ТҮШҮМ САТЫЛБАЙ ЖАТАТ. ДЫЙКАНДЫ ОЙЛОБОГОН МИНИСТРЛИКТИН КЕРЕГИ БАРБЫ?

2018-жылдын январь айындагы статистика боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн калкынын 66 пайызы айыл жергесинде жашап, анын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенет. Бирок, тилекке каршы, дыйкандар түшүмүн жыйнаган соң ылайыктуу баага сата албай, эмгеги акталбай зыян тарткан учурлар көп. Быйыл да дыйкандар ошондой абалда.

“ДЫЙКАНЧЫЛЫККА АЛГАН НАСЫЯНЫ ТӨЛӨӨ ҮЧҮН УНААМДЫ САТТЫМ”

Быйылкы жыл дыйкандар үчүн татаал болууда, анткени былтыркы жылга салыштырмалуу жер-жемиштерге болгон баа бир кыйла төмөн. Базарда сарымсак, картошка жана пияздын баалары өтө арзан болууда. Жер иштетем деп насыя алып, аны кантип төлөштү билбей башы каткан дыйкандардын саны да арбын. Алардын бири Акжол Асанбеков буларга токтолду:

– Быйыл 2 гектар аянтка картошка тиккем. Жер иштетүүгө кеткен жалпы чыгым 250 миң сом болду. Түшүмдүүлүк, Кудайга шүгүр, жакшы болуп, 35 тонна картошка алдым. Бирок баа абдан төмөн. Азыр сатып алуучулар картошканын килограммын 5-6 сомдон сурап жатат. Эгер ал баага сатсак, пайда алмак түгүл 50 миң сом чыгаша тартканы турабыз.

Мындан тышкары 70 сотых жерге үрөндүн килограммын 75 сомдон сатып алып, сарымсак тиккенбиз. Өзүбүздүн эмгегибиз саналбаганда эле кеткен чыгым 140 миң сом болгон. 1,5 тонна түшүм алдым. Эми килограммын 20 сомдон да сата албай жатабыз.

Түшүмдү сатып там алсак деген ниетибиз бар эле. Бирок киреше түшмөк түгүл, дыйканчылыкка алган насыябызды төлөй албай, айла жок унаамды саттым.

“БААЛАР КӨТӨРҮЛӨТ ДЕП БОЖОМОЛДОП ЖАТАБЫЗ”

Быйыл жазында өкмөт “Өзбекстанга картошка экспорттоо боюнча келишим түздүк” деп маалымат тараткан. Бирок 17-августта Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан картошка ташууга тыюу салган. Ал эми Айыл чарба министрлиги бир жолун табууга ыкчам аракеттерди көргөн жок. Жыйынтыгында министрлик дыйкандардын гана эмес, эл өкүлдөрүнүн да сынына кабылды. Дыйкандардын абалын жакшыртуу үчүн министрлик эмне аракет кылып жатат деген суроо менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг бөлүмүнүн башчысы Анара Беккулиевага кайрылып, жооп алдык:

– Былтыр Өзбекстанга болжолдуу түрдө 350 миң тонна картошка экспорт кылганбыз. Быйыл болсо алар өздөрүнүн жергиликтүү дыйкандарын колдоого алып, өз продукцияларына басым жасап жатышат. Биздин картошка коңшу өлкөлөргө экспорттолбой калганынан баасы арзан болууда. Негизи жыл сайын эле октябрь айында башка айларга караганда картошка арзандап кетет. Учурда картошканы экспорттоо боюнча Өзбекстан менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болуп, жыйынтыгында Өзбекстандын 17 компаниясы биздин дыйкандардын картошкаларын алууга макул болушту. Ал эми бааларды компаниялар дыйкандар менен сүйлөшүүнүн негизинде өздөрү коюуда. Ошондой эле фитосанитардык сертификаттар коңшу өлкөнүн талаптары менен жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары Түркмөнстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса, картошкага болгон баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз.

Ушул жылдын жаз айларында Өзбекстандын жеке ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү кыргыз жергесине келип, дыйкандар менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Өзбек тарап картошканы 11 сомдон сатып алууга даяр экенин билдирсе, биздин дыйкандар 20 сомдон ылдый баага сатпайбыз деп коюшкан. Жыйынтыгында эки тарап бир келишимге келе алган эмес.

Ар бир жылдын январь-февраль айларында министрлик жер-жерлерге атайын адистерди жөнөтүп, окуу-тренингдерди өткөрүп келет. Бул окууларда биздин адистер дыйкандарга кайсы өрөөнгө эмне эгиш керектиги тууралуу сунуштарын берип турат. Бирок канча айтсак деле дыйкандардын көбү өздөрү каалаган жер-жемиштерди айдашат.

Ысык-Көл облусунун дыйкандары менен “Наманган Универсал Савдо Инвест” компаниясынын ортосунда 2 миң тонна картошка сатуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда анын 66 тонна картошкасы жөнөтүлгөн.

“АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИН ЖОЮУ КЕРЕК”

Дыйкандардын мээнетин ойлоп, алдын ала чара көрбөгөн, 5 миңден ашык кызматкери бар министрликке нааразы болгондор көп. Бул министрликти жоюу керек дегендер да жок эмес. Алардын бири экономист Азамат Аттокуров төмөнкүлөргө токтолду:

– Айыл чарба министрлиги – бул мамлекеттик орган. Ал эми айыл чарбасы бизде жеке менчик. Демек, дыйкандарга министрлик эч таасирин тийгизе албайт. Бизге Экономика министрлиги алдында кичинекей департамент болсо эле жетиштүү болмок. Бир жылда өлкө бюджетине 1,3 миллиард сом чыгаша келтирген чоң министрликтин эч кандай пайдасы жок. Мисалы, жазында Өзбекстан менен картошканы экспорттоо боюнча келишим түздүк дешти эле, ошол нерсе эмнеге аягына чейин сүйлөшүлбөдү? Бул министрликтин иштебегенинин далили. Жакында эле өзүм Ташкентке барып келдим, ал жакта эттин дагы, картошканын дагы баалары биздикине салыштырмалуу кымбат. Демек, алгылыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коңшу өлкөгө экспорттосок болмок.

Биз Евразия биримдигинин курамындагы өлкөбүз. Бул биримдикке кирген өлкөлөрдүн өздөрүндө картошка көп эгилет. Мисалы, Беларусь бул жаатта алдыңкы өлкө, аны менен тең тайлашуу кыйын. Ошол себептен алгач биз маркетингге изилдөө жүргүзүп, базарга эмне керек болсо ошону эгишибиз керек. Мисалы, мистенин баасы 700 сом. Ал өсүп түшүм бергенче 10 жыл. Бирок кыргыздар 10 жыл күтүүнү каалашпайт да. Биз бир жылдык эле эгин эгип, жыйнай койгонду жакшы көрөбүз. Бадам өстүрөйүн, жаңгак өстүрөйүн деген эч ким жок. Буларга талап дагы жогору жана баасы да дайым туруктуу болот.

Картошканын атайын сортторун өстүрүп, чипсы чыгарсак болот. Бирок картошканы кайра иштетүү үчүн завод жок. Атамбаевдин учурунда Таласта картошканы кайра иштеткен завод курулган эле, бирок жабылып калды. Эмнеге жабылды, чоң суроо. Ошондой эле жер-жемиштерди сактоо үчүн кампа куруу зарыл. Анткени сактоочу кампа болсо дыйкандар алган түшүмдөрүн дароо сатпай, бөлүп сатууга мүмкүн болмок.

“БУЛ ТАРМАКТЫ ЖАРАНДАРЫБЫЗ ӨЗДӨРҮ ӨНҮКТҮРӨ БЕРЕТ”

Саясат таануучу Даниэль Кадырбеков да бул министрликти жоюу керек деген пикирде:

– Айыл чарба министрлигинин функциясы азыр белгисиз. СССР учурунда бардык жерлер мамлекеттин карамагында болгон. Азыр болсо жерлердин көпчүлүгү жеке менчик. Ошондуктан миңдеген кызматкерлери бар министрликтин кереги жок. Агро тармак – бул экономиканын бир бутагы. Ошондуктан Экономика министрлигинин алдында бир бөлүм катары түзүп койсо болот. Агрардык тармактын ийгиликтүү болушу мамлекеттин экономикалык саясатынан көз каранды. Эгер лабораторияларды куруп, башка өлкөлөр менен келишимдерди түзүп, экспорттоого жол түзүп берсек, жеке ишкер катары бул тармакты жарандарыбыз өздөрү өнүктүрө берет.

Дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе, бүгүнкү күндө агрардык тармак ИДПнын 3-4 пайызын гана түзөт. Бирок бюджеттин 16 пайызын агрардык тармакка бөлүп жатабыз.

“КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОД КУРУУ КЕРЕК”

Жеке ишкер Тилек Токтогазиев өлкөдө айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын атын чыгаруу керек дейт:

– Биз алгач жер иштетип бир нерсе тигер алдында төмөнкү нерселерди так билишибиз керек: продукциябызды кайсы рынокто сатабыз, канча көлөмдө жана кандай баада? Быйыл картошканы Өзбекстан албай койду эле, дыйкандар чоң кризиске туш болду. Ошол себептен мындай маселе жаралбашы үчүн бир гана өлкөгө ишенбей, башка бир нече рынокту вариант катары даярдап турушубуз керек. Биз көбүнчө Казакстан менен Орусияга экспорт кылабыз. Кытай, Индия, Пакистан жана Европа өлкөлөрүнүн рыногуна чыга турган продукцияларды даярдасак, экспорт жогоруламак.

Кайра иштетүүчү завод куруу зарыл деп ойлойм. Мисалы, Кочкор өрөөнүнө мындай ишкана курса, Ысык-Көлдөн, Кеминден, Кочкордон келген продукцияларды иштетүүгө мүмкүн болмок.

Анан Кыргызстандан сапаты жогору продукциялар чыгарылат дегенди көргөзүү үчүн өлкөдө брендинг жасашыбыз керек. Товарларды таңгактоочу цехтерди ачып, дыйкандар чыгарган ар бир товарын таңгактап, анан сатыкка чыгарышы керек.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
gulmira96
2018-11-13 13:06:21
Айыл чарба министирлигинде иштеген 5000 ден ашык жатып ичээрлерди да карапайым калк багат турбайбы, же ошого жараша пайдалары тийсечи элге. Таратып эле салыш керек айыл чарба министирлигин.
+6
elhan123
2018-11-13 22:47:41
Ушундай элди ойлондурган темалар жонундо жазсанар, керексиз шоу бизнести эле жаза бербей.
+4
Ayka1994
2018-11-18 18:55:54
elhan123,туура айтасын каяктагы Кубиктин кызын эле жаза бербей аа? Турмушка чыкты ажрашты турмушка чыкты деп атып анын үйүндө эмне эмне жок экенин элдин баары билип калды. азамат
+1
Feiza1982
2018-11-14 21:50:59
Кайра иштетүү завод курулса өз мекенибизде көп жумушчу орундарда болмок карапайым калк үчүн.
+2
tina-Tin
2018-11-15 00:28:55
супер инфо быйыл алма канча сом ошол жонундо да маалымат бергилечи сураныч.
0
admin_media
2018-11-15 11:48:28
tina-Tin, саламатсызбы! Сунуш-сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Kroxa
2018-11-15 05:52:05
Туура совхоз калхоздор жок айыл чарбаны карапайым калк оз чонтогунон ондуруп келет эмне кереги бар жеп жутарлар эртен уйу машинеси жок деп мусаапыр болушат..жойулсун 5мини жок эле 5 киши жетет менимче СССР кездеги орундарын бошотпой журушуптур да карашпайбы ушуларды
+1
Ayka1994
2018-11-18 19:01:26
кокуй ай Өзбекстан картошка албай койду деп эле чырдаганды токтоткула Өзбекстандагы дыйкандар өздөрү да эккен картошкасын быйыл сата албай жатат. Өзбекстанда Андижанда ушул күндөрү пияз 3-4сом картошка 5-6 сом. Аларда буудайдан кийин дагы эгиндер эгет эки түшүм ала алышат быйыл буудайдан кийин бошогон жерге кайра кара эгин экенге мамлекет уруксат берди. Өзб.ны карап эле айгайлабай башка жолун табуу керек.
0
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА