Самат Надырбек уулу, балбан: «АМЕРИКАДА МАШЫГЫП ОЛИМПИАДАНЫ МАКСАТ КЫЛУУДАМЫН»

Бир нече жыл мурун эркин күрөштө бир катар ийгиликтерди жаратып, кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип келген спортчу Самат Надырбек уулу учурда Америкада жашайт. Бөтөн жерден ал спортту таштабай Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге чыгууга кам көрүү менен алек экендигин айтат.

Аты-жөнү – Самат Надырбек уулу

Туулган жылы – 26-март, 1991-жыл

Туулган жери – Арашан айылы, Талас району, Талас облусу

Билими – Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин студенти

Жетишкендиктери – Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада күмүш медаль (2013-жыл), Азия чемпиондугунда коло медаль (2014-жыл), Азия чемпиондугунда күмүш медаль (2015-жыл), “Bill Farrell Memorial” эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2018-жыл). Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Самат, дароо эле ушул суроону узатайын. Кыргыз өлкөсүндө эркин күрөштө ийгилик жаратып жүрүп көрүнбөй кеттиң эле. Кийин АКШда экениң маалым болду. Ал жакка кандайча барып калдың? Кетишиңе эмне түрткү болду?

– Салам. 2016-жылы Олимпиада оюндарына жолдомо ала албай калгандан кийин спорттон кичине тыныгуу алып, жаңы бир нерсе же башка иш кылып көрөйүн деп ойлондум. Ошентип Америкага баруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарына келдим. Бул шаардагы Питт университетине машыгуу жасап көрөйүн деп барып калдым. Ошол жердеги күрөш боюнча машыктыруучу Кейт Гэвин мени байкап, “бул жакта калып биз менен машык. Университеттеги күрөшкө келген балдарга тажрыйбаларың менен бөлүш” деп айтып калды. Мен буга макул болуп, ошондон бери университетте машыгуу менен бирге машыктырып да келем. Тилди дагы өздөштүрүп кеттим.

– Көбүнчө спортчулар башка өлкөгө барганда кесибин алмаштырат эмеспи. Сен анда спортту таштабай эле спорт менен алек турбайсыңбы?

– Ооба. Тескерисинче, машыгуулардын үстүндөмүн деп айтсам болот. Буюрса, 2020-жылкы Олимпиадага даярдык көрүп жатам. Ал оюндарга катышып, өлкөбүздүн желегин желбиретип, гимнибиз жаңырса деген максат коюудамын.

– Бул жакта спортко болгон көз караш өзгөчө экендиги байкалып жатса керек?

– Америка ири держава болгондуктан спортко дагы көңүл буруусу ошончолук чоң. Элестетиңиз, бир университеттин эле спортко бөлүнгөн каражаты биздин өлкөбүз спортко бөлгөн каражатынан көп. Көпчүлүк университеттердин башкы машыктыруучулары, мурун ошол университетте спорт менен ийгилик жаратып келгендер. Анан дагы бир нерсени байкаганым, спортто болобу же башка чөйрөдөбү, өзүнүн жумушунда профессионал адамдарды аябай барктап билишет экен. Бизде дагы ушундай жагдай калыптанса, биз дагы бат эле өнүкмөкпүз деп ойлоп кетем. Айта кетчү нерсе, көпчүлүк спортчулар спортту таштагандан кийин татыктуу жумуш табылбай калат. Ошол үчүн ар кайсы өлкөгө кетип жатышат. Америкада бардыгы мыйзам аркылуу гана болот. Себеби бул өлкөдө мыйзам биринчи орунда.

– Ал жактан дагы кыргыз спортуна көз салып турасыңбы?

– Албетте. Интернеттен көңүл буруп турам. Спорттон эч жакка алыстаган жокмун. Өзүм дагы бул жактан мелдештерге катышып турам.

– Улуттук курама командабыздын машыктыруучулары менен байланыштасыңбы?

– Башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жана федерациянын вице-президенти Мелис Турганбаев менен байланыштабыз. Жакында эле Венгрияда өткөн Дүйнө чемпиондугуна мени да чакырышкан, бирок документтердин айынан бара албай калдым.

– Ошондо Кыргыз өлкөсүнүн атынан Олимпиадага жолдомо ала турган мелдештерден 2019-жылы сени көрөбүзбү?

– Ооба, буюрса.

– АКШда да мелдештерге катышып жатканың белгилүү. Көрсөткүчтөр кандай болууда?

– Бул жактан дагы мелдештерге байма-бай чыгуудамын. Өткөн жылы Колорадонун Спрингс шаарында өткөн эл аралык мелдешке, кийин Нью- Йорк шаарында өткөн мелдештерге катыштым. Экөөндө тең биринчи орунду камсыздадым. Негизи бул өткөн мелдештер дүйнө жүзү боюнча баркталган турнирлер болуп саналат. Мисалы, бул турнирде былтыркы жылы Орусиянын бир канча жолку дүйнө чемпиондору медалга жеткен эмес.

– Эми өзүң тууралуу кеп кылсак. Кайсы жердин кулуну болосуң? Спорттогу алгачкы кадамдарың кандайча башталды эле?

– Талас районуна караштуу Арашан айылында туулгам. Беш бир туугандын эң кичүүсүмүн. Улуу агам күрөш боюнча көп ийгиликтерге жетишкен, 2011-жылы жаштар арасында Дүйнө чемпиону аталган эле. Аганы көрүп, ини өсөт деп бекеринен айтылган эмес да. Мен дагы күрөшкө кызыгып, 8-класстан тарта Бишкектеги спорт мектебинде уланттым.

– Кайсы мелдеш сен үчүн маанилүү же эсте каларлык болду?

– Мен үчүн эң маанилүүсү 2013-жылы Казань шаарындагы Универсиада оюндарындагы күмүш медалым болгон. Анткени анда жаш болчумун, чоңдор арасында экинчи гана турнирим болчу. Андан дагы менден эч ким медаль күткөн эмес. Ошол Универсиаданын деңгээли да аябай чоң болгон.

– Айтылуу балбаныбыз Данияр Көбөнөв дагы АКШда экендиги маалым. Жолугуп, көрүшүп турасыңарбы?

– Ооба, Данияр байкебиз менен жолугуп, чай ичишип калабыз. Бирок чогуу машыгууларды жүргүзгөн жокпуз. Жолукканда спорт тууралуу аябай кызуу талкуулар болот.

– Учурда UFC`де күрөш менен машыккан мушкерлер ийгилик жаратып жатканы көз жаздымда болбосо керек. Алсак, учурдагы чемпиондор Генри Сехудо, Хабиб Нурмагомедов, Даниель Кормье. Эрежесиз урушка чыгуу ойлор жокпу?

– Эрежесиз эр урушка чыксам деген ойлор кээде келип калат. Бирок менде азыр күрөштө бүтө элек иштерим бар. Генри Сехудо Олимпиаданы жеңип, күрөштөн UFC уюмуна өтүп кеткен. Мен болсо Олимпиаданы ута элекмин. Ошондуктан 2020-жылкы Олимпиада оюндарынан кийин мени дагы UFC уюмунан көрүп калышыңар толук мүмкүн.

– Маегиңе рахмат, сага ийгилик!

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
love.me.again
2018-11-13 18:10:33
Ай Азамат жигитсин. Биз буну мектепте окуганда шылдындап эле басып журчубуз. Азыр зымпыйган бала болуптур. Азаматсын.
0
Mutpilim71
2018-11-13 23:26:40
Азаматсың Самат, сенден көп ийгиликтерди күтөбүз. Жердештериңдин атынан сага чоң салам.
+1
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан