"КУМТӨРДҮ" САТЫП АЛМАКЧЫ БОЛГОН КОМПАНИЯ
Тоо кен тармагы – Кыргыз Республикасынын экономикасынын тирөөчү, ошондуктан ага байланыштуу нерселердин баары кулак жаздымда. Ал тургай бул тармактагы акыркы окуялар, негизги кен чыккан жерлердин ишмердиги менен аларды иштеткен компаниялар жөнүндө карапайым эл да кабардар. Ошентсе да “Чаарат Голд” компаниясы жана ага караштуу “Чаарат Заав” ишканасы тууралуу көп деле адам уккан эмес. Акыркы бир нече жылда бул компанияга байланыштуу жаңылыктардын бири гана өзүнө ЖМКнын көңүлүн бурдурган. 2012-жылдын октябрь айында ошол убактагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Чаарат Заавды” жабууну талап кылган. Себеби Жалал-Абад облусундагы Чанач аянтын иштетүүдө техникалык эреже бузуулар аныкталган. Жыйынтыгында компания 153 миң сом гана айып пул төлөө менен кутулуп кеткен.
Абал 2018-жылдын жаз айларында өзгөрдү. 24-апрелде “Чаарат Голд” канадалык “Centerra Gold Inc.” компаниясынан “Кумтөр” алтын кенин сатып алууну сунуштаганы белгилүү болду. Дал ушул билдирүүдөн кийин гана коомчулукта бул эмне болгон компания, анын артында ким турат, кимдин кызыкчылыгын коргоп жатат деген суроолор пайда болду.
“Чаарат Голддун” билдирүүсүнө “Centerra” көп күттүрбөй расмий жооп кайтарды. Канадалык инвестор бул сунушту рыноктогу кызыл кулактык деп атап, ага дээрлик кызыкдар эместигин билдирди. Мындан сырткары компания Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен жолугушууда жогорку мансаптагы кызмат адамдар Кыргызстан да андай сунушка кызыкдар эместигин айтканын билдирди. Андан бери жарым жыл өтүп кетсе да “Чаарат” дагы деле өз сунушун айтууну улантып келет.
КОМПАНИЯ ОФФШОРДО КАТТАЛГАН
Алгач бул эмне болгон компания жана эмнеге ээлик кыларын талдасак. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, “Чаарат Заав” ЖАКсына Кыргызстанда кен иштетүү укугу боюнча 3 лицензия берилген: бирөө чалгындоо иштерине, экөөсү иштетүүгө. Ошондой эле бул компания Кум-Бел-Таш кенин жана Чаткал районундагы Түлкүбаш участкасын иштетүүчү инвестор. Ушуну менен бирге компания Кыргызстанда 10 жылдан ашуун иштеп келаткан убакытта геочалгындоодо башка иш жүргүзгөн эмес. Албетте, геочалгындоо тез бүтө койчу иш эмес, бирок ага да 10 жыл өтө узактай сезилет.
«Чаарат Голддун» акциялары кичинекей жана белгилүү эмес компаниялардын акциялары жүгүртүлгөн биржа катары белгилүү Лондон фондулук биржасынын алдындагы AIM аянтчасында айланууда. Компаниянын өзү оффшордук аймак болгон Британиянын Виргин аралдарында катталган (катталган номери 1420336, бул маалымат компаниянын сайтында турат). Оффшорлор – бул салыктык жеңилдиктерди түзүп берген өлкөлөр. Ошондой эле оффшорлордун жардамы аркылуу сатып алуу-сатууда төлөнүүчү салыктан качышат, бизнестин чыныгы ээсин жашырышат, ал тургай капиталдын шектүү издерин чаташтырышат.
118 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА БААЛАНГАН КОМПАНИЯ 800 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ КАЙДАН ТАБАТ?
Эми эмне үчүн «Чаарат Голдду» кызыл кулак деп аташарын түшүнүүгө аракет кылалы. Алгач акыркы жарым жылда ЖМКларда бир нече жолу компания өкүлдөрүнүн “Кумтөрдү” сатып алууга кудурети жетери тууралуу билдирүү таратканын эске салалы.
Фирманын директорлор кеңешинин мүчөсү Артём Волынец “Азаттыкка” интервью берип жатып, “бул транзакцияга керектүү каражат бизде жетиштүү. Биз Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдүн аймагында да долбоорлор менен алектенебиз. Биздин стратегияны колдой турган глобалдуу финансылык институттар бар” деген.
Бирок «Чаарат Голддун» базардагы баасы болгону 89,75 миллион фунтту (орточо 118 миллион АКШ доллары) түзөт. Салыштырсак, ошол эле канадалык “Центерранын” ушул көрсөткүчү 2,2 миллиард доллардай. «Чаарат Голд» чакан компания, баасы да кичине, өзүнүн акчасы да аз. Каражатынын жетишсиздигин дагы бир мисал далилдейт: “Chaarat Gold” өткөн жылы “Чаараттын” бир бөлүгү болгон Түлкүбаш долбоорунун банктык технико-экономикалык негиздемесин бүтүрүү үчүн акциялардын кошумча эмиссиясын сатуунун эсебинен 5 миллион доллар тарта алган. Мындайча айтканда, “Чаараттын” 5 миллион да доллары болгон эмес, бирок “Кумтөр” үчүн 800 миллион доллар сунуштап жатышат.
Ошого карабастан “Чаарат” “Центеррага” тиешелүү кенди сатып алуу боюнча маселе дагы деле ачык турганын, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып келет. Бирок “Центерра” да, өкмөт да мындай келишимге кызыкдар эмес, бул так кесе айтылган. Ушул жерден “эмне үчүн сунушка эч ким макул болбосо, ал тургай сүйлөшүүлөр жүрбөсө деле сунуш тууралуу айтууну уланта берүү керек?” деген суроо жаралат.
АКЦИЯЛАРЫНЫН БААСЫ ӨСҮҮДӨ
Бир фактты эске салсак. “Кумтөрдү” сатып алуу ниетин билдиргенден кийин компания өз акциялары менен соода кылууну токтоткон. Бул Лондон биржасынын эрежелерине туура келет, биржанын сайтында 4-майдан берки релизинде да бул айтылган. Анда жутуп алууда (мындайча айтканда, ири активге ээ болууда) акция менен соода кылуу токтотулушу зарыл деп жазылган жана ал келишим ишке ашып бүткүчө же “Чаарат” “Кумтөр” кенин сатып алуу ниетинен кайткыча кайрадан улантылбайт.
Канткен күндө да соода токтогуча “Чаарат Голддун” акциялары 8,5 пайызга көтөрүлүп кеткенге үлгүргөн. Ошентип акциялардын баасы өзүнүн тарыхый максимумуна жетип, азыр да ошол баа кармалып турат. Мунун эмне кереги бар? Бул компанияга убакыт жана өзүнчө бир имидж берет. Компания “Кумтөрдү” сатып алуу тууралуу сунушун бир тараптуу айтканын улантып жаткан убакта соода жүрбөйт, ошондуктан баасы түшүп кетүүдөн корголгон. Акцияларынын, компаниянын баасы арзандап кетүүдөн да корголгон. Бул өзүнүн каржылык абалын жакшыртуу үчүн коркпой инвесторлорду издөөгө мүмкүнчүлүк берет.
БАШКЫ МАКСАТЫ – ИНВЕСТОР ТАБУУ
«Чаарат» үчүн инвесторлорду тартуу өнүгүү үчүн жападан жалгыз жол – жаңы кен чыккан жерлерди сатып алууга компаниянын өзүнүн каражаты жок. Байкалып тургандай, компаниянын каражаты учурдагы долбоорлорун колдоого да дайыма эле жете бербейт, аны долбоордун технико-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга накталай акча бере турган кошумча акцияларын чыгаруусу менен 10 жыл созулган геочалгындоо айтып турат.
Ал эми акча тартуу үчүн инвесторлорду туруктуулук жана өсүүнүн потенциалы бар экенине ишендирүү керек. «Чаарат Голд» өз сайтында инвесторлор үчүн презентацияларды үзгүлтүксүз жарыялап турат. Анда эмнени көрүүгө болот? “Кумтөр” боюнча келишим алдыга жылууда”. Инвесторлор мына ушуну көрүп жатат. Компаниянын Борбордук Азиядагы эң ири алтын кенин сатып алуу перспективасы өтө олуттуу көрүнөт. Бирок “Кумтөрдү” сатып алуу боюнча келишим түшө электе эле аны кабыл албай койгону тууралуу инвесторлорго кабарлап коюуну унутуп калышкан. Мүмкүн, жөн эле унутуп калышкандыр...
КОМПАНИЯ СУНУШТАГАН ШАРТТАР КАНДАЙ?
Эми “Чаарат” сунуштаган шарттар тууралуу да учкай айта кетсек. Компаниянын сунушу – “Центеррадан” “Кумтөрдү” сатып алып, Кыргызстанга пайданын 50 пайызы тие турганга кепил болуучу артыкчылыктуу акцияларга ээлик берген жаңы компания түзүү. Компания бул сунушту пайдалуу деп айтып жатат. Бирок артыкчылыктуу акциялар өз кожоюндарын четке сүрүп чыгарат, мындайча айтканда, Кыргызстан компанияны башкаруудан четтетилет. “Чаарат Голддун” акционерлери арасында да, директорлор кеңешинин арасында да кыргызстандыктар жок. Чынында, башкарууга катышууга укугу жок кылып “Кумтөрдү” кичинекей оффшордук компанияга берип коюу – аябай эле кызыктыруучу сунуш эмеспи?
Ибрагим Жусуев