Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БАЛДАРДЫН БАШЫНА ЭМНЕГЕ СУУ ТОЛУП КЕТЕТ?

№835 2-8-ноябрь, 2018-жыл


«Баланын башына суу толуп кетсе өмүр бою баспай, сүйлөбөй же кем акыл болуп калат» дегенди баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Укканда жүрөктүн үшүн алган бул эмне оору, себептери жана айыктыруу жолдору кайсылар экендигин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Карачев айтып берет.

СТАТИСТИКА

Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө гидроцефалия менен 1 жылда орточо эсеп менен 100дөй балага операция жасалса, 200дөй бала дарыланып чыгат.

«ГИДРОЦЕФАЛИЯ – ЖҮЛҮН СУЮКТУГУНУН БАШТА АШЫКЧА ТОПТОЛУУСУ»

– Гидроцефалия – бул 2 сөздөн турган байыркы грек сөзү (гидро – суу, цефалия – баш). Башкача айтканда, башка суу толуу. Бирок медицина боюнча тактай келсек, дарт башта суу эмес, жүлүн суюктугу – ликвордун ашыкча топтолуп калуусунан жаралат.

Мээде 4 карынча бар жана ликворду ошолор иштеп чыгарат. Ликвор суюктугунун милдети төмөнкүчө:

Нерв ткандарын жаракаттардан сактоо. Мисалы, кулаганда ткандарды жанчылып калуудан сактайт.

Мээге керектүү заттарды жеткирүү (курамында витаминдер, амин кычкылдары, калий, кальций жана башкалар бар).

Мээдеги зыяндуу заттарды сыртка чыгаруу.

Баш сөөк алдындагы басымды туруктуу кармап туруу.

Кичине балдарда ликвордун өлчөмү 50 миллиграммдай болсо, чоңдордо 140-250 миллиграммды түзөт. Ликвор тынымсыз иштелип чыгат, өз нугунда айланат, убагы келгенде организм тарабынан сорулат жана кайра жаңырып турат. Эмчектеги балдарда ал бир күндө болжол менен 6-8 жолкуга дейре жаңырса , чоңдордо 3-4 ирет жаңырат (жалпы көлөмү 560-750 миллилитрдей). Кайсы бир себептерден улам ликвор керектүү өлчөмдөн көп иштелип чыкса же анын сорулуу процесси начарласа, анда мээде ашыкча суюктук топтолуп, гидроцефалия дарты жаралат. Аталган суюктук баштан тышкары жүлүндө да болот.

Эми биз маалыматты балдардын гидроцефалиясы тууралуу улантабыз. Бизге бул дарт менен кийинки жылдары көп кайрылып жатышат, өзгөчө түштүк аймактан. Ата-энесинин кайдыгерлигиненби же медициналык түшүнүктүн аздыгынанбы, же аймактагы дарыгерлер туура эмес диагноз коюп дарылай бергенденби, айтор, кеч алып келгендер бар. Башына 3 литрдей суу толуп кеткен баласын көтөрүп келип "доктор, бир нерсе кыла көр" деп ыйлактагандар кездешет. Аларга "Биз, врачтар сыйкырчы эмеспиз, колдон келген нерсенин баарын жасайбыз. Калганын убакыт жана дарылоонун жыйынтыгы көрсөтөт" дейбиз. Аталган оорунун жеңил түрүн дарылап айыктырууга мүмкүн болсо, оор түрүндө операция жасоо жана операциядан кийин ар 6 ай сайын дарылатып туруу керектелет. Дарты өтүшүп дарылоого кеч алынып келинген бала өмүр бою майып болуп калуусу толук мүмкүн.

Гидроцефалиянын курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү бар. Бул оору боюнча балдардын 95 пайызы тубаса, калган 5 пайызы кийин пайда болгон түрүнөн жабыркашат.

Дарттын коркунучу эмнеде? Суюктуктун кысышынан улам мээ калыптагыдай өспөй жана иштей албай, баланын акыл-эси өзү теңдүүлөрдөн артта кала баштайт. Башкача айтканда, ойлоо, кабыл алуу, эс-тутуму, ошондой эле колу-бутунун булчуңдарынын иштөөсү начарлай берет. Айрымдары өмүр бою баспай, сүйлөбөй же кем акыл болуп, же эрте каза болуп калат. Суу көп болуп кетсе мээ сууга эзилип да кетет. Андыктан балага гидроцефалия диагнозу коюлса, кечиктирбей дарылатып, ооруну өтүштүрбөй токтотуп калуу керек. Эгер диагноз туура эмес коюлганынан шекшисеңиз, анда жолдомо алып, диагностикалык борборлордон текшерүүдөн өткөрүүңүз кажет.

Гидроцефалия менен ооруган бала башка кайсы дартка чалдыкса да абалы оорлойт. Айрыкча сасык тумоого кабылса башындагы суу жакшы сорулбай өтө кыйналат. Кызыгы, оору баланын организминин өзгөчөлүгүнө да жараша болорун байкап жүрөбүз. Мисалы, бир баланын башында 1 литр суу болсо да сүйлөп, кадимкидей тамак жеп жүрө берсе, башында 300 миллилитр ашыкча суусу бар бала сүйлөбөй калуусу мүмкүн.

Бала тубаса оору менен төрөлүп калбоосу үчүн аял кош бойлуу боло электен мурда жаман адаттарын таштап, оорулары бар болсо дарылануусу зарыл. Кош бойлуу кезде фолий кычкылын кабыл алып, гинекологдун каттоосуна туруп, убак-убагы менен текшерилүүсү кажет.

ДАРТТЫН СЕБЕПКЕРЛЕРИ ЭМНЕЛЕР?

Тубаса түрүнө себепкерлер:

  • Аял кош бойлуу кезинде жыныстык жактан жугуучу (сифилис, гонорея, токсоплазмоз жана башка) ооруларга, бактериялык жана вирустук жугуштуу ооруларга (сасык тумоо, кызамык жана башка) чалдыгышы, тамеки тартуусу, ичкилик ичүүсү, баңгизат колдонушу;
  • Гендик мутация.

Кийин пайда болгон түрүнө себепкерлер:

  • Бактериалдык менингит;
  • Мээнин жаракатка кабылышы (жыгылуу, кулап түшүү, таяк жеш);
  • Энцефалит;
  • Мээдеги шишик, ичине суюктук толгон ыйлаакчанын (киста) чоңоюп кетиши.Аталгандар ликвор агып чыгуучу жолду бүтөп калат;
  • Бала төрөлүп жатканда тумчугуп (гипоксия) же мээсинин кысылып калуусу;
  • Мээге кан куюлуу;

ДАРТКА ТААНДЫК БЕЛГИЛЕР

  • Ыйлоо, баштын оорусу, көңүл айлануу, кусуу (суу мээни кысып, баш сөөк алдындагы басымды көтөргөндөн улам);
  • Баштын чоңоюшу (кичине балдардын баш сөөгү чоңдордукуна салыштырмалуу жумшак болгондуктан суу толсо баш чоңоюп кетет);
  • Баш сөөктөрдүн бириккен жери ажырап, баш теринин жукарып, кан тамырлардын көрүнүп калышы;
  • Талманын жаралышы жана кармашы;
  • Көрүүнүн жана угуунун төмөндөшү;
  • Тең салмакты сактай албай теңселүү;
  • Өзү теңдүүлөргө караганда эмгектеп жылуусу, басышы, сүйлөөсү кеч;
  • Сүйлөбөй же баспай калуу.

ДИАГНОЗ КОЮУ

  • Эхоэнцефалография
  • Мээнин УЗИси
  • Офтальмоскопия
  • Магниттик-резонанстык томография
  • Жүлүн суюктугун текшерүү (пункция)

ДАРЫЛООНУН 2 ТҮРҮ БАР

Операциялык ыкма

  • Шунт коюу: Баш сөөк чоңураак тешилип, ашыкча ликвор агып жана организм тарабынан сорулуп, заара менен чыгып турушу үчүн шунт (атайын түтүкчө) коюлат.
  • Эндоскопиялык ыкма: Баш сөөк кичине гана тешилип, ал жерге эндоскоп аппараты киргизилип, ликвордун ашыкчасы агып турушу үчүн жол жасалат.

Консервативдик ыкма

  • Антибиотик, витамин, заара кубалоочу, мээнин кан менен жабдылышын жакшыртуучу каражаттар, физиологиялык дарылоо, массаж жана башка.

ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН БАЛАГА КАМКОРДУК

Дарты күчөп жана шунт жылып же чыгып кетпеши үчүн баланы:

  • Чуркатпоо, секиртпөө, жыгылтпоо, урбоо;
  • Велосипед тептирбөө;
  • Спорт ийримдерине бербөө;
  • Убак-убагы менен дарылатуу;
  • Диета карматуу керек.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
06.11.2018. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
30-11-2014
Соӊку аракети:
08-11-2018 03:50
Жынысы:
Белгисиз
+24
Аллахым озу сактасын .ооругандарга шыпаасын берсин .омиинь
06.11.2018. 10:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
26-10-2018
Соӊку аракети:
07-11-2018 23:33
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ооруунун туру кобоюп эле, кундон -кунго журок ушун ала баштады го.Эч бир наристе ооруубасынчы.
06.11.2018. 15:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 00:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
+5
Ооругандарга шыпаа берсин Аллах. Алты саны аман айдай чырайлуу бала берсин Алла!
07.11.2018. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-07-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 20:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Богок оорусу боюнча да маалымат жазгылачы супер инфо
07.11.2018. 14:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7573
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 17:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Anarik87, саламатсызбы! Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирдик.
07.11.2018. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 16:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Врач менен кантип байланышсам болот?Супер-инфо жардам бере аласыздарбы?
09.11.2018. 08:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 12:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сактасын. Ар бир бала дени сак төрөлүп өссүн
09.11.2018. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
21-03-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 01:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Желтуха болгондо да прививка албагыла, башка суу толушу толук мумкун экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: