ЖОЛАМАН ТАРЫХТЫ ЖАҢЫЛАДЫ!

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде Жоламан Шаршенбеков көпчүлүктү таң калтырды. 19 жаштагы кыргыз балбаны финалга дейре жетип, кыргыз күрөшүнүн тарыхын жаңылады.

Аты-жөнү –
Шаршенбеков Жоламан Назарбекович

Туулган жылы – 1999-жыл, 29-сентябрь

Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Бала-Саруу айылы

Билими – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти

Жетишкендиктери – Кадеттер арасында Азия чемпиону (2015-жыл), коло байге ээси (2016-жыл), Дүйнө биринчилигинде коло медаль (2016-жыл), жаштар арасында Азия чемпиондугунда 2-орун (2017-жыл), Дүйнө биринчилигинде 2-орун (2017-жыл), Азия чемпиондугунда күмүш медаль ээси (2018-жыл), Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль (2018-жыл)

Машыктыруучусу – Хаким Махмудов

– Жоламан, куттуктайм! Дүйнө чемпиондугунда финалга чейин жеткен балбан 12 жылдан кийин гана кайталанды. Чындыгында сеники мыкты көрсөткүч.

– Чоң рахмат! Өзүм дагы абдан кубанып турам. Сезимдеримди сөз менен айтып бере албайм, аны сезген гана адам түшүнөт деп ойлойм.

– Өзүң чемпиондук алдында канчанчы орунду мээледиң эле?

– Бул мелдеште биринчи орун алып, алтын медаль менен кыргыз элин сүйүнтөм деген максаттарды койгом. Тилекке каршы, ишке ашпай калды. Бул дагы буйрук экен. Экинчи орун алып калдым, мен буга ыраазымын. Утулуп калдым деп өкүнбөйм, тескерисинче, кийинки мелдештерге катуу даярданып барганга түрткү болот.

– Финалга чейинки беттештерде бардык атаандаштарыңа бир дагы упай берген жоксуң...

– Килемге чыккандан кийин жеңүү керек деген тапшырма болот. Беттеш кандай өңүттө жүрөрү килем үстүндө гана билинет.

– Кайсы беттеш сага оорчулук жаратты?

– Жарым финалда түрк балбаны менен болгон беттеш. Экрем Озтурк студенттер арасында ушул жылы Дүйнө чемпиондугун багынткан. Аны 9:0 менен жеңдим. Албетте, финалдык беттештеги азербайжандык Элданиз Азизли менен болгон күрөш оңойго турган жок.

– Финалдык беттеште эмне болуп кетти?

– Тажрыйба жетишпей калды деп ойлойм. Ошондой эле өзүмдүн катачылыктарымдын үстүнөн көп иштеш керек болуп жатат. Дагы көп эмгектениш керек.

– Учурда жаш спортчулар мыкты көрсөткүч көргөзүп жатышат, көз тийбесин. Акжол Махмудов, Урмат Аматов жана башкалар. Атаандаштык күч болуп жаткандыктан жыйынтык болуудабы, кандай ойлойсуң?

– Жаштардын арасына Эрбол Бакировду да кошом. Ал дагы жакында эле Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Баарыбыз доспуз. Мен алар менен атаандашпайм. Алардын ийгиликтерин көрүп мен дагы кубанам. Алар утушса мен дагы утушум керек деп жеңишке умтулам. Мен да утсам болот экен деген үмүттөр жаралат.

– Ийгилик үчүн кимге ыраазычылык билдиресиң?

– Биринчиден, ата-энеме чоң ыраазычылык билдирем. Спорт менен машыгуума мүмкүнчүлүк түзүп берип, ар дайым колдоп турушканына ыраазымын. Ошондой эле машыктыруучу агайым Хаким Махмудовго терең ыраазымын. Дээрлик 10 жылдан бери мени Раатбек Санатбаев атындагы спорт залда тарбиялап келет. Менин атамдай эле болуп калды. Улуттук курама команданын машыктыруучусу Азат Эркимбаевди да бул ийгиликке себепчи деп айтам. Жардам берди. Ошондой эле улуттук курама команданын балбандарынан үлгү алып, өсүп жатам.

– Канат Бегалиевден кийинки эле Дүйнө биринчилигинде финалга чыга алган сен болдуң. Бул ийгилик менен кошо эми сага жоопкерчилик артылды. Атаандаштарың сен кайсы мелдешке чыкпа фаворит катары санашса, күйөрмандар сенден медалдарды күтүшөт. Ушундайга өзүң даярсыңбы?

– Ооба, аэропорттон кыргыз эли тосуп алгандан кийин эле дароо сезилет экен. Өзүмдү эл арасында жөнөкөй алып жүргөнгө аракет кылам. Ошондой эле өсүп келе жаткан жаш балбандарга үлгү болгонго аракет жасайм.

– Өзүң жөнүндө айта кетсең, кайсы жактын кулуну болосуң?

– Өзүм Таластан болом. Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында төрөлгөм. Төрт бир тууганмын. Байкем жана эки карындашым бар. Атам Назарбек Рысалиев өзүнүн иши менен алектенет. Апам Гүлнара Жуманалиева Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 3-курсунун студентимин.

– Сага ийгилик!

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Arsenal93.
2018-11-06 12:21:05
Жоломан азаматсын.Сенин келечегин кен буйруса олимпиададан алтын кутобуз сенден.
+8
Alia82
2018-11-06 16:16:53
Азамат, ийгилик!!!
+1
Haanykeeim
2018-11-07 12:55:38
Сонун интервью бериптир,азамат ийгилик.
+1
bek_tash
2018-11-08 11:05:15
Красапчик! Таластыктай эмес го ? :)
+1
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан