ЖАКЫНДА ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ АКТАЛАБЫ?

ТЕКЕБАЕВ, ЧОТОНОВДУН ИШИНДЕ ЖАҢЫ ЖАГДАЙ ЖАРАТУУЧУ МЫЙЗАМДАР ИШКЕ КИРЕТ

Учурда абакта жаткан башкы «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова 2019-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Укуктук-соттук системин реформалоого багытталган үч кодекс жана бир мыйзам күчүнө киргени жатканын, ошол мыйзамдар Текебаев менен Чотоновдун ишинде жаңы жагдайларды пайда кыларын айтып, массалык маалымат каражаттарына маалымат берүүдө. Ал мыйзамдар күчүнө кирсе, Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралышы керектигин юристтер дагы белгилешүүдө. Токтакунованын айтымында, ошол мыйзамдардын күчүнө кириши жана колдонуу тартибин аныктаган мыйзамдын 7-статьясынын 4-пунктунда «Эгерде жаңы кодекстеги санкциялар эски кодекстин санкцияларынан жеңил болсо, эски кодекс менен соттолгон адамдардын иши кайра каралыш керек» деп жазылган. Мындан башка «Конституцияда кабыл алынган мыйзамдарда эгер кабыл алынган мыйзамдар адамдарга жаңы жоопкерчилик жаратып же алардын жазасын күчөткөн болсо, ал күчүнө кирген күндөн кийинкилерге гана пайдаланылат. А эгер жаңы кабыл алынган мыйзам адамдардын жоопкерчилигин азайтып же аларды жазыктан бошото турган болсо, ал мурункуларга да пайдаланылат»,- деген норма бар. Мына ушулардын негизинде Текебаев менен Чотоновдун иши сөзсүз түрдө кайра каралат», - дейт ал.

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВГО КАНДАЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР БОЛУШУ МҮМКҮН?

Мурун коррупция статьясы боюнча жаза санкция 8 жылдан 20 жылга чейин болсо, жаңы мыйзамда 10 жылдан 15 жылга чейин болуп, дээрлик эки эсе жеңилдик берилген. Демек, жаңы жылдан баштап «коррупция кылмышы» деп 10 жылдан 15 жылга чейин жаза чектелген кылмышты түшүнүп калабыз. Баарыбызга белгилүү, Текебаев менен Чотонов 8 жылга кесилишкен. Эгер алар мурун «өтө оор кылмыш кылды» деп айыпталышкан болсо, эми алардын кылмышы өзгөрүп, оор кылмыштын катарына кирип калат. Мындан улам сот дагы бул жагдайды карап чыгып, статьяны алмаштырыш керек экендигин айтат адвокат Токтакунова: «Ошондой эле экинчи жагдай дагы жаңы ишке кирчү мыйзамдарда каралган. Ал конфискация маселеси. «Сот менин коргоомдогу Текебаевдин, Чотоновдун «мүлктөрү конфискациялансын» деп чечим чыгарган. Текебаевдин 1990-жылдардын башында жаш мугалим катары айылда колхоз бөлүп берген 6 сотых жери, 2004-жылы өзү сатып алган 1994-жылы чыккан Волга маркасындагы автомашинасы бар экен. Сот аткаруучулар ошол жерди жана автоунаасын конфискациялайбыз деп турушат. Бул мүлктөрдүн айтылып жаткан кылмышка эч тиешеси жок экени көрүнүп турат. Демек, Текебаев менен Чотоновдун ишинде бул дагы жаңы жагдай болуп эсептелинет.

ТЕКЕБАЕВДИН СОТУН КУУДУЛ ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ ЭЛГЕ КАНТИП ЖЕТКИРДИ?

Текебаев менен Чотоновдун аларды айыптаган кылмышка эч тиешеси жоктугун алар да, адвокаттары да башынан бери эле айтып келишет. «Аларга коюлуп жаткан кылмыш жаратылышта болбогондугун биз акыры далилдейбиз, чындыкка жетебиз» дешет алар.

Текебаевдин соту, ага козголгон жасалма кылмыш ишин куудулдар дагы көтөрүп чыгышты. Интермедияда Тынарды соттоп жатышат. Тынарга “Бишкектеги Спорт сарайын сага сатам деп бирөөдөн акча алган” деп күнөө коюлуп жатат. Тынар соттон «мен өзүм Жалал-Абадда жашап, ошол жакта жүрсөм. Бир топ жылдан бери Спорт сарайына концерт койгонго зар болуп, келе албай жүрсөм, мен кантип Спорт сарайды сатат элем?» деп суроо берип жатат. Судья болсо «ошо келем деп жүргөнүң үчүн соттолосуң» деп айтып жатат. Тынар Курбаналиев биздин окумуштуу сөрөйлөр, судья, прокурорлор түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбеген нерсени жөнөкөй сөз менен элге түшүндүрүп берип койду. Текебаевдин ыйгарым укугу – Конституциянын текстин даярдап, референдумга алып чыгуу эле болгон. Ал эми мамлекеттик мүлк, приватизация маселесин ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев тескеген, ошол чечкен. Текебаев Тынардай эле "Мегакомду" сата алмак эмес,- дейт Т.Токтакунова.

ТЕКЕБАЕВДИ КАМАШ ҮЧҮН «КОРРУПЦИЯ» БОЮНЧА ИШ КОЗГОШ КЕРЕК БОЛГОН

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаты эле. Депутатты камаш үчүн Жогорку Кеңештен уруксат сураш керек. Өтө оор кылмыштарда гана уруксат суралбайт. Ошондуктан Текебаевди камоонун жалгыз жолу – ага карата «өтө оор кылмыш кылды» деген айып тагып, коррупция статьясы менен иш козгоп камаш гана болгон. Баарынан маанилүү бир жагдайды айтып коюу керек. Соттун өкүмүндө «Текебаев да, Чотонов да мамлекетке же башка адамдарга да бир тыйын зыян келтирген жок» деп аныкталды. Ушул жерде суроо туулат. Анда эмне үчүн сот аларды камады? Токтакунованын белгилешинче, соттун чечиминде «Текебаев менен Чотонов өз аракеттери менен Кыргызстандын мыйзамдарынын авторитетин кетирди» деп айыптаган. Таң калычтуусу, "уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" болуп, мыйзамды кой, Конституцияны көз көрүнөө бузган президент, өкмөт эмес, дал ошол мыйзамдарды коргоп жүргөн, «Конституциянын атасы» делген Өмүрбек Текебаев «мыйзамдын авторитетин кетирип койду» деп камалганында жатат кептин баары.

СОТ КАЙРА КАРАСА, ТЕКЕБАЕВ АКТАЛАБЫ?

Жаңы жылдан тартып күчүнө кирчү мыйзамдардын негизинде Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары ишти сот кайра караса, сөзсүз утуп чыгарына ишенишерин жашырышпайт. «Сооронбай Жээнбеков эл алдында «сот системин реформалайм» деп убада берди. Реформа эл билген, эл назар салган иштерди кайра кароодон жана ошол иштерде күнөөсү бар тергөөчү, сотторду жазалоодон башталат. Элдин назарындагы ишти адилеттүү чече албаса, анда реформага эч ким ишенбейт. Ошондуктан сот ишти кайра караса, сөзсүз утарыбызга ишенебиз. Анткени Башкы прокуратура айткан кылмыш окуясы болбогондугун, Текебаев менен Чотонов ал кылмышка тиешеси жок экенин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, депутаттар, партия жетекчилери жана башка авторитеттүү коомдук-саясий ишмерлер болуп, 50гө жакын күбө көрсөтмө беришти. Ал убакта Атамбаев бийликте отургандыктан, көп кызмат адамдары коркуп, күбө болушкан эмес. Азыр Атамбаев жок. Дагы 50гө жакын күбө көрсөтмө бергенге даяр. Андан башка 60тан ашык документ Маевский менен Башкы прокуратуранын дооматтарынын жалган экенин далилдеп турушат. Ушундай далилдер өтпөй, кайра-кайра көрсөтмөсүн өзгөртүп, жалган айткан Маевскийдин сөзү сөз болуп кете береби? Сот адилет болсо, андай болбойт»,- деди Токтакунова.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан