“АТАМДЫ ТАБУУГА ЖАРДАМ СУРАЙМ”
– 67 жаштагы атам Борторо Абдухаликов ушул жылдын 10-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон табылбай жатат. Атам маал-маалы менен эс-тутумун жоготуп коёт, балдак менен басат. Көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды суранам.
Кызы Адалат Абдухаликова, тел.: 0776 20 82 01, 0554 577 322, 0706 12 34 77“БАЛАМ ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕН БОЮНЧА ДАЙЫНСЫЗ”
– 23 жаштагы уулум Элтуран Жумалиев 14-октябрь күнү Бишкек шаарындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Уулум 1-топтогу майып, акыл-эси кем. Өзү сүйлөп, бир нерсени түшүндүрө албайт. Мурда да үйдөн чыгып кетип, 2-3 күндө тапчумун. Жакшы адамдар жолугуп, милицияга кабарлашчу. Бул ирет көпкө жоголуп кетти. Уулумду көрүп-билгендер болсо, байланышып коюуңуздарды суранам.
Апасы Рапия Ниязалиева, тел.: 0705 21 72 75, 0772 21 72 75, 0755 21 72 75