Бул ирет “Тагдыр” рубрикасынын каарманына Бишкектеги Жал кичи районунда жайгашкан балдар ооруканасынан жолуктук. Мектебин, классташтарын эстегенде көздөрү жайнап сүйүнүп, оорусу тууралуу кеп болгондо олуттуу тартып, аң-сезими коркунуч сезгендей ыйлап жиберген Аделина 14 гана жашта. Жаркын келечекти, врач болууну кыялданган секелек кызга врачтар альвеококкоз диагнозун коюшкан.
“5 ЖЫЛ ТИЛЕНИП ЖҮРҮП ТАПКАН КЫЗЫБЫЗ ООРУП КАЛДЫ”
“Кыргызстандагы врачтар дартка даба таба алышкан жок, бар үмүт Индиядагы врачтарда калды. Элден кызыбызды аман алып калууга жардам сурайбыз” деген Аделинанын апасы Жазгүл Асыранкулова үй-бүлөсүнүн башына түшкөн кыйынчылык тууралуу буларга токтолду.
– Үй-бүлөбүз менен Талас облусунун Талас районундагы Ак-Жар айылында жашайбыз. Көпчүлүк сыяктуу эле талаа иштери, дыйканчылык менен алектенип балдарыбызды багып келе жатабыз. Жолдошум экөөбүз турмуш кургандан кийин 5 жыл балалуу боло албай жүрдүк. Кудайдан тиленип жүрүп 2004-жылы тун кызыбыз Аделина төрөлдү. 5 жыл тиленип жүрүп тапкан кызыбыз эми минтип ооруп калбадыбы. Ал эми Аделинанын аркасынан төрөлгөн балам азыр 3-класста окуп жатат. Кадимки жаш үй-бүлө катары күн кечирип жатканда минтип Кудайдын оор сыноосуна кабылдык.
Аделина кичинесинен тың болду, мектепке барганда да жүрүм-туруму менен мактоого алына баштаган. Ата-энелер чогулушунда мугалимдер кызымды мактап жатышса сыймыктанып, толкунданат элем. Азыр ойлоп кетем, кызыма жаман көз, жаман сөз тийип калдыбы деп. “КЫЗЫМДЫН ДЕНЕСИНИН КЫЧЫШКАНЫ БАСЫЛБАЙ, САРГАРЫП, АРЫКТАП КЕТТИ”
– Кызым 6-класста окуп жүргөндө шалдырап, алы жок болуп жатканынан аймактык ооруканага алып барсам, “каны аз” дешти. Ошентип гемоглобин көтөрүүчү дары-дармектерди берип жүрдүм. Мурда-кийин мындай оор дарт менен кез келбегендиктен эч нерседен кооптонгон жокпуз. 7-класска киргенде, тагыраагы, былтыр октябрдан баштап денеси кычыша бергенинен врачка алпарып, аллергияга каршы дары бере баштадык. Бирок кычышканы басылбай, эки айдан кийин денесинин баары саргарып, арыктап кетти. Анализдери сарык деп чыккандыктан, Талас шаарындагы облустук ооруканада 2 ай жатып дарыландык. Бирок абалы жакшырбагандыктан томографияга түшкөндө гана “боору курттап кеткен” (альвеококкоз – боордун мите курт оорусу) деп, бул дарт мал-жандыктардан жугарын айтышты.
“БООРУН ТОЛУГУ МЕНЕН АЛМАШТЫРЫШ КЕРЕК ДЕШТИ”
– Кызыбызды дароо Бишкекке алып жөнөдүк. Келгенде врачтар оору өөрчүшүп кеткенин, бул жактан даба болбосун айтып, “Индияга барганга аракет кылгыла” дешкен эле. Чет жакка чыкканга шарт кайдан? Кызыбыздын ооруганына алгач туугандарыбыз деле маани беришкен эмес. Жолдошум экөөбүз аракет кылып дары-дармегин алып берип жүрдүк. Качан альвеококкоз дарты аныкталганда үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келип, батирге чыктык. Анткени Аделинаны бат-баттан ооруканага алып келип туруш керек болду. Ошондон баштап бир туугандарыбыз колдон келген жардамын берип келе жатышат. Бирок Индияда жасалчу операцияга 35-40 миң доллар керек экен.
“Альвеококкоз боордун оң же сол жагында жайгашса өзүбүз эле операция жасап алып салмакпыз. Мында боордун кан тамырлар жыш жайгашкан жеринде болгондуктан, кистаны толугу менен алып салууга мүмкүн эмес. Боорду толугу менен алмаштырыш керек” дешти. Донор өзүбүз эле болмокпуз, каражат жагын чечүү зарыл.
“БООРУНА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙБЫЗ ДЕП АЧЫП, МҮМКҮНЧҮЛҮК ЖОК ДЕП ЖААП КОЮШТУ”
– Ушул жылдын февраль айында кызыбызды Бишкекке алып келгенибизде жаман заттар сыртка чыгып турушу үчүн бооруна катетер коюлган. Ошондон кийин гана сарысы тарап, өңүнө келип калды. Биз врачтарга колубузда жок экенин айтып, бул жерден эле болгон аракетти кылып бергиле деп өтүндүк. Алар да биздин үмүтүбүздү кыя алышкан жок окшойт, Улуттук госпиталдан профессор Бахадыр Бебезов келип, 25-октябрда операция жасашты. “Балким, ачып көрсөк жардам бере алаттырбыз” деп. Бирок ачып эле “мүмкүнчүлүк жок” деп кайра жаап коюшту. Эми “ачылгандан кийин эртелетип операция жасатпасаңар болбойт” деп жатышат.
“БИЗ МҮҢКҮРӨП КАЛСАК БАЛДАРЫБЫЗ КАНТЕТ ДЕП ЧЫЙРАЛАМ”
– Аделина алгач ооруп баштаганда, диагнозун биле электе мектепке акырындан барып келчү. Оорусу күчөп кетип, былтыр декабрь айынан бери барбай калды. Алгач оорусун билбеген мугалимдер бизди урушуп жүрүштү “эмнеге жакшы окуган кызды окуудан калтырып жатасыңар?” деп. Азыр баары билип калышты. Бизге мектептин деле кереги жок, башкысы, ден соолугун берсе экен.
Алгач оорусун укканда өзүмдү жоготуп, нес абалда жүрдүм. Ыйлайм, кайра соороном. Биз мүңкүрөп калсак балдарыбыз кантет деп кайра чыйралам. “Кудай бир колу менен сынап, бир колу менен сылайт” дейт эмеспи. Андыктан күнүгө тиленгенден башка аргам жок.
“КӨЧӨДӨН ФОРМА КИЙИП МЕКТЕПКЕ БАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КӨРСӨМ ЭЛЕ ЫЙЛАГЫМ КЕЛЕ БЕРЕТ”
Апасы экөөбүздүн маегибизди кунт коюп угуп отурган Аделинаны да кепке тарттым:
– Аделина, өзүңдү кандай сезип жатасың? Операция жасалган жериң көп оорутпай калдыбы?
– Азыр бир аз жакшымын. Бирок операция жасалган жерим оорутуп эле жатат. Оозумду чоңураак ачып койсом да оорутат.
– Мектепти, классташтарыңды сагындыңбы?
– Ооба, классташтарымды көрө элегиме көп болду. Алар менен телефондон бат-баттан сүйлөшүп турабыз. Бул жактан көчөдөн форма кийип мектепке бараткан окуучуларды көрсөм эле жаман болуп, ыйлагым келе берет. Мен дагы мектепке барып окугум келип жатат.
– Буюрса, жакшы болуп кетесиң. Келечекте ким болгуң келет?
– Ооругандан бери врач болгум келип калды. Оорумду биле электе ар кайсы кесиптин ээси болгум келе берчү. Азыр оорулууларды дарылагым келет. Мен ооруканага келгенде врач айтчу да “сен операциядан кийин жакшы болосуң, анан бооруңдагы катетерди алып салабыз” деп. Операциядан кийин эсиме келсем, катетер алынбаптыр. Ошондо операция жардам берген эмес окшойт деп ойлоп кеттим. Анан апам келип айтканда ыйладым.
– Кой, ыйлаба, сендей сулуу, акылдуу кыз сөзсүз айыгат.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg