Кичинесинен бери сахнада келе жаткан ажарлуу ырчы Сайкал Садыбакасова жеке музыкалык студиясын ачат. Башынан эле ырлардын сапатына өзгөчө көңүл бурарын айтып келген ырчы кызга байланышканыбызда ал: “Музыкалык студия Бишкекте ачылат. Албетте, биринчиден өзүмдүн ырларымдын аранжировкасын мыкты деңгээлге чыгаруу үчүн аракет кылабыз. Студияда өз ишин мыкты билген аранжировкачылар иштешет. Азыркы учурда студиянын ачылышына даярдык көрүп жаткан учурубуз”,- деп билдирди.