БАТКЕНДЕ ДЕПУТАТТЫ АТЫП КЕТИШТИ

Лейлек районунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы, 32 жаштагы Кубаныч Баяновго кол салуу болду. Депутатты 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Ал ооруканага жеткирилип, учурда абалы оор экенин, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Факт боюнча Лейлек РИИБи тарабынан кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүүдө. Кылмышка шектүүлөр кармала элек.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо криминалдашып кеткенин эксперттер, парламент депутаттары айтып жүрүшөт. Быйыл августта Токмок шаардык кеңешинин Тынай Жансейитов аттуу депутаты жергиликтүү тургунду бычактап салган. Бул окуя боюнча “адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен кылмыш иши ачылып, Жансейитовго сырттан күнөө коюлуп, камакка алуу чечими чыккан. Бирок ал 2 айдан бери кармала элек. Анын адвокаты Жансейитов өлкөдөн чыгып кеткенин ЖМКларга ырастаган. Ал кайсы өлкөдө жашырынып жүргөнү белгисиз.Мындан 1 ай мурун Тогуз-Тородогу “Макмал” алтын кени өрттөлгөн тополоңго тиешеси бар деп Атай айылдык кеңешинин төрагасы 2 айга камакка алынган.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары аралашкан, жабырлануучу болуп калган күмөндүү иштер көп. Жогорку Кеңеште жергиликтүү кеңештин сапатын жакшыртуу үчүн шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо сунуштары айтылып, бирок жапырт колдоо таппай жатат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан