БИР БҮРКҮМ. КЫТАЙДА 17 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ АБАКТА ОТУРАТ...

  • Расмий маалыматка таянсак, учурда Кытайда 17 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ абакта отурат.
  • 1-ноябрдан тарта Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛЕ БАШТАДЫ.
  • Жогорку Сот экс-мэр КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВду 24-ноябрга чейин камакта кармоо боюнча мурунку сот чечимдерин күчүндө калтырды.
  • Камбар-Ата-2 ГЭСинин иштөөсү УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ. “Электр станциялары” ишканасы муну “гидроагрегат баткакка толуп калды, ал ноябрь ичи тазаланат” деп түшүндүрдү.
  • Чүй облусунда рейд жүргүзүлүп, бир аптада мас болуп унаа айдаган 38 АЙДООЧУ жоопко тартылганы маалымдалды.
  • Кетирген кемчиликтери үчүн каржы министри Адылбек Касымалиевге СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ.
  • МИРА КАРЫБАЕВА Президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.
  • КСДПнын КЕЗЕКТЕГИ КУРУЛТАЙЫ 2019-жылдын 6-апрелине белгиленгенин партиянын катчылыгы маалымдады.
  • Өлкөдө 9 айда жол кырсыгынан 458 АДАМ КАЗА БОЛУП, 6299 адам жаракат алганын Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.
  • Социалдык фонд: Өлкөдө пенсиянын эң төмөнкү СУММАСЫ 1000 СОМ, эң жогорку суммасы 100 миң сом.
  • Депутат Кенжебек Бокоев Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтуна ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВдун ЫСЫМЫН берүүнү сунуштады.
  • Парламент депутаттары ички каттамдар үчүн авиабилеттин баасы 4 МИҢ СОМДОН АШКАНЫН айтып Жарандык авиация агенттигин сындашты.
  • Расмий маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 1390 БАЛА БАКЧА бар. Анын 248и гана мамлекеттик, калганы менчик.
  • 1-ноябрда өлкөдө Кыргыз милициясынын 94 ЖЫЛДЫГЫ белгиленди.
  • Акылбек Жамангуловдун ордуна НУРБЕК ТОТОНОВ "Республика-Ата Журт" фракциясынан парламент депутаты болуп бекитилди. Жамангулов өткөн аптада “Мегаком” компаниясынын директору болуп дайындалган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан