Сүйүн Жусупбаев, ырчы: «ЕXCUSE ME» ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОНДО КӨЧӨГӨ ЧЫГА АЛБАЙ КАЛГАМ»

2007-жылдары чыккан «Еxcuse me» деген ыр азыр дагы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Бул ырды аткарган Сүйүн Жусупбаев бүгүн биздин маек төрдө. Андан бери 11 жыл өттү. Учурунда кыздар менен «Еxcuse me» деп таанышкан ырчы мырза азыр Наргиза аттуу айымдын сүйүктүү жолдошу,

3 баланын атасы.

– Сүйүн мырза, маегибизди «Еxcuse me» ыры тууралуу баштасак. Эмне болуп жаралып, кандайча хит болуп кетти эле?

– Менин музыкага болгон кызыгуум кичинемден эле ойгонгон. Бирок кичине кезимде балдар менен көп мушташып, тентегирээк болгом. Ошого байланыштуу ырдачу эмесмин. Анан Бишкекте ырчы Ильяз Абдыразаков менен кошуна болуп жашап калдык. Ошого шыктандымбы, айтор, өзүм үчүн ыр жаздырып көрөйүн деп «Мейли, сен кете бер» деген ырымды жаздырдым. Ал учурда Ошто бир студия абдан популярдуу эле. Ошол студияга клип тарттырайын деп барсам «бир жумадан кийин баштайбыз» деп коюшту. Клипке сценарий ойлоп жүргөн элем. Индия киносун жакшы көрчүмүн, адатымча кино көрүп жатсам тасмада жигиттер кыздарга тийишип жатышат. Алардын тилин түшүнбөсөм да, кыймыл-аракетинен түшүнүп жаттым. Ушул кинону көргөндөн кийин 10-15 мүнөт ичинде «Еxcuse me» ырынын сөзүн жазып, клибин кандай тартууну да ойлондум. Ырдын аталышын «Кечиресиз» десем деле болмок, бирок өзгөчөлүк жараткым келип «Еxcuse me» деп коюуну туура көрдүм. Досторума көрсөтүп «кандай экен?» десем, баары «сонун экен» деп макташты. Ал учурда чөнтөк жука, бир эле клипке акча бар болчу, анан аны ушул ырга коротмой болдук. Чыңгыз деген клиптеги иниме «иничек, акча барбы?» десем, «бар» деди, «ырдайсыңбы?» десем, «сонун болмок» деп калды. Өзү музыкага такыр шыгы жок бала эле, бирок клипке тартылам деп жүргөн. «Бул ырды эки жигит ырдаш керек, экөөбүз ортодон акча чыгарабыз» десем макул болду. Ошол күнү эле аранжировкасын жаздырып, эч кандай даярдыгы жок ырды жаздырып, клип тарттырып салдык. Ыр даяр болгондон кийин тааныш дос балдарга дисктерди бердим да, кетип калдым. Бир жумадан кийин эле туугандар, достор чалышып «сенин ырың хит болуп жатат» дешти. Ал убакта машинам жок, жөө жүрчүмүн. Көчөгө чыга албай калгам. Каякка барсам эле «Еxcuse me» ырын угуп жатышкан болот. Коомдук унааларга түшсөм элдин баары мени карашат. Өзүм «Ош базарда» товар сатып иштечүмүн, таксиге акча жок да, кепканы баса кийип алып жөө барып, жөө келчүмүн. Бир жагынан «бекер эле ырдаптырмын, ырдап чыгыш үчүн акчаң болушу керек экен» деп өкүндүм. Анан ошол учурда Нурлан Кыдыралиев деген байке «сага ар бир концерттен 2000 сом берейин, мени менен концертке чык» деп калды. Мен үчүн бул чоң акча болчу. Азыр ойлоп көрсөм ал адам мени колдонгон экен. Алар менен бир жыл жүрдүм. Кийин репертуарымды толуктап, 2 жылдай концерттик турнеге чыктым. Шүгүр, концерт бардык жерде аншлаг менен өттү. Ошол учурдагы менин эң чоң кемчилигим – уялчаактыгым болду. Ушул адатымдын айынан интервьюларга чакырышса барбай койчумун.

– Клип өзүңүздүн купулуңузга толду беле?

– Клип 300 долларга тартылган. Аранжировкага 3000, үн жаздырууга 500 сом сарптаганбыз. Муну көптөр билбесе керек, бирок аталган клипти эки жолу тартканбыз. Кылычбек байкеге (ред.: Кылычбек Султан) жардам сурап кайрылсам көмөктөшкөн. «Еxcuse me» аттуу ырымдын экинчи варианттагы клиби, андан тышкары «Сагындым сени, атаке» аттуу ырымдын да клиби Кылычбек байкенин колдоосунда тартылган.

– Атыңыз чыгып калгандан кийин бул чөйрөдөн алыстап кеттиңиз...

– 2010-жылга чейин жакшы иштедим. Үйлөнгөндөн кийин токтоттум. Келинчегим кыйын чыкты окшойт (күлүп). Дал ушул жылдары тойлор башталбадыбы. Көп тойлорго чакыруулар болду. Бирок баягы эле уялчаактыгымдан бара албай жүрдүм. Бул адатымдан азыр деле толук арыла элекмин.

– Ырдын клибин көргөн ар бир адамга жубайыңыз менен кантип таанышканыңыз кызык болсо керек?

– Жогоруда айткандай, концерт коюп айлап, жылдап үйгө турчу эмесмин. Үйдүн кичүүсү болгондуктан «муну үйлөнтпөсөк токтолбой калды» деп мени туугандар алдап чакырышып, келинчегимди көрсөтүшкөн. Бир көрүп эле жактырдым. Үйгө келсем «жактыбы?» дешти, «жакты, тойду баштай бергиле» дедим. Үйдөгүлөр тойго даярданып жүрүшсө, мен адатымча концертте жүрөм десеңиз. Тоюм болор күнү таңга маал саат 5те келдим дагы, үйлөнүп алдым (күлүп). Келинчегимдин аты Наргиза. Буюрса, үй-бүлө курганыбызга 8 жылдын жүзү болду. Ортобузда 1 уул, 2 кызыбыз бар.

– Сахнаны сагынсаңыз керек?

– Сагынам, кайтып баргым келет. Мындан да бийиктикке көтөрүлүүгө көп мүмкүнчүлүктөр болду. Көп нерсени колдон чыгардым, ал үчүн өкүнөм.

– Азыркы учурда эмне менен алексиз?

– 4 жылдан бери соода тармагында иштеп жүрөм. Түркияга барып товар алып келем. Башында өзүм соода кылып жүрдүм, бирок кыздар келип «баягы ырчы го» дей беришкенинен келинчегим менен карындашымды иштетүүгө туура келди.

– Сизди азыр дагы көчөдөн таанып калып, сүрөткө түшүп, кол тамга алгандар болобу?

– Кээде таанып сүрөткө түшүп калгандар болот. Келишип «менин балдарым сени аябай жакшы көрүшчү, «Еxcuse me» деген ырың менен гана сооротчубуз» деп айтып калышат.

– Чыгармачылыкка кайра кайтуу оюңузда барбы?

– Мурун каражат тартыш болуп сан жагына иштесек, азыр сапат жагына иштейли деп ойлоп калдым. Учурда чыгармачылыкка кайтуу үчүн жаңы ыр жаздырып жатам. Буюрса, ал ырга жакынкы аралыкта күбө болосуздар.

– Маегиңизге рахмат. Тилектериңиз орундалсын.

Убагында популярдуу болгон «Excuse me» ырынын клибинен кадр.
"Жубайым Наргизаны бир жолу көрүп эле жактыргам".

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сүйүн Жусупбаев: "Excuse me популярдуу болгондо көчөгө чыга албай калгам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Dembele84
2018-11-13 10:27:36
Чынын айтсам,ошол маалда чыккан ырлардын эн кыжырыма тийгени "Excuse me"болчу.Excuse me десе,берки кыздар "Ай эмне" дегенде дискти сразу башка клипке откоро салчумун )))))
-11
vikidiki
2018-11-13 11:53:57
Опкосу чокпойт го. Мынчалык популярдуу болгонун билбептирмин.
+12
Jin1209
2018-11-13 14:40:42
Укчумун
-3
madina.87
2018-11-13 19:16:44
Апеей ушинтип көчөгө чыга албай калганы жаман болгон экен.Мен такыр тааныбайт экем, азыр биринчи жолу көрүшүм.Ал маалда Иляз,2 Мирбектер,Султан,Неля,Бактыгүлдөр чыккан эле популярдуу болуп
-3
Snejana
2018-11-14 01:07:48
Бул жигит мактанбай эле болгонун болгондой айтыптыр. Тимэле шок боло каласынар да. Озу айтып атпайбы, "уялчаакмын" деп. Мактанбай эле уялганын айтып атат.
+8
kg_sulushka
2018-11-14 01:52:43
Чын эле хит болгон!Мен азыр деле уккум келгенде [moderated]ка кирип кором.
+5
Anzhela
2018-11-14 08:09:21
Чын эле хит болгон, дивидиден корчу элек , укпай корбогондордун уйундо телик дивиди жок болуш керек эле да а, же жаш бала болгон музыка о буга конул болбогон
+7
Nurkyz1977
2018-11-14 12:29:06
Анчалык кочого баса албаганчалык атактуулука жеткен эмес,кичине арты алдын карап ойлонуп суйлосок болмок экен. Министирдин аялы эн мыкты актриса Таалайкан Абазова деле уялбай эле маршруткада журчу.
-5
gulperi.kg
2018-11-14 14:00:53
Озуно озу популярный болуп кетсе керек да))
-1
Pandora
2018-11-14 14:40:31
Бир ырды ырдап алып,иштен качып))) 100 ырды ырдагандар деле журот элге аралашып,ал убакта сени уккан кыздар азыр турмушка чыгып,турмуштун туйшугу менен сени корсо деле тааныбай калаган. "тиги ырчы жигитго"-деген жаш кыздар ал ырды укпаса да керек.Аттан тушсо да эгерден тушкусу жокго )))
+1
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан