МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

ххх

– Күнүгө эле ошол жакка барасың. Деги кайра алып албайсыңбы ошону?- Айбек эмнегедир ачууланып сүйлөдү. Досунун дагы түн ортосунда келгенин жактырган жок.

– Кимди?

– Айсулууну да. Кимди болмок эле?

– Билбейм.

– Билбейм?.. Мээң ордундабы?- Айбектин көздөрү чакчая түштү.

– Тимур экөө кайра жашабай калышыптыр.

– А келесоо, сенде кайра үмүт жанган турбайбы, ээ? Баарын унутупсуң да. Башыңды айлантканын, кызын сага каратып коюп, Тимурунун төшөгүнө киргенин, анын айынан эл-жерден безгениңди, апаңды унуткан турбайсыңбы?! Керек болсо ал кыз да сеники эмес. Анын атасы бар. Өз атасы эле карап алат. Сен эмне эле ыйык кейиптенип жатасың? Токтотчу! Сенин психикаң жайында эмес. Текшерилчи, бар.

– Ооба, мени зөөкүрсүң дешет. Кантип бирөөнүн баласын өз баласындай жакшы көрсүн? Эмнеге болбосун? Толтура күнөөлөрдү кетирди, кечиресиңби? Эмнеге кечирүүгө да болбосун? Кечирүү, жакшы көрүү зөөкүрлүкпү? Эй, балким, сен психикаңды текшертесиң?

– Сенин оюңча, сен ыйыксың, а калган дүйнө психиатрга барыш керекпи?

– Жок, мен сага кандай киши болсом соо киши көрүнгөнү жатам? Эгер мен бала-чакамды, аялымды дагы бир башка жашыраак аял үчүн таштап кетсем бул сени чочутмак деле эмес, туурабы? Керек болсо, оо, жаш аял алып алды деп суктанмаксың. Бакыт издеп жатат, эркин адам деп актамаксың. Эгер мен аялыма да, балдарыма да кол көтөргөн, аларды кууруп турган кызыл камчы күйөө болсом бул да сага кадимкидей көрүнмөк. Оо, үй-бүлөсүн катуу кармайт, аялын башкарат деп. Мага окшошкуң келмек. А мен болсо, башкадан боюнда болгон кызды жакшы көргөм, анын баласына ата болгум келген. Себеби өзүм атасыз өскөм. Дагы бир байкуш, болгондо да кыз атасыз өспөсүнчү дегем. А силер мени лох дедиңер. Соо киши мындай кылбайт дедиңер. Керек болсо Айсулуу да ушундай жинди менен эмнеге жашайм? Боозуган кызды алган, каны башка баланы жакшы көргөн бир кемпай турбайбы деди да, менден качты. Бирок, айтчы, баланы жакшы көрүү бул оорубу? Бала бактылуу болсун деп аракет кылуу бул сага оорубу? Турмушунан жаңылган бирөөгө боор ачуу, аны боорго тартуу бул оорубу?

– Кантип жашайсың? Энеңдин арбагы үчүн ушуга барбашың керек. Мен күйүп айтып жатам, досум.

– Энемдин арбагы үчүнбү? Энемдин өлүмүнө бир адамды күнөөлөп эмне табам, айтчы?! Мен күнөөлүүмүн баарына. Мен билем аны. Андан эч кайда кутула албайм. Ал мен деп азап тартып жүрүп өлдү. Сый көргөзө албай калдым ага. Күнүгө өкүнүп жашап келе жатам. Ал менин жүгүм.

– Жок, ошондо алганы жатасыңбы Айсулууңду? Сөздү көбөйтпөй айтчы?!

– Кандай болсо да, ал менин чечимим болот.

– Сен деги эмнеге таянып чечим чыгарасың?- Айбек ордунан туруп столду тарс эте муштап жиберди.

– Эмнеге таянып? Мен балдар жетим калбасын дейм. Аларда эмне күнөө? Аларга ата болуу мүмкүнчүлүгү бар болсо эмнеге ал мүмкүнчүлүктү пайдаланбашым керек? Айсулуу мени менен бактылуу боло алам десе эмнеге жок дешим керек!?

– Жок дегенге себептер азбы? Баарын балдарга байлай бербечи? Өзүңдү-өзүң алдабачы?

– Мен сага азыр кандай деп, эмне деп гана түшүндүрбөйүн, сен мени түшүнө албайсың.

– Сен жиндисиң,- башын ийкегилеп жиберди Айбек.

– Ооба, жиндимин. Каны башка кызымды жанымдан артык көргөн жиндимин.

– Дүйнө сен ойлогондой эмес. Азыр деген бөрү заман. Сендей жиндилерди пайдалангандардын заманы, Айсулуу, Тимурлардын заманы. Сени кайра башыңды айлантат. Ылайыгы келгенде кайра Тимурга кетип калат. А сен жүрө бересиң, чайналып. Сендейлердин, шөлбүрөп өзүнө-өзү тың боло албагандардын тагдыры ошол.

– А сен бир кезде Назик экөөң, Айсулууну алып ал деп мени көндүргөнүңөрдү унутуп калдыңбы? Сен эми мага күйгөн адам болуп чыга келдиңби? Менин энемдин арбагы тууралуу ойлонгон адам болуп кеттиңби?

Азаматтын тамагы буулуп чыкты. Ал дагы эле жакшылык, сүйүү бакытка алпарары тууралуу талашкысы келген, бирок... Бирок чынында эле аны өмүр жолунда жолуккан улам бир адам пайдаланып эле келе жатыптыр да. Эмнеге? Анын жумшак мүнөзүн, боорукерлигин башкалар алсыздык, зөөкүрлүк катары көрүшөт турбайбы? Бирөөгө жамандык кылбайын деп эле жүрөт, жакшылыгым артсын дейт, кана, анан ага жакшылык жааганы? Эшикти “тарс” жапты да чыгып кетти. Басыгы катуулап баратты. Башына “балким, ушундай ишеничсиз дүйнөнү таштап эле кетиш керектир, ыркырашып эле жашап өтүүнүн пайдасы эмне?” деген ой улам-улам келип жатты.


ххх

Айласыз коңгуроону басты. Арыдан кимдир бирөөнүн эшикти ачууга басып келе жатканы угулуп турду. Нуржан болчу. Эшикти ачып эле маңдайындагы Тимурду көрүп аны менен тиктеше түштү. Сагынган болчу аны.

– Келдиңби?- деди ал аяган түр менен.

– Табалап жатасыңбы?

– Жок. Күтүп жаткам сени. Сагынып кеттим,- моюнуна асылып бекем кучактап алды.



ххх

– Негизи мен туура эмес кылып койдум. Кечирип койчу, ээ? Балдарыңа жолуксаң жолугуп тур. Бирок аялың "коркуп жатабыз, биздикинде болуп турчу" дегенде кызганычым башыман ашып кетти...- Нуржан Тимурга тамак салып берип жатып сүйлөдү.

– Кам санаба. Сага таарынган жокмун. Бирок... Бирок мен эми алардыкына барбай эле коёюн деп чечтим.

– Жок-жок, мен каршы эмесмин.

– Мен ошентип чечтим. Ошондой туура болот...



(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Merelisha
2018-11-13 09:09:38
бир жума
0
UrmatbuAzambekova
2018-11-13 09:32:56
менда биринчи болуп коройун дедим эле жетишпей калдым го.
0
Baiana2017
2018-11-13 10:02:37
Ошондо Тимур Нуржан менен.Айсулуу Азамат менен калат окшойт
+1
Shokoladka94
2018-11-13 10:22:49
Аябай аз го
0
ady-88
2018-11-13 15:27:33
Болгону 1минутага жетпей эле окуп салдымго, супер инфо кобууроок эле жазгылачы сураныч
0
tram-lam
2018-11-13 17:45:47
ady-88,сенин бат окуганына супер-инфор куноолуу эмес)))
0
nurda00
2018-11-13 22:24:07
Азамат мага байланышчы, сени суйуп калдым)
+4
originalkgz96
2018-11-13 22:44:08
Ммм
0
Dina.janym
2018-11-14 10:16:17
Азаматтай журогу, жан дуйносу таза адамдар бул омурдо коп болсо, дуйно сулуу жа кооз корунмок эххх...
0
erkeleim
2018-11-14 16:20:33
Сериял тартса болчуудай
0
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан