БИР БҮРКҮМ. ИТТИ ӨЛТҮРГӨН АДАМ 3 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ...

  • Москва шаарында 21 жаштагы Кыргыз жараны ПОЕЗД СҮЗҮП кетип каза болду.
  • Бишкекте бирөөнүн ИТИН УУРДАП КЕТИП, өлтүрүп салган адам шарттуу түрдө 3 жылга соттолду.
  • ТУРДУНАЗИР БЕКБОЕВ президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
  • Алыскы жолго чыккан КЫШКА ДАЯРДЫГЫ ЖОК унаалар Чычкан, Сосновка жана Кара-Көл постторунан артка кайтарылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
  • “Жалгыз үйү барлардын үйүн кепилдикке алып насыя берүүгө банктарга ТЫЮУ САЛУУ керек” дейт депутат Акылбек Жапаров.
  • Өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы болуп АЛЫМБЕК ОРОЗБЕКОВ дайындалды.
  • Кыргыз жарандары Сербияга ВИЗАcыз БАРЫП, 90 күн жүрө алышат. Тийиштүү келишим 8-ноябрда күчүнө кирди.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖУГУШТУУ ООРУЛАР күчөгөнүнөн улам ооруканаларда кошумча орундар түзүлүп жатканын билдирди.
  • Укук коргоочу Рита Карасартова ага эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары КЫЗМАТЫ СУНУШТАЛГАНЫН, бирок баш тартканын билдирди.
  • 2019-жылы Бишкектин КӨЧӨЛӨРҮН ЖАРЫКТАНДЫРУУ системин автоматташтыруу пландалып жатканын “Бишкек свет” ишканасы билдирди.
  • Бишкекте 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата өлкөдө акыркы 25 жылда каза болгон ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ЭСКЕРҮҮ иш-чарасы өттү.
  • Бишкек шаардык автоунаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Насирбек Алмаматов ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА кармалганын УКМКдан кабарлашты.
  • Өзгөндө баңгизат менен кармалган МЕЧИТ КЫЗМАТКЕРИ үй камагына чыгарылды.
  • Өлкөдө жылына 40 миңдей жаран пенсияга чыкса, 20 миңдей ПЕНСИОНЕР КАЗА БОЛОТ.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан