
Экс-президент
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу, президенттик аппарат башчысынын мурунку биринчи орун басары
Икрамжан Илмиянов эмне үчүн кармалып, кайсы кылмышка шектелип жатканы ачыктала баштады. КСДП маалымат таратып, анда УКМК партияга 2017-жылкы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөнүн жарыялады. Катта УКМК:
"Тергөөдө 2017-жылдын 8-августунда ошол кездеги штаб башчынын (президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы) орун басары Икрамжан Илмияновго "Дизель комплект" компаниясы 150 миң доллар "демөөрчүлүк жардам" бергени айтылды, 8-августтан кийин аталган сумма Илмиянов же башкалар тарабынан КСДПнын ишин колдоо үчүн деп берилди беле?"- деп суроо салат. КСДП буга дароо жооп кайтарды. Анда КСДП “Дизель комплекттен” же башка бир адамдардан акча албаганы, УКМК президенттик шайлоого байланыштуу каржылык документтер боюнча суроолорду ошол кездеги талапкер, учурдагы президент
Сооронбай Жээнбековго узатышы керектиги же БШКга кайрылышы керектиги айтылат. Ушундай жооптон кийин УКМК
Илмияновдун иши боюнча расмий билдирүү таратып,
Илмиянов тергөө менен активдүү иштешип жатканын, анын акча алганын тастыктоого далил жетиштүү экенин маалымдады.
Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары 2017-жылы 21-августта катталган. Ошентсе да шайлоо кампаниясы үчүн кайсы бир талапкер сырттан каржылык жардам алгандыгы далилденсе, ал шайлоо жыйынтыгына күмөн жаратат. Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга чейин баруусу мүмкүн.