Дайыма жадырап-жайнап жүргөн ырчы кыз Нэна биринчи эмес, экинчи дипломун колго алып, жогорку билимдүүлөрдүн катарын толуктады. Бирок ырчы аны менен гана токтоп калбастан, аспирантурага тапшыруу алдында турат:
– Буюрса, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын культурология факультетине аспирантурага тапшырып жатам. Алдыда дагы экзамендер бар, аларды ийгиликтүү тапшырып алайын деп аракет кылып жүрөм. Негизи мен өзүмдүн жашоомду социалдык тармактарга көп жарыя кыла бербейм, бирок ушул жаңылыгымды бөлүшкүм келди. Себеби бул мен үчүн абдан маанилүү кадам болду. Буюрса, билимимди жогорулатсам, балким, профессор болоттурмун.