ОРУСИЯЛЫК НТВ ТЕЛЕКАНАЛЫ ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ ТУУРАЛУУ ДОКУМЕНТАЛДУУ ТАСМА ТАРТТЫ

Орусиянын НТВ телеканалы кыргыздын белгилүү дикторлорунун бири, ырчы Жолдубай Кайыпов тууралуу документалдуу тасма тартты. Тасмада ырчынын өлүмү баяндалган. Эске салсак, ырчы 1984-жылы 37 жашында кылмышкерлердин колунан каза тапкан. Ырчынын бир тууган агасы Алыбай Кайыпов фильмдин тартылышына нааразы болгонун билдирди.

“Жайында ушундай көрсөтүү даярдалып жатат деп мени чакырып калышты. Чынын айтсам, анча деле каалоом болгон эмес, бирок сүйлөп бергем. Фильмде инимди бирөөгө карыз, ошондон улам таксист да болуп иштеген” дешиптир. Машинаны жаңы алып, айдаганды үйрөнүп жүргөндө каза болду, кантип анан таксист болот? Биз, бир туугандар бири-бирибиздин турмушубуз жөнүндө жакшы билебиз да. Эгер фильмде чындык болсо, ичибизден тынып, унчукпай калмакпыз. Иним таксист болгон эмес, карызы да жок болчу. Фильмди көркөмдөп, кооздош үчүн кошуп салышыптыр, ошого нааразы болдук”,- дейт агасы.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Same
2018-11-13 12:50:25
Тартылмак турсун качан эле берип бутту го. Случайна теледен коруп калгам
0
Benazir08
2018-11-15 02:18:05
Аты мне кинонун?
+1
Nurmuhammed2016
2018-11-15 08:38:18
Аттин жаш эле олгон экенда.
0
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан