ИМБИРЬ СОУСУ
Керектелүүчү азыктар:
Пияз – 1 баш
Имбирь тамыры – 50 грамм
Зайтун же өсүмдүк майы – 50 миллилитр
Уксус (9%) – 2 аш кашык
Соя соусу – 50 миллилитр
Помидор – 3 даана
Суу – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын аарчып-тазалап, блендерге салып майдалайбыз же болбосо эт туурагычтан өткөрөбүз.
2. Эми буга өсүмдүк майын, уксус, соя соусун кошуп аралаштырабыз. Эт азыктары менен мыкты айкалышкан имбирь соусу даяр. Бул соусту муздаткычта 2-3 күнгө чейин сактоого болот.ИМБИРЬ МЕНЕН МАРИНАДДАЛГАН ЭТ
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун эти – 600 грамм
Имбирь (тууралган) – 2 аш кашык
Сарымсак – 1 тишче
Соя соусу - 3 аш кашык
Брокколи же гүлдүү капуста – 450 грамм
Шорпо же суу – 3 стакан
Өсүмдүк майы – 2-3 аш кашык
Картошка крахмалы – 3 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти майда бөлүктөргө бөлүп, үстүнө майда тууралган имбирь тамырын, сарымсак, соя соусун жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып 15-20 мүнөткө маринаддап коёбуз.
2. Брокколини же гүлдүү капустаны жууп, сабактарын ажыратып, казанда ысып турган майга кызарта кууруп, чыгарып алабыз.
3. Казанга өсүмдүк майын куюп, маринаддалган этти салып 7-8 мүнөт кууруп, үстүнө крахмал кошулуп аралаштырылган шорпону же сууну куябыз. Казандын капкагын жаап, жай отто суусу коюуланганча демдеп коёбуз.
4. Эми эттин үстүнө капустаны салып, татымына жараша туз, мурч кошуп дагы 5 мүнөттөй демдейбиз. Тамагыбыз даяр. Бул тамакка гарнир катары күрүч, гречка берүүгө болот.ИМБИРЬ ЧАЙЫ
Керектелүүчү азыктар:
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Бал – 1 аш кашык
Имбирь тамыры – 4 кесим
Суу – 300 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Чай демделүүчү чайнектин ичин таза жууп, кайнак суу менен чайкайбыз.
2. Ичине имбирь тамырынын кесимдерин, лимон ширесин, балды салып, үстүнө кайнак сууну куюп 4-5 мүнөткө демдеп коёбуз. Кааласаңыз кургак чай кошсоңуз да болот. Жыпар жыттуу, дене бойду жылытуучу чайыбыз даяр.
ПАЙДАСЫ
ЗЫЯНЫ
ИМБИРЬ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
• Имбирдин мекени – Түштүк Азия. Башында аны мүйүздүү тамыр, кийин пайдалуулугунан улам жашоонун тамыры деп атап алышкан.
• Европага Марко Поло алып келген. Аны чуманын алдын алууда пайдалуу деп кеңири пайдаланышып, мындан улам баасы аябай көтөрүлгөн. Ошол кезде Англияда анын 450 граммы 1 койдун баасына барабар болгон.
• Ашканада имбирдин жаңы казылган жана кургатылган тамыры кеңири пайдаланылат. Аны татымал катары ар кандай таттуу азыктарды, соустарды даярдоого кошушат. Эң пайдалуусу – жаңы казылган тамыры.
• Имбирдин даамы аны тамакка кайсы учурда кошкондон көз каранды. Тамактын башында кошсоңуз, жыты өтө буркурабайт. Аягында кошсоңуз өзгөчө жыпар жыттуу тамак болот.
• Имбирден даярдалган татымал, соустар күрүч жана эт азыктары менен жакшы айкалышат.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg