КСДПдан КУУЛГАН ӨМҮРКУЛОВДУН ФРАКЦИЯ ЛИДЕРЛИГИНДЕ КАЛЫШЫ ТУУРАБЫ?

Иса Өмүркуловдун "Кыргызстан социал-демократтар партиясынан" чыгарылганы менен парламентте КСДП фракциясынын лидерлигинде калышы талкуу жаратууда. Партиянын Саясий кеңешинин Өмүркуловду фракция лидерлигинен кетирүү сунушу фракцияда карала элек. Саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз партиянын сунушу Өмүркуловду кетирүүгө негиз болбойт, лидерин алмаштырууну же калтырууну фракция депутаттары чечет дейт. Канатбек Азиз КСДПнын уставынан Иса Өмүркулов бузду деген жобону таппаганын кошумчалады. 2010-жылга чейин Конституцияда эгер депутат партиядан чыкса же чыгарылса, анда ал мөөнөтүнөн мурда мандаттан ажырайт деген норма болгон. 2010-жылкы Конституцияда бул норма алынып салынган. Буга чейин КСДП депутат Кожобек Рыспаевди да партиядан чыгарып, аны фракциядан кетирүүнү парламенттеги КСДП фракциясына сунуштаган. Бирок аны депутаттар колдобой коюшкан. Андыктан Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу сунушунун колдоо табышы күмөн. Ошентсе да социал-демократтар партиясынан чыгарылган Өмүркуловдун ал партиянын парламенттеги саясий блогун жетектөөгө моралдык укугу жок деген пикирлер айтылууда. Ал эми Кыргыз саясатында чиновниктер моралдык жоопкерчиликти сезип, кызматын тапшырган учурлар сейрек кездешет.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан