ПАРТИЯСЫЗ ӨМҮРКУЛОВ
31-октябрь күнү кечинде Кыргызстан социал-демократтар партиясынын катчылыгы Иса Өмүркулов партиядан чыгарылганы тууралуу маалымат таратты. Себебин “КСДПнын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаганы үчүн” деп түшүндүрдү. Бул чечимге КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөлөрү толугу менен добуш бергени айтылды. Ушул чечимге таяп партиянын Саясий кеңеши Өмүркуловду парламенттеги КСДП фракциясынын лидери кызматынан алуу боюнча депутаттарга кат жолдогону айтылды. Кайсы аракети үчүн Өмүркуловго мындай жаза колдонулганын КСДП ачык айтпаганы менен, Кыргыз коомчулугу иштин чоо-жайынан кабардар.
АТАМБАЕВДИН “ДУШМАНЫН” КАБЫЛ АЛУУ
Парламентте 3 жылдан бери КСДП фракциясын жетектеп келе жаткан Иса Өмүркулов жакында “КСДП Атамбаевсиз” деген ураанды көтөрүп чыккан активисттерди кабыл алган. Жолугушуу парламентте, Өмүркуловдун иш бөлмөсүндө өттү. “КСДП Атамбаевсиз” ураанынын башында турган Сагынбек Абдрахманов ЖМКларга “Өмүркулов бизди колдоду” деп жарыялаган эле. Мындан кийин КСДПнын катчылыгы Өмүркуловдун аракетин чыккынчылык деп баалаган. “Партияда саткындар, жеке кызыкчылыгын көздөгөн уйгактар буга чейин деле болуп келген. Соңку окуялардын артында чоң күчтөр турат, алар партияны бөлүп-жарууга кызыкдар” деген КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева. Өмүркулов бул боюнча комментарий бербей, журналисттердин суроосун жоопсуз калтырып келди.
"ЧЕЧИМ ЛЕГИТИМСИЗ ДЕЙТ"
Иса Өмүркулов 1-ноябрда маалымат жыйын уюштуруп, түзүлгөн кырдаалга комментарий берди. Депутат КСДПнын Саясий кеңешинин чечимине макул эмес. “Мени партиядан чыгаруу чечими легитимсиз. Анткени мен партиянын уставын бузган жокмун. Мени партиядан чыгарууда Саясий кеңештин 7-8 эле мүчөсү чогулуптур, калганы кабардар болгон эмес. Мага карата Форумдан “саткын” деген сөз айтылып жатат. Мен эмес, мени партиядан чыгаргандар саткын. Далай оор күндөрдө, өмүрүмө коркунуч жаралган кезде да партияны саткан эмесмин. Мен өзүмдү дагы эле партиянын мүчөсүмүн деп эсептейм”,- деди Өмүркулов. Муну менен ал КСДП фракциясынын лидери кызматынан кетпей турганын ырастады. Ал эми “КСДП Атамбаевсиз” ураанын колдойсузбу?” деген суроого так жооп айткан жок. “Колдоймунбу же колдобоймунбу, эми чечем” деген Өмүркулов “Атамбаев азырынча партия төрагасы, бирок Саясий кеңештин мени кетирген жыйыны мыйзамсыз өттү” деп кошумчалады. Иса Өмүркулов өз сөзүндө КСДП фракциясынын лидерлигинен кетпей турганын баса белгилеп жатты. КСДП фракциясы – парламенттеги эң чоң фракция. Башкаруучу коалицияны куроодо, негизгиси, өкмөт түзүүдөгү негизги күч. Бул фракция КСДП партиясынын парламенттеги саясий тобу. Партиядан чыгарылган адамдын ал партиянын фракциясын жетектөөсү канчалык мыйзамдуу деген суроо жаралууда. Өмүркулов болсо партиядан чыгарылганын тааныбай турганын айтууда. Ошондой эле Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы күтүлүп жаткан иш эле дегендер да бар.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg