Нурайым Азыкбаева, ырчы: “КЫЗЫМ МАГА КАРАГАНДА АТАСЫНА ЖАКЫН. ЭКӨӨ МЕНИ БӨЛҮП САЛЫШАТ”

Таланттуу атанын татыктуу кызы, мээримдүү эне, сүйүктүү жар Нурайым Азыкбаева чыгармачылыкта жан үрөп иштегени иштеген. Ырчыны маекке чакырып, акыркы жаңылыктарына кулак салдык.

– Нурайым, кандайсың? Азыр аш-тойдун маалы дегендей, эл көбүнчө скрипкада ойногонуңду суранып чакырышабы же ырчы катарыбы?

– Жакшы, рахмат. Эл көбүнчө скрипкада ойногонума кызыгып чакырышат. Элдин көбү Назбек экөөбүздүн мындан эки жыл мурун жаздырган “Маш ботой”, Көчмөндөр оюнунда элге тартуулаган “Мезгил жаңырыгы” чыгармасын суранып чакырышат. “Көчмөндөр оюнунда кийген костюмдарыңыздар менен келиңиздер” деп кийимибизге чейин кызыккандар болот. “Ырдап кет” деп чакыргандар деле көп. Элим аспапка кызыгышса, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда көбүнчө ырдайм. Ар кайсы мамлекеттин өкүлдөрү катышкан иш-чараларда 10 тилде же программага жараша бир нече тилде ырдап кетем.

– Дуэт болгондон кийин башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак болсо керек...

– Жолдошум биздин үйдүн башкармасы болгондуктан каржыга байланыштуу маселени өзү чечет. Өзү ставканы айтып, соодалашып дегендей баарын өзү жайгарат. Мен Назбектен өзүмө керектүү каражатты алып колдоно берем. Биздин ставкабыз 300 доллар. Бирок ар кандай болуп калат. Тааныштарга, албетте, бааны төмөндөтөбүз.

– Кызың чоңоюп калдыбы, аны менен ким көбүрөөк алектенет?

– Кызыбыз Арууке чоңоюп калды, учурда алты жашта. Мектепке даярдоо классына барат. Биздин колубузда. Чет өлкөгө кеткенибизде чоң ата, чоң энесиникинде, кээде таята-таенеси менен калат. Айрымдар чыгармачыл адамдардын баласы каралбай калат деп ойлошот, бизде андай эмес. Дайыма жаныбызда, концерттерге деле чогуу алып алабыз. Дем алыш күндөрү үчөөбүз сөзсүз бир жакка барып эс алып келмей адатыбыз бар. Аруукенин кол өнөрчүлүккө, тил үйрөнүүгө шыгы бар. Музыкага да жөндөмдүү. Азыр ушул жашында кийизден сумкаларды, брошкаларды, чач жасалгага керектүү нерселерди жасайт. Мен алты жашымда оокат жасап калгам. Ошондуктан мен дагы жеңил жумуштарды жасатып, жумшап, үйрөтүп келем.

Кызым мага караганда атасына жакын, атасы менен уктайт, атасына болушат. Атасы экөө мени бөлүп салышат. Үй тапшырмаларын мени менен эмес, атасы менен аткарганды жакшы көрөт. “Үй тапшырмаңды аткар” десем “сени менен эмес, атам менен аткарам, ал урушпайт, акырын түшүндүрөт” дейт. Назбек алдап, баланын ыгын таап алат. Мен тез ачууланып кетем.

Чыгармачылыкта көп талаш-тартыштар болот да. Ошондо кызым чуркап келип, “мама, сен ашканага барып турчу, папамдын мээси эс алсын” дейт. Атасы сүйүнүп, “кызым мени жакшы көрөт” деп калат. Мен таттууну аз алып берем. Атасына барып, моюнуна асылып, “сен жакшысың” дегендей комплименттерди жаадырат да, бир аздан кийин карасаң толтура таттууларды алдырып алган болот. Назбек “мен апаңды жакшы көрөм” десе, “жок, апамды жакшы көрбө, мени жакшы көр” деп атасын менден кызганып турат.

– Турмушка чыкканыңа эки жылдан ашыптыр, наристелүү болууну пландап жатасыңарбы?

– Албетте, пландап эле жатабыз. Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот экен. Жараткан кайсы күнү берсе, ошол күнү кубануу менен кабыл алабыз. Ошол күндү Назбек экөөбүз тең күтүп жүрөбүз.

– Атаң Курмангазы байкени (ред.: Азыкбаев) таланттуу инсан, үй-бүлөнү катуу кармаган ата катары билебиз. Катуулугун өзүң да айтып калчу элең. Сен турмушка чыкканы сага жумшардыбы, күйөө баласы тартынып турабы?

– Ооба, атабызды эл сүрдүү, катуу, бекем адам деп билишет. Атам мугалим катары ошондой болуш керек деп ойлойм. Бирок Назбек экөөнүн мамилеси бир башкача. Ата-баладан да жакын. Отуруп алып көпкө сүйлөшө беришет, Назбек ар кайсы кайрыктарды ойноп берет. Студияда чогуу отурганда оюбуз менен бөлүшөбүз, чыгармачылык жактан көп кеңештерди алабыз. Атам сүрдүү көрүнгөнү менен, жүрөгү мээримге толгон адам, боорукер. Менин ошондой атам бар экенине сыймыктанам.

– Жаңы конуштуу болду деп уктук эле. Кабаттуу үйдөн алдыңарбы?

– Назбек экөөбүз тең ысырапкорчулукту жактырбайбыз. Андыктан үйлөнгөндө кыргыздын салты менен жакындарыбызды чогултуп, үйлөнүү тоюбузду үйдө эле өткөргөнбүз. Андан кийин экөөбүз тең эмгектенип, чогултуп, маңдай терибиз менен тапкан акчага көп кабаттуу үйдөн батир алганбыз.

– Түрдүү меню менен тамак жасап жолдошуңдун курсагын тойгузуу жагынан кандай кожойкесиң?

– Манты, оромо сыяктуу камыр тамактарды жакшы көрөм. Анан жакшы да жасайм. Назбек экөөбүздүн тамакка табитибиз да бир. Ал дагы “манты, оромо жасачы” деп турат. “Азык-түлүк жок” деп отура бербей, колдо бар азыктардан да даамдуу тамак жасайсың” деп мактап калат. Өзүм да фантазиям менен өзгөчө тамактарды жасаганды жакшы көрөм. Демек, жакшы кожойкемин.

– Назбек кандай күйөөлөрдүн катарын толуктайт?

– Назбек өтө токтоо, сабырдуу, бардык нерсени шашылбай жети өлчөп бир кескен, абдан таланттуу, камкор, келбеттүү күйөө. Жоопкерчиликтүү ата. Үй-бүлөнү бага турган, мен издеп келген адам.

– Азыр мамилеңер кыз-жигит кездегиден өзгөрдүбү?

– Кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнгө караганда үйлөнгөндөн кийин бизде романтика пайда болду. Сүйлөшүп жүргөндө чыгармачылык менен иштеп, дуэтке кызыгып кетип, романтикага орун болбоптур. Үйлөнгөндөн кийин Назбек себеби жок эле күнүгө гүл алып келип, эркелетип калды. Бизде ушундай өзгөрүү болду.

– Келин катары кайын журт менен мамиле кандай?

– Кайненем менен кайнатамды “мама, папа” дейм. Жайкысын баарыбыз чогуу Көлдө бир үйдө болобуз. Көлдө чоң үйүбүз бар. Ошондой үй-бүлөгө туш болгонума ыраазымын. Баарыбыз бири-бирибизди түшүнөбүз. Бир туугандарым ынтымактуу. Мамам менен папам көп жерден аяп, “эс ал, отура бер” дей беришет. Алар мени ырчы дегендиктен эмес, баласы катары аяшат. Кайненелик кылып, “тигини жаса, муну кыл” деп бир да жолу катуу айткан жок. Экөөбүз абдан жакшы мамиледебиз. Мен улуу келинмин. Кайын журтум Назбек экөөбүз менен сыймыктанышат. “Мындан да бийиктиктерди жараткыла, алдыга умтулгула. Силер чыгармачылык менен алек болгула, жумуш жасаганыңардын кереги жок. Силерсиз эле жумуш бүтөт” деп колдоп турушат. Кайын журтум интеллигент адамдар. Ар кимибиз өз ордубузду билебиз. Улуубуз улуудай, кичүүбүз кичүүдөйбүз. Мага келин деп бирөө-жарым басым көрсөткөн эмес. Мени келин деп тескерисинче коргоп, колдоп турушат. Кайненем Назбекке караганда мага тартат, мени менен кеңешет. Мен дагы тартынбай, коркпой “мама, мындай кылалы” деп оюмду айтып турам.

– Маегиңе рахмат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aidinaernur
2018-11-06 09:13:35
Былтыр мага кошуна жашады
Быйыл корбодум.
Бактылуу болгула!!!
+4
jaskaaa
2018-11-06 10:43:09
Бактылуу болгула.
Көз тийбесин
+4
Alin16
2018-11-06 12:31:11
Нурайым, талантынды сыйлайбыз, бактылуу болгула!!!
+1
Benazir08
2018-11-06 12:34:28
Тегеле бактылуу болгула экинчи эр мн деле эпту жакшына жашап атышат бала баккандыкы. Кызынарга да татыктуу тарбия берип келечекте жакшына ата жне болсонор экен дагы тороп тороп кобое бергиле. Сыйлуу атанын кызы бактылуу болууга тийиш. Куйо балдар билип койгула. Кыргызда катын албай кайын ал дейт так что кайын журтун норм адамдар башыны бийик которуп сыйлашып жашагыла. Баарынар бактылуу болгула кудай ушуну насип этсин. Мага каалаган жакшы нерсени силерге да каалаймын.
+5
Tyty1990
2018-11-06 12:34:53
Бактылуу болгула. Силердин ставканар жакшы экен. Асантайдын жаш катыны кече чыгып алып миң доллардан өйдө ырдайт экен. Айтайын дегеним силердин автордук ырларынар бар. Аныкы жок
+14
010288
2018-11-06 20:20:11
Tyty1990,ха ха ха Асантай дегиле))))))
+6
evidens
2018-11-06 12:38:15
Ушул кыз акылдуу экен жеке жашоосун тынч бир калыпта алып кетет, куйоосу да молодец экен, жакшы маек бериптир ашыкча мактанбай ,кыскасы бактылуу болгула, Аллахым кооп бала берсин,
+8
Taalaibek.
2018-11-06 21:59:14
Кичине кыз кимдин кызы болу экен?
0
Brejneva
2018-11-07 00:24:03
Мен сыйлаган түгөйлөр! Ал эми кызы сонун кыз. Көз тийбесин
0
Tiken
2018-11-09 01:40:35
Курмангазы агайды агропромдон жолуктурдум биринчи жолу(налог тологон жерден).Жакшы инсан экендигине мага айткан создорунон улам козум жетти.Баланы кантип тарбиялашты,улут унгусун кантип сакташты,озунун балдарын кандай тарбиялаганын айтып олтурду. Менин балдарым жокту да,барды да,жаман-жакшыны билип чоноюшту деген создорунон улам мыкты ата экен дедим агайды.Балан сенин кузгун деп коет го акылмандар,Нурайым да атасынын кузгусу.Азамат Кыз,эмгекчил кыз!Аял Жакшы эр Жакшы!
+2
gulzat85
2018-11-13 01:22:58
Бактылуу болгула
0
DNurgiza
2018-11-13 10:17:37
БАкыт тынчтыкты сүйөт эмеспи,
0
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан