Адил Турдукулов: «БИЙЛИК АЛМАШСА ДА САЯСИЙ ТУТКУНДАРДЫН АБАКТА ОТУРГАНЫ ПРЕЗИДЕНТТИН АБРОЮНА ШЕК КЕЛТИРҮҮДӨ»

Жакында Арменияга сапарга барган Адил Турдукулов өзүнүн интернет баракчасына Еревандын башкы аянтын мактап, “митинг өткөрүүгө да ыңгайлуу экен” деп жазды. Тамаша-чыны аралаш бул сөз да бекер айтылбады. Анткени жарандык активист Адил Турдукуловду Кыргыз коомчулугу Бишкектеги пикет-митинг, оппозициялык саясий акциялар аркылуу кеңири тааныйт.

– Адил мырза, Армения коомчулугу Пашиняндын чечкиндүү реформаларын, өзбек эли Мирзийоевдин өлкөгө ири инвестицияларды тартып жатканын талкуулоодо. Кыргыздагы талкуу – президенттин учакта жүргүнчүлөр менен чогуу учканына суктануу, айрым чиновниктердин камакка алынганын сөз кылуу менен гана чектелүүдө. Эмне үчүн өлкөдө кескин өзгөрүү башталбай жатат? Реформа жүргүзүүгө Сооронбай Жээнбековго эмне тоскоолдук кылып жатат?

– Жаңы лидердин бийликке келиши элде чоң үмүттү пайда кылат. Эл бийликтен жаңыланууну, чечкиндүү кадамдарды күтөт. Пашинян Конституцияда жазылган кооз сөздү ишке ашырып, Арменияда накта парламенттик системге жол ачты. Бизде тескерисинче, парламенттеги фракция лидерлери өздөрү президент төрагалык кылган Улуттук кеңештин чечимдерин бардык бийлик бутактары аткарышы керек деген мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Бул – парламенттик идеяны жокко чыгаруу, абсолюттук президенттик бийликке жол ачуу дегенди билдирет. Кыргыз тарыхы көрсөткөн, бул жакшылыкка алып барбайт. Мирзийоев ички потенциалды экспортко басым жасоого колдонуп баштады. Сооронбай Жээнбековго карата президенттик такка жаңы отурганда “укугу чектелүү президент болот” деген сөздөр айтылып жатса, азыр андай шектенүү жок. Президент – өлкөнүн стратегиялык жолун аныктап, аны ишке ашыруучу негизги фигура. Ага тоскоолдук кыла турган ички да, тышкы да күчтөр жок. Баары колунда турат. Эгер бийлик сот системин тазалап, чыгымдарды үч эсе азайтып, той-топурларды жыйыштырып, бири-биринин функцияларын кайталаган мамлекеттик органдарды жоюп, жергиликтүү бийликке укуктарын кеңири түрдө кескин көбөйтсө, Жээнбековду “реформатор-президент” деп атоого негиз түзүлөт. Анын дагы 5 жылы бар, күтө туралы.

– Кыргыз эли президентке, өкмөткө “убакыт берели” деп өзүн сооротуу менен жылдарды өткөрө берет. 1 жыл президенттен өзгөрүүлөрдү талап кылууга жетиштүү убакыт эмеспи? Анткени эл бардык президенттерге ушинтип “убакыт берели, сындабай туралы” деп жүрүп, аягында алардын кантип “ажыдаарга” айланып кеткенин байкабай калып жатпайбы.

– Азыр президент Жээнбековдун "коррупция менен күрөшөм, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм" деген убадасына, бардык аймактардын кызыкчылыгын эске алуу аракетине өз командасы же тарапташтары гана эмес, оппозициялык, бейтарап күчтөр да үмүт артып турган учур. Бирок президент камоого гана басым жасап, азырынча коррупциялык схеманы бузууга жете элек. Жетеби же жетпейби, бул дагы суроо. Менимче, ал системди буза турган органдар – УКМК, Башкы прокуратура реформаланышы керек. Булар президенттин кол алдында болбой, бийликтин камчысын чаппай, мыйзамга жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши зарыл. Ошондо гана президенттин башкы багыты ишке ашат. Азыр кош стандарттуулук менен кылмыш иштери ачылып, адилетсиз сот чечимдери чыгып жатканы көп нерседен кабар берет. Ачылган кылмыш иштеринин 30 пайызы гана сотко жетип жатканын президент өзү айтууда. Бул прокуратура, УКМК, милиция, Каржы полициясы жана Эсептөө палатасында системдүү коррупциялык көрүнүштөр бар экендигинин белгиси. Коррупция менен күрөш Бишкек ЖЭБинин айланасындагы окуялар менен эле бүтпөйт. 2011-жылдан бери энергетика тармагына сырттан алынган акчанын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты. Бул акча кайда, кантип иштетилгени белгисиз. Тармакта баягы эле шылуундар, айтылуу Ширшовдун кадрлары бири-бири менен орун алмашып коюп отурушат. Системдүү иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдар жазага тартылышы керек. Ошондо гана Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөш куру сөз же Атамбаевге чабуул эмес экенин тастыктай алат.

– 4 жыл мурун Бишкекте “Шералы хандын чокою” деген акция өткөргөн элеңер. Билесиз, Кыргызда Шералынын чокою чоң мааниге ээ. 2 президентти кууп жиберүүнүн артынан бийликке келгендер унутпашы керек болгон ошол чокой бүгүн кайда? Ак үйдө илинип турабы же үзө чабылып кеттиби?

– Биз, “Жаңы муундун” жигиттери, ошол “Шералынын чокоюн” Атамбаевге алып баралы деген кезде азыр Атамбаевди жерге киргизе жектеп, жамандап жаткандардын жыты да жок эле. Атамбаевди “ажыдаарга” айланткан өздөрү – күн карама саясатчы, эксперт, журналисттер. Андыктан президентти бийликте турганда сындап, туура жол көрсөтүп туруш керек.

– Атамбаевдик бийликтин сөз эркиндиги, адам укугу, демократия боюнча саясатына каршы күрөшүп жүрдүңөр. Бүгүн абал кандай? Биз эңсеген, элестеткен жашоого, системге жеттикпи?

– Жеңилдиктер бар. Мисалы, бир нече ММКга, журналисттерге, саясатчыларга, жарандык активисттерге байланыштуу кылмыш иштери токтотулду. Ошол эле учурда саясий туткундар Текебаев, Асанов, Кадыров, Карыбеков, Кунакуновдун азыркыга чейин абакта отурганы сот реформасы баштала электигинин белгиси.

– Бул сотко чейинки иш да. Мисалы, башкы прокуратура бул саясатчылардын ишин “кайра кароого негиз жок” деген жоопту айтты. Азыркы баш прокурор президенттин сунушу менен шайланып, дайындалган. Демек, муну бул кылмыш иштерин кайра кароого президент каршы деп түшүнүү керекпи?

– Азыр Жамшитов (ред.: башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов) гана эмес, УКМКнын башчысы да президенттин колунда. Ошондуктан бийлик алмашса да саясий туткундардын абакта отурганы президенттин аброюна шек келтирип жатканын Сооронбай Жээнбеков өзү жана анын командасы билиши керек.

– Сиз жетектеген Сөз эркиндигин коргоо комитети саясий негизде камакта отурат деп 13 адамды атап, аларды бошотуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду эле. Президенттен жооп болдубу?

– Ошол 13 адамдын айрымдары өтө оор беренелер менен отурат, иш жүзүндө алар мурдагы бийликке катуу сындарды айтып чыкканы үчүн гана камалып кетишкен. Президент Жээнбеков “аларды мен камаган эмесмин, менин күнөөм жок” дей турган болсо туура болбой калат, анткени алар Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндө отурган болушат. 13үнүн ичинен Мелис Аспеков менен Канатбек Исаев гана бошотулду. Калгандары азыркыга чейин абакта, бийликтен жооп болгон жок.

– Өлкөдө азыр оппозиция барбы? Болсо ал биринчи кезекте эмне маселени, өзгөрүүнү талап кылуусу керек?

– Оппозиция – бул демократиянын негизги шарты. Бул функцияны парламент депутаттары аткара албай жатышат, себеби ал жерде көбү олигархтар. Жарандык жана саясий күчтөр 24-ноябрда чоң курултай өткөргөнү жатабыз. Ага президент Сооронбай Жээнбековго да, экс-президент Алмазбек Атамбаевге да чакыруу жөнөтүлгөн. Курултайда бийликтин жетишкендиги жана кемчиликтери айтылат, талаптар коюлат. Бирдиктүү, оппозициялык болбосо да альтернативдүү күч түзүлөт. Буга эл, президент өзү да кызыкдар болушу керек. Анткени күчтүү оппозиция болбосо бийлик иштебейт, президент популизмге ыктап, реформа жасабайт.

– Бийликти жазында эмне күтөт деп ойлойсуз?

– Бул бийликтин жүргүзгөн саясатынан көз каранды. Эгер Сооронбай Жээнбеков жаңы саясий барак ачып, бөтөн же “меникилер” деп бөлбөй, Кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштесе, ага кандай гана каршылаштар чыкпасын алардын планы ишке ашпайт. Эгер анте албаса баарын күтүүгө болот, жазбы, кышпы, айырмасы жок.

– Эмне үчүн эч бир бийлик өлкөдө коррупцияны тамырынан жоё турган өзгөрүүлөргө барбайт. Мисалы, “Таза коом” коррупцияны болтуруучу жолдорго бөгөт коёт эле да...

– Андай долбоорлор бийлик башындагылар өздөрү таза болуп, реформага чындап умтулганда, саясий эрки болгондо гана ишке ашат. Ансыз кооз аттары бар бир да программа иштебейт.

– Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылды. Эми анын Жогорку Кеңеште, башкаруучу коалицияда, фракция лидери катары иштегени канчалык туура?

– Фракция – бул партиянын уландысы. Ошондуктан Өмүркулов фракция лидерлигинен кетиши керек. Бирок бул процесс мыйзамда жазылган эмес. Эгерде фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү аны кетирүүнү талап кылбаса, ал өз ордунда кала берет. Баары фракция депутаттарынын колунда. Мен КСДПнын ичинде болуп жаткан тирешти Атамбаевге чабуул катары баалайм. Аны кайра саясатка келтирбөө жана башка саясий күчтөрдү анын айланасына чогулттурбоо максатында ушундай иштер жүрүп жатат. Ачык эле айтышыбыз керек, бул азыркы бийлик тарабынан жасалууда. Бирок, менимче, партиянын ичиндеги ротация принцибин кабыргасынан коюу бул туура. Анткени 90-жылдары ишин баштаган “Ата Мекен”, КСДП жана “Ар-намыс” партияларын карап көрсөк, 30 жылдан бери баягы эле лидерлер отурат. Атамбаев да партиялык кризистен чыгуу үчүн ротация жүргүзүүнү өзү сунушташы керек.

– Сизди өлкөдө баарынан эмне кабатыр кылат?

– Мени эң кабатыр кылганы – кыйын, жигердүү, энергияга бай жаштар өз потенциалын чет өлкөдө колдонуп жатканы. Мыкты улан-кыздарыбыз жакшыраак жумуш издеп бөтөн жерде жүргөнү жанды кейитет.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан