектептен улуулар, кичүүлөр деле анкеталарды алып толтура беришчү. Ал кезде эгер сага анкета келсе, демек, сен кадыр-барктуу болуп эсептелчүсүң. «Мага анкета берди» деп балдар бири-бирибизге мактанчубуз. «Эй, сага анкета келген турбайбы, жакшылап толтур» деп кээде балдар чогулуп кеңешип, кээде элге көрсөтпөй катып алып толтурчубуз. Биринчи жолу мен жактырган кыздардын бири мага анкетасын берсе аябай толкунданганым эсимде. Анкетада эң кызык жери «Жигитиң же кызың барбы? Болсо жаз» деген суроо болчу. Сүйгөн кыздарынын баш тамгасын жазып туруп көп чекиттерди коюп коюшат, кээ бирлер «секрет» деп койсо ого бетер кызыгып калчубуз (күлүп). Кээ бирлери атын жазып кайра чийип коюшчу.
Мен жактырган кыздар анкетасын берсе шашпай, түстүү карандаш, фломастер менен боёп, сүрөт тартып жакшылап толтуруп берчүмүн. Анча жактырбаган кыздар берсе, жөн эле толтуруп, берип салчумун. Бир жолу анкета алсам ичинде мен жактырып жүргөн кыз дагы бар экен. Ал менин жазгандарымды окуп калбасын деп эжеме толтурткам.
Өзүм анкета ачам деп оолугуп, жарымына келгенде жалкоолугум кармап толук түзбөй калгам. 8-классымда 1 кыздын толуп калган анкетасын жоготуп жиберип, ал көпкө чейин доолап жүрдү. Биз анкетаны 5-класстан тарта 8-класска чейин толтурдук. Андан кийин уюлдук телефондор чыгып анкетанын доору бүттү. Балким, кимдир бирөөлөрдө биз толтурган анкеталар бардыр, сактап жүргөндүр. Азыр аларды окуган кызык болсо керек.
Самат Эркинбеков анкета толтуруу кезегин Толгонай Арзыкеева, Чолпонай, Камчы Сарыбаев, Актан Рыскелдиев жана Мыкыга (ред.: Мыктыбек Мукаев) узатты.
Асхат Субанбеков
star@super.kg