Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЫРЫМ ОРУСИЯЛЫК РАДИОДОН ЖАҢЫРГАНЫН УГУП КУБАНДЫМ”

“Кыргызстанда Мирбек Атабековдун үн жаздыруучу студиясы абдан сапаттуу, эл аралык стандартка жооп берет” деп укчубуз. Андыктан студиядан маек куралы деген Мирбектин сунушу бизге да жакты. Учурдун хит ырлары жаралып жаткан студиясы менен таанышканча ырчы мырзанын жакында болуп өткөн концертиндеги кызыктар, талкууга түшкөн клиби жана башка темада кеп кылдык.

– Мирбек, кандайсың? Азыр концерт койсоң эл келбейт деп ырчылар көп капа болушат. Бирок дагы деле зал толтура элди чогултууга мүмкүн экенине концертиңде күбө болдук. Концерт кандай өттү?

– Жакшыбыз, рахмат. Менин чыгармачылык жолдо жүргөнүмө 15 жылга жакындап калды. Ошол аралыкта 15тей концерт бердик. Арасынан эң ийгиликтүүсү ушул болуп, чыгашаны жаап, кошумча өзүбүз да акча таптык. Командада 50дөн ашык киши эмгектенди. Уюштуруучудан тартып музыканттарга чейин баары жакшы иштеп, көңүлү ток кетишти. Концерт анча-мынча мүчүлүштүктөрдү эске албаганда, көңүлдөгүдөй болду.

– Спорт ордосу жандуу концерт койгонго ыңгайсыз дешет. Ошол нерсе сага байкалдыбы?

– Кийинки жолу концертимди Улуттук филармонияда же башка жай курулса ошол жактан өткөрөм деп ойлонуп калдым. Спорт ордосу спортко эле ылайыктуу жай экенине дагы бир жолу ынандым. Канчалык күчтүү аппаратураны койбогун акустика начар болсо пайдасы жок экен. Элге, балким, байкалбагандыр, мен үчүн ыңгайсыз учурлар көп болду. Өзгөчө биринчи күнү акустикага көнө албай кыйналдым. Эл карап турса улам "добушту минтип кой, мониторду карап койгула" деп техникалык жагдайларды айта берсем концерттин атмосферасы бузулмак. Ичимден ачуум келип жатты, бирок сабырдуу болуп, билдирбегенге аракет кылдым. Өзүң ырахат алып ырдамайынча элге ошондой маанай тартуулай албайсың да.

– Кыргыз эстрадасына сен аралашкан 15 жыл аралыгында шоу-бизнесте кандай өзгөрүүлөр болду?

– Жанр, техникалык жактан өнүккөнү менен, чыгармалар маанилик жактан аксап жатат. Убактылуу ырлар көбөйүп кетти, “хайп” деген сөз мода болду. Элдин көңүлүн алуу үчүн, эл сөз кылса деп ар нерсени ойлоп таап жатышат. Менин позициям – өтө катуу чыкпай, артта калбай, ортодо жакшы ырларды чыгарып туруу. Ошол ырларым кийин көп жашаса экен деп кыялданам. Илгерки ырларды уксаңыз, өтө терең маанини камтыйт. Канча жыл өтсө да караокелерде аткарылып келет. Биз да сапатка басым жасасак жакшы болмок.

– Чыгармачыл адамдарды жолдон чыгаргысы келгендер, азгырыктар көп болот. Бирок сенин чуулгандуу иштерге аралашканыңды укпадык. Азгырыктарга каршы кандай “иммунитетиң” бар? Ырчылар кантип көпкө чейин сахнада кармалса болот деп ойлойсуң?

– Кошулам, чыгармачылыкта азгырыктар көп. Достон дос, тааныштан тааныш көп. Албетте, кыйынчылыктар, сыноолор баштан өткөн. Учурунда өзүмдү колго алуу кыйын болгон. Бирок баарын сабырдуулук менен жеңип келем. Азыр үй-бүлөм бар. Убактымдын көпчүлүгү үй-бүлөм менен өтөт.

Ал эми ырчылык тууралуу айтсам, эң биринчи адам жоопкерчиликтүү болуш керек. Барам деген жерге кечикпей барып, кылам дегенин аткарып, айткан сөзүндө турушу шарт. Чыгармачылыгын сүйүшү керек, ал да маанилүү. Ошондой эле репертуарды туура тандап, изденип, окшош ырларды жаздыра бербеш керек. Музыка деген чексиз дүйнө, каалаган темада ырдаса болот. Мисалы, менин 100гө жакын даяр ырларым болсо, 100гө жакыны чыкпай жатат. Ошол эле “Мурас” деген ырымдын 4 версиясы бар. Улам жакпай жаздырып отуруп, азыркы сиздер угуп жаткан версиясын чыгаргам.

– Акыркы кезде ар бир чыгарган ырың хит болуп жатат. Мунун сыры да ошондо окшобойбу?

– Бойдокторго “эрте үйлөнүп ал, кийин тандап каласың” деп айтышат го. Акыркы кезде мен да чыгарма тандоодо аябай “капризный” болуп баратам. Мурун жаңы ыр жаздырып, “жакты” деп дароо радиолорго берип салчубуз. Азыр болсо оңою менен ыр жакпайт. Жаңы ырым буга чейинкилеримден да мыкты болушу керек деп көп изденем. Ырды ар тараптуу карап көрүп, купулума толгондо гана элге чыгарам. Балким, ошол себептир.

– Чыгармачылык менен үй-бүлөнү бир алып кетүү кыйын дешет. Ошол чынбы?

– Бойдокчулукта көчөлөп эле жүрчүбүз, түшкө чейин уктап, убакыт тар болуп көп нерсеге үлгүрбөй калчу элек. Үй-бүлөлүү болгондо баары жакшы жолго түштү. Жумуштан кечинде келсем да тамак даяр. Балдарымды эркелетип, эс алам. Эртең менен туруп баламды бала бакчага алып барам. Эрте тургандыктан көп иштеримди да бүтүрөм. Мен үй-бүлөнүн чыгармачылыкка тийгизген терс таасирин көргөн жокмун. Тескерисинче, пайдасы зор.

– Үй-бүлө темасын улай, концертиңде жубайың Мээримге сюрприз жасап сахнага жетелеп чыктың. Бул пландуу иш беле же сахнадан келген идеябы?

– Ачыгын айтайын, “Сүйөм сени” деген ырыма бийчилер чыкмак. Бирок жетишпей калыштыбы, айтор, сахнада жалгыз калдым. Ал ырдын кайрыктары узун, эмне кылам деп залды карап алдыңкы катарда отурган Мээримге көзүм түштү. Ошол жерден оюма келе калды да, Мээримди сахнага жетелеп чыктым. Бул идеямды элдин баары колдоп кетти. Концерттен кийин Мээрим “сахнага чыгышымды эртерээк айтып койбойт белең, билсем артист көйнөгүмдү кийип алмакмын” деп күлдү. Экинчи күнү Мээрим билип чыкты. Ошон үчүн биринчи күндөгүдөн эмоция азыраак болуп калды. Сүйлөшүп алганга караганда кокустан болгон нерсе жакшы кабыл алынат эмеспи.

– Эми элдин талкуусуна түшкөн казак ырчысы Камшат Жолдыбаева менен аткарган “Тыңда мени” аттуу ырдын клибине токтололу. Дуэт кандайча жаралып калды?

– Мага Камшат интернет аркылуу “жакшы ырларың болсо алмакмын” деп жазыптыр. Менин 50дөй ырым казак тилине которулду. Ошондуктан алар мени ырчы катары эмес, көбүнчө жакшы ырлары бар инсан катары билишет. Камшат менен таанышып, баарлашып, дуэт жаратмай болдук. Сиз айткандай, "бум" жаратабыз деген идея казактардан жаралган. Анткени алар деле окшош контенттен, продукттан тажап калышыптыр. Катардагы клип болбой, талкуу жаратсын дедик. Клиптин чыгымын алар көтөрүштү. Ырдын жазылышы толук бизден болду.

– Казактар менен тыгыз иштешип, ортодогу айырмачылыктарды байкасаң керек?

– Ооба, биздин клипти тартуу учурунда 50 чакты адам жүрдү. Бир КамАЗ жарык коюучу техникалар келди, каскадёру, актёру катышты. Аларды көрүп таң калдык. Режиссёрдун сөзү өтүмдүү, ырчылар айтканын аткарышат экен. Бизде болсо клипти деле өзүбүздүн достор тартат да. Бир нерсе жакпаса, “брат, ушуну жөн эле коёлучу” дейбиз. Аларда күлгүн көйнөк киесиң дедиби, киесиң, чачыңды боё десе, боёйсуң. Ошого жараша жакшы жыйынтык болот. Клипти Казакстанда №1 деп аталгандардын бири Ернар деген режиссёр тартты.

– Жакында орусиялык белгилүү радиодо сенин ырың жаңырыптыр. Ошол тууралуу да айта кетсең.

– Ооба, орусиялык радионун “Бригада У” берүүсүнөн менин аткаруумдагы “Арпанын Ала-Тоосунан” деген ырым жаңырыптыр. Мен уккан эмесмин. Дагестандан, Иркутсктан, Москвадан достор чалып куттукташты. Мен ишенген жокмун. Радионун бул жактагы кызматкерлеринен суратып аудиосун алып уксам, угармандар суранышыптыр. Ди-джейлер ырдын аталышына тилдери келбей жатып араң айтышыптыр (күлүп). Толтура ырлар бар, ошонун арасынан менин ырымды суранышканы мен үчүн жагымдуу, ошол эле учурда чоң стимул жана мындан да күчтөнүп иштешиме чоң максат болду. Ошондон кийин батышты туурабай эле, кыргыздын кайрыктарын заманбап стилде дүйнөгө чыгарсак деген тилектер жаралды.

– Жакшы экен. Сен ырдап эле тим болбой продюсерлик да кылып баштапсың...

– Буюрса, өкүл балам Бек Исраилов менен иштешип баштадык. Эми ага продюсерлик кылам. Андан сырткары жакында “Мурас” аттуу продюсерлик борбор ачканы жатабыз. Андыктан бизде абдан чоң пландар бар.

– Маегиңе рахмат. Алдыдагы пландарың ишке ашышына тилектешпиз!


"Сүйүү тууралуу ырларымдын баары жубайыма арналат".
"Казактар да окшоштуктан тажашыптыр. Ошондуктан "Тыңда мени" ырыбызга талкуу жарата турган клип тартылды".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирбек Атабеков: “15 жылда биринчи жолу концертим чыгашасын жаап, пайда алып келди”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Jaziko80
2018-11-13 09:39:28
Ийгилик....
+8
Dembele84
2018-11-13 10:10:37
Молодец,
+8
Tyty1990
2018-11-13 10:12:59
Азаматсыз үй бүлөлүк бакыт каалайм. Эч качан оорубай жүрө бериңиз. Иштериңизге ийгилик
+10
Asel33
2018-11-13 10:47:22
Азаматсыз. Ийгилик каалайм. Ошондо биз жака качан келесиз? Токмок шаарына.
+6
vikidiki
2018-11-13 11:42:59
Ото сыйлайм!
+6
barsbegKG
2018-11-13 14:07:20
КРге Эмгеги сиңген артист наамына татыктуу!!! Баардык чыгармалары жагат!
+10
kubankg2010
2018-11-13 16:52:41
Жакшы Азматсын !10 жылдык концертин качан жуктойсунор Админ?
+5
admin_media
2018-11-13 17:29:28
kubankg2010, саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөп коёбуз. Сунушуңузга рахмат.
+4
Aikan1966
2018-11-14 09:51:12
Ийгилик ишине
+2
Nake94
2018-11-14 13:38:04
Мындандан аарыда сапаттуу ырларды чыгара бер..
+2
Aima94
2018-11-14 13:53:50
Азамат! Алга Атабеков!Алга Кыргызстан!!!!!!!
+2
Delfina
2018-11-15 15:55:45
Азамат. Орундуу, грамотно суйлогон жигит турбайбы.
+3
Istina1000
2018-11-15 17:00:29
Мирба, азаматсын. Мен ар дайым сени колдоп келгем жана колдой бермекчимин. Ийгиликтерин арта берсин
+3
derzkiy3
2018-11-16 17:37:49
Азамат!
+3
saltanat.
2018-11-16 19:03:14
Уважуха брат. Сенин ырың менин звоногумда турат.
+3
Sajakat14
2018-11-18 03:22:47
Ооба эски ырларды эле заманбап музыка менен ырдап чыксаңыз мааниси дагы сонун, элге дагы түшүнүктүү, сиңимдүү болот эмеспи. Бирок жанагы Тыңда мени деген казак ырындагы клиптеги сизди атып салганы жаккан жок аягында! Зөөкүрлүк, мажбурлоосу бар клип сиздин ак пейлиңизге жарашпайт. Биздин жаркырап жанган жылдызыбызды клипте дагы болсо атып салганын карап тура албайт экенсиң! Позитивдүү эле клиптерге макул болуңузчу Мирбек мырза суранам.Изденүү деп эле негатив клипке макул боло бербей.
+2
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан