Азимбек Бекназаров: «ЭЛ БИЙЛИККЕ 5-6 ЖЫЛГА КЕЛГЕНДЕРДИН КУЛУ ЭМЕС ЭКЕНИН ТҮШҮНҮШҮ КЕРЕК»

Азимбек Бекназаров десе кыргыздын эсине 2 революция түшөт. Атамбаевдин тушунда “революция максатына жеткен жок” деп жүрдү. Эки жолу үй-бүлөлүк бийликти кулатуунун башында турган Бекназаров азыркы бийликтин тандаган жолу, бараткан багыты тууралуу кандай пикирде?

– Азимбек мырза, убагында депутат, башкы прокурор өңдүү жогорку кызматтарда болдуңуз эле, соңку 7 жылдан бери бир дагы мамлекеттик кызматта иштей элексиз. Себеби эмнеде? Чакырбай жатышабы? Же барбай жатасызбы?

– Акыркы 7 эмес, дээрлик 11 жылдан бери кызматта эмесмин. Бакиевдин тушунда 5 айдай баш прокурор болуп турдум. 2010-жылкы революциядан соң Убактылуу өкмөттө аз убакыт иштедик. Ошол бойдон мага эч ким кызмат сунуштаган жок, мен өзүм да кызмат сурап эч кимге барган жокмун. Эмне үчүн? Себеби – биз 2005-жылы да, 2010-жылы да авторитаризмге, президенттердин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыктык. Мен ошол принциптен тайган жокмун, Бакиев менен Атамбаев болсо ал принциптен кайтты. Бакиев өлкөнү балдары, инилери менен башкарса, Атамбаев шоопуру, жан сакчылары менен башкарды. Булар өткөндү тез унутуп, эски жолго түшкөндө эле аларга сын-пикир айта баштадым. Негизги себеби так ушул. Кошомат кылып, “сен туптуура баратасың” деп мактап колтугуна кирип алсам деле болмок, анткен жокмун. Эгер кирип алсам, балким, азыр түрмөдө отурмакмын же качып жүрмөкмүн.

– Азыркы учурда эмне иштер менен алексиз? Саясатта ондогон жылдар жүргөн адамга саясий процесстен тыш жүрүү оор эмес бекен?

– Саясаттан тыш жүргөн жокмун. Ошондуктан айрымдар “ушул Бекназаров жөн жатпады, курултай деп дагы кайдагы бир балээни баштап жатат” деп сындап жатышат да. Атамбаевди президент кезинде такай сындап келдим, бийликтен кеткен соң токтоттум. Айрымдар сыңары президент кезинде колтугунда жүрүп, бийликтен кеткенден кийин табалап, тепкилемей адатым жок. Туруктуу элдик кеңеш кыймылы президент Жээнбековго 1 жыл мөөнөт берели, 1 жылдан кийин ишине баа берели дегенбиз. Мына, 24-ноябрда республикалык курултай өткөргөнү жатабыз. Анда азыркы бийликтин иши боюнча ачык сөздөр айтылат. Жайы менен архивде жүрдүм, Горбачёвдун кайра куруу жылдарынан тарта Акаевдин бийликке келишин, бийликтен кетишин камтып, архивдик материалдарга таянуу менен китеп жазып жатам. Мындан тышкары "Жаркынайым" деген тарыхый көркөм чыгарма жазып баштадым, айтор, иш көп.

– Экс-президент Алмазбек Атамбаевди “досум” дейсиз. Тажрыйбалуу саясатчы катары айтсаңыз, экс-президент менен азыркы президенттин тирешинин аягы кандай жыйынтыктарга алпарышы мүмкүн?

– Мен 27 жыл ичиндеги бардык бийлик алмашуулардын түздөн-түз күбөсүмүн. Масалиев-Акаев, Акаев-Бакиев, Бакиев-Убактылуу өкмөт, андан кийин Атамбаев... Ушул процесстерге ичинен аралашып жүрдүм. Адатта, талаштын өзөгүн – байлык менен бийлик түзөт. Азыркы президент менен экс-президенттин тиреши мага да түшүнүксүз. Себеби Жээнбеков “мен Атамбаевдин саясатын улантам” деп бийликке келген. Бүгүн президент башын ачып алышы керек, эгер улантам десе, анда жөн улантсын. Эгер улантпайм десе, анда кайсы жол менен кетерин элге ачык жарыяласын. Бирок 1 жылдан бери “мындай реформа кылабыз, ушул жол менен кетебиз” деп айта элек. Менимче, экөө жеке амбицияларга алдырууда. Атамбаев “сени мен президент кылгам, техникалык президентсиң, менин сөзүмдөн чыкпашың керек” деген амбициясынан кете элек. А бул “жок, мен 6 жылга шайландым, өзүмдүн командамды түзөм” деп жаткан болушу мүмкүн. Кыскасы, бирөө бийликтен кеткиси келбей, бирөө бийликти бергиси келбей жатат деген сөз.

– Азыр Атамбаевди оппозиция деп атоого болобу же жөн гана таарынычпы?

– Бул киши өзүн оппозициямын деп жарыялай элек. Оппозиция – саясий көз караштардын, багыттардын дал келбестиги. Ал эми президент менен экс-президенттин тиреши оппонент эмес, душмандыкка чейин жетип калганы көрүнүүдө. Ал эми камоолор боюнча. ЖЭБ окуясына байланыштуу ачылган кылмыш иштерин угуп жатам. Тагылган айыптар, коюлган беренелер кылмышка шектүүлөрдү административдик жаза, шарттуу түрдө соттоо менен эле жазалай турган беренелер. Юрист катары айтарым, бул ишти парламент саясатташтырып жиберди.

– Саясий боёк сүртүлүп калды деп жатасыз. Бирок 600 долларлык кычкач, 14 миң долларлык камера өңдүү баасы эселеп кымбат көрсөтүлгөнүн ырастаган документтерчи?

– Мындай да, сырттан келген инвестиция сөзсүз Жогорку Кеңештин кароосунан өтөт. Келишимди ратификациялоо менен парламент жоопкерчиликти өзүнө алат. Акчаны ар бир тыйынына чейин Жогорку Кеңештин Бюджет комитети бөлөт, акча бөлүнгөн тармак боюнча ар бир министрликти көзөмөлдөөгө тийиш. Негедир бул иште Сапар Исаков менен 2-3 адам гана күнөөлүү болуп, калганы таптаза чыгып жатат. Маселе мына ушунда. Эгер бул кылмыш ишин коррупцияга такайбыз дешсе, анда парламент кошо жооп бериши керек. Эмне үчүн акча туура эмес пайдаланылып жатса, былык иштер болуп жатса көзөмөлдөгөн жоксуң? Унчукпай жүрүп Атамбаев бийликтен кеткенден кийин кыйкырып чыгышты.

– Акыркы жылдары Атамбаевди керектүү кезде катуу сындап да, колдоп да турдуңуз. Азыркы бийлик ээрге кандай отурду?

– Атамбаевди эмне үчүн колдоп жүрдүм? Анткени Бакиевди бирге кууган санаалаш катары революциянын максаттарына жетет деген үмүт бар эле. Кийин өзгөрүп кетти, ушундан кийин ага сын айтып жүрдүм. Ачык байкалбаган, айтылбаган жагдайлар бар. Жээнбековдун 1 жылы Атамбаевдин таасиринен чыгууга кетти десе болот. Мындан аркы кадамдарын эл көзөмөлдөшү керек. 24-ноябрда өтүүчү курултайдын темасы “Кечээ. Бүгүн. Эртең” деп аталат. Кечээгиси – Атамбаевдин 6 жылы, бүгүнкүсү – Жээнбековдун 1 жылы, эртеңкиси – өлкө мындан ары кайсы жол менен кетиши керек деген маселе. Атамбаевдин жүргүзгөн, Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатына каршы саясатчылар баяндама жасасын деп жатабыз. Экс-президенттерди, азыркы президентти да чакырганы жатабыз.

– Акаев-Бакиев куулганы менен, алардын жан жөкөрлөрү, силер каршы күрөшкөн системдин “аскерлери” 6 жыл Атамбаевдин жанында жүрүштү, азыр да Ак үйдө жүрүшөт. Ал эми революционерлер сыртта калдыңар... 100гө жакын жарандын каны керек беле?

– Революциячыл күчтөрдүн эң чоң катасы – бир чоң партияга айланып, бир муштум болуп тура албаганы. “Ата Мекен” өзүнчө, Атамбаев өзүнчө кетти. Калганыбыз БЭК деген партия түздүк. Ырас, үй-бүлөлүк башкарууну сындырабыз деп чогуу күрөшүп келген соң революциядан кийин да бийликтин партиясы болуп калуубуз керек эле. Бирок биринчи ыңкылапта да, экинчисинде да бийликти кулаткандар бийликтин партиясы боло алган жокпуз. Мурдагы бийликтин тарапташтары утуп кетишти. Ушунун айынан президенттер улам “монстрга” айланып жатышат. Биригүүгө жеке амбициялар гана эмес, Орусия өңдүү тышкы күчтөр да каршылык көрсөтүштү.

– Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай системин киргизүү керек деп жүрөсүз. Кеп системде эмес, Кыргыз эли шайлоолордо туура эмес тандоо кылып жатканында, татыксыз адамдардын бийликке келип калышында эмеспи?

– Курултай институту десе эле эски жашоону элестетпеш керек. Бул нукура улуттук демократияны камсыз кылуучу институт болот. 24-ноябрдагы курултай саясий күчтөрдүн, партиялардын курултайы болот. Курултай институтун иштетүү рычагдары болот. Конституцияга ылайык, бийликтин ээси – эл. Биз ошол бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтөлү деп жатабыз. Бүгүн парламент да, президент да элге отчёт бербей калышты.

– Саясатчылардын арасында бетке чабар, оргу-баргы мүнөзүңүз менен айырмаланып турасыз. Бул сапатыңыздын азабын көп тарттыңызбы же пайдасын көп көрдүңүзбү?

– Кесепетин көп тарттым. Бетке чабарлык, эр жүрөктүк саруу уруусуна мүнөздүү сапат. Мунун азабын мен эле эмес, үй-бүлөм, балдарым, досторум тартып келе жатат. Бирок коомчулук үчүн мунун пайдасы чоң. Анткени кимдир бирөө коомду ойготушу керек да. Жакында курултай өткөрөбүз деп чыктым эле, мага чабуул башталды. “Ушу Бекназаров жоголбоду, эми тынчып келатканда кайдагыны баштап...” деп сындап жатышат. Ошол эле учурда "бул бийлик деле эски жолго түшүп кетиши мүмкүн” деп мени колдогондор да көп.

– “Кыргыздар жан дүйнөбүзгө төңкөрүш жасаганда гана оңолобуз” деп көп айтасыз. Ал төңкөрүштүн башында ким туруп, качан, кантип ишке ашышы керек?

– Эл өзү башташы керек, бул кыргыздардын моюнунда турган жүк. Биз ушул жердин ээсибиз, бийликке 5-6 жылга келгендердин кошоматчысы, үйүндөгү кулу эмеспиз. Муну Кыргыз эли 2 революцияда көрсөтө алды. Эл ушуну түшүнүшү керек. “Кыргыздар авторитаризмге каршы кантип күрөшүү керектигин көрсөттү” деп бизге дүйнө жүзү таазим этти. Кийинки келген бийлик деле мурдагылардын жолуна түшпөшү үчүн эл президентти ордуна коё билүүгө милдеттүү экенин билиши керек. Аң-сезимибизди өзгөртүшүбүз зарыл болуп турат. Кулчулук, айрыкча кошоматчылык сезимден арылышыбыз керек. Кыргыздын интеллигенциясы менен байлары, бизнесмендер бүгүн бийликтин кошоматчысы эле болуп калышты. Үчүнчү революцияны кылып коюуга деле мүмкүн, бирок андан майнап чыкпайт. Мен буга абдан каршымын. Ошондуктан жан дүйнөгө реформа жасайлы, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтөлү деп какшап жатканым ушул. Болбосо улам жаңы бийликке жагалданып, мактап жүрүп өзүбүз үй-бүлөлүк башкарууну пайда кылып жатабыз. Азыр Жээнбековдун тууганы ким экен, кудасы ким экен деп жагынып чуркап жүргөндөрдү көрүп жийиркенесиң.

– Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга өтүп кетчү болсо, айтар көп сөзүм бар дегенсиз. Ал жердин тагдыры эмне болуп чечилгенине кызыгып көрдүңүзбү?

– Ункар-Тоо маселеси жабык бойдон турат. Убагында Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнүн аймактарын көз көрүнөө басып алып, биздин өлкө аргасыз айланма жолдорду салып алган. Атамбаевдин “25 жылдан бери чечилбеген чек ара маселесин чечип койдум” дегени тарыхый катачылык. Анткени Кыргыздын бүтүндөй айылдары Өзбекстандын аймагында калды. Мисалы, Аксыдагы Торук айылы. Баласы Кыргызстанда, атасынын үйү Өзбекстандын аймагында калып кетти. Атамбаев ушуга “мен макулмун” деп кол коюп койду. Бул мамлекеттик деңгээлдеги мамиле эмес. Кыргыз көп жеринен ажырап калды. Мына, Айтматовдун 90 жылдыгы деп кыйкырып, акылдуу сөздөрдү айтып жатышат. Айтматов Көк-Сай деген жайлоо жөнүндө көп жазган, ошол Көк-Сай бүгүн Казакстандын жери.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан