Толгонай Арзыкеева, ырчы: «МЕНИН КУРБУМ, КОҢШУМ, ЭҢ ЖАКЫН АДАМЫМ ДАГЫ ЖИГИТИМ»

Бул ырчы кыз белгилүү ырчылардын аткаруусундагы ырларды кавер ырдап таанылган. Сөз жаш, сулуу, таланттуу ырчы кыз Толгонай тууралуу болуп жатат. Гезиттин бул санында дал ушул элинин эрке кызы жүрөгүндө катылган жылуу сезимдери тууралуу айтып берди.

– Кандайсың, Толгонай? Сага байланышканымда «телефон таап алдым» деп, ээси менен сүйлөшүп жаткан элең. Сүйүнчүсүн алдыңбы?

– Жумуштар боюнча көчөгө чыккан элем, кардын алдынан телефон таап алып, чалып көрөйүн десем сыр сөзү бар экен. Өзүм дагы бир жакка шашып жаттым эле, ээси чалаттыр деп кетип калгам. Барар жериме жетип калганда бирөө чалып калды. Дарегимди айтсам келип алып кетти. Корей улутундагы жигит экен. Ал келгичекти мен өзүмдү эстедим, себеби мен дагы Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатында окуп жүргөнүмдө 7 телефон жоготтум. Ага үйдөгүлөр деле таң калбай калышкан (күлүп). Бирок жакында эле дагы телефонумду таксиде унутуп кетиптирмин. Аны үйгө барганда билдим. Чалсам, Кудай жалгап, таксист байке кайтарып берди. Ал адамга абдан ыраазы болгом. Эми минтип мен дагы бирөөнү ыраазы кылдым. Сүйлөшкөндө чоң эле адамдай сезилген. Жолукканда карасам менден да кичүү жигит экен. Сүйүнчүсү деп 200 сом берди. Аны алмак деле эмесмин, бирок таксист байке «шустрыйлык» кылып «таксинин акчасы» деп алып койду (күлүп).

– Сени бир мүнөз адам катары билебиз. Толгонайдын биз билбеген жактары барбы?

– Менде кызуу кандуулук деген жок. Бирок аябай өжөрмүн. Бир нерсени кааласам ошого жетмейинче жаным тынбайт. Үйдөгүлөр дагы «Толгонай менен талашпай эле коюш керек» дешет (күлүп). Сын-пикирди жакшы кабыл алам, ошентсе да мен жөнүндө туура эмес нерселерди айткандарды уксам, алгач сабыр кылам, чектен ашып бара жаткандар менен айтыша кеткен да күндөр болот. Мени социалдык тармактан гана көргөндөр «назик, ишенчээк кыздай көрүнөсүң» деп айтып калышат. Бирок жанымдан көрүп «жашоодо ачык, шайыр экенсиң» деген сөздөрдү угуп калам. Балким, жакындан тааныбагандар жоош деп ойлошот чыгар.

– Ошол өжөрлүк менен өзүң айткан нерселерге жеттиңби?

– Досторум, өзүм дагы окуп, иштеп кечке жуук бошойбуз да. Анан ошол убакта жолукканга туура келип калат. Андай убакта сурансаң үйдөгүлөр көбүнчө жибербей коюшат. Бирок мен көк беттенип, ээн баштык кылып чыгып кетчүмүн. Дал ушул мүнөзүмдүн кесепетинен эки жума мурун кырсыктап калдым. Чынында кырсык айттырбай келет экен. Курбу кызым менен жол эрежесин бузбай эле бара жатканбыз. Сен эрежени билген күндө дагы, аны билбегендер чыгат экен. Унаабыз оодарылып жатып калды. Бутум шишип, бүгө албай, үйдө жатып калдым. Ошондо кадимкидей көзүм ачылып, өжөрлүктүн чеги болорун түшүндүм. Азыр эч жакка чыккым да келбей калды (күлүп).

– Жигитиң бар экенин билебиз. Ал да кабатыр болсо керек?

– Эң биринчи эле кырсыктап калганымды Нурсултанга айткам. Учуп келди. Айтпай келгени мен үчүн чоң белек болду. Эркелеп алдым бир сыйра. Ал эмоцияга алдырбай эле, кайра мени «абайлап жүрбөйсүңбү» деп урушту.

– Балким, ал жөнүндө кененирээк айтып бересиң?

– Биз Нурсултан экөөбүз бири-бирибиздин билдирүүлөрүбүзгө жооп берип жатып социалдык тармактан таанышып, сүйлөшүп калганбыз. Анда университетке жаңы тапшырып жаткам. Менден 3 жашка улуу. Ыймандуулугу, мага кылган мамилеси, тарбиясы, тамашакөйлүгү менен жаккан. Биринчи жолу аэропорттон кокусунан жолугуп калдык. Мен курбу кызымды тосуп алганы барган элем. Көрсө, ал ошол күнү учуп келген экен. Нурсултан чет өлкөдө окуйт, Бишкекке жылына 1-2 жолу келип турат. Экөөбүз тең такыр романтик эмеспиз. Тескерисинче, бири-бирибизди шылдыңдап, тамашалап, ачык сүйлөшөбүз. Менин курбум, коңшум, эң жакын адамым дагы Нурсултан. Аралыгыбыз алыс болсо дагы 24 саат бою байланышта болуп турабыз. Мээрим эженин (ред.: Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген) иниси экенин сүрөттөрүнөн көрүп билдим. Мирбек байке экөө тең колдоп, кеңештерин берип турушат.

– «Браво» кино тасмасындагы өнөктөшүң ырчы Нурмат Садыров «Толгонайдай ачык, өзүн жакшы алып жүргөн, акылдуу кыздар жагат» деп сага «намёк» ыргытып койгон экен...

– Чынында эле Нурмат байкени жакшы көрөм. Ортобузда ага-карындаштык мамилебиз бар. Буюрса, чогуу дуэт ырдайлы деген пландарыбыз бар.

– Маегибиздин соңунда чыгармачылыгың тууралуу сөз кыла кетсек. Сага демөөрчү бололу, чыгармачылыгыңды өркүндөтүп, сынактарга катыш дегендер барбы?

– Менин демөөрчүлөрүм атам жана апам. Негизи демөөрчүлөр чыгып калса бул жакшы көрүнүш. Сынактарга катышууга колдоо көрсөткөндөрдү абдан сыйлайм.

– Маегиңе рахмат!

"Жигитим Мирбек байкенин бир тууган кайниси экенин кийин билдим".

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Толгонай Арзыкеева: "Нурмат Садыровдун мага кылган мамилеси жагат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aikajamka
2018-11-20 14:19:01
бактылууибол
0
Begim94
2018-11-20 14:38:05
Айымага суктанам бала кыял жигит жандай элек ужас жигиттин мактап олтурат ХХХХ
+6
cholpon119966
2018-11-20 22:26:11
Маек супсак го...
0
Pandora
2018-11-20 23:39:10
Эмне жонундо маек болду? Тушунбой калдым... Жигити менен Нурмат жонундо элеби?
+3
pochanta
2018-11-21 16:03:02
Уфф
0
Guki
2018-11-21 22:09:59
Саламатсыздарбы админ, баланын суйлоосунун кечигуусу тууралуу жаздыныздар эле, ногойбаева деген врачтын. Ошонун ссылкасын жиберсениздер чон жардам кылат эленер
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан