ДЕКЛАРАЦИЯ: ТРАКТОРЛУУ ПРЕЗИДЕНТ, ҮЙҮ ЖОК ДЕПУТАТТАР

Жыл сайын өлкө башчысынан тарта үлкөн чиновниктер жылдык киреше-чыгашасы менен катар, менчик кандай мүлккө ээ экендигин көрсөтүп декларация тапшырышат. Жыл сайын коомчулук таң калуу менен алек. Адеп, карай келгенде эле аттуу-баштуу чиновниктердин жеке үйү эле эмес, менчик унаасы жок экендигин байкаса болот. Мындан улам кимиси чын, кимиси калп толтурганы белгисиз, бирок мүлктөрүн жашыргандар мыйзам түрүндө жооп беришерин Cалык кызматы эскерткен.

МИЛЛИОНДОП ТААП, МИЛЛИОНДОП КОРОТУП...

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр кызматында 8 ай иштеген. Анын ошол жылдагы кирешеси 891 миң сомду түзгөн. Чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Чыгашасын кой, жеке менчик унаасы жок, бирок МТЗ-30 үлгүсүндөгү трактору бар. Албетте, трактор керек, 61 гектар жер тилкесине жана 60 чарчы метрлик дачага ээлик кылып жатканда. 2016-жылы Жээнбековдун декларациясында жер тилкеси 46 гектар деп көрсөтүлгөнү маалым. Бир жыл ичинде МТЗ-30 тракторунун канчалык кереги тийгени көрүнүп турат. Мындан тышкары мамлекет башчы 160 чарчы метрлик үйү бар экендигин көргөзгөн.

2017-жылдын 11 айында өлкө башчылыгында Алмазбек Атамбаев турган. Анын декларациясында көрсөткөн маалымат боюнча, өткөн жылы 100 миллион 118 миң сом тапкан. Тапканына жараша чыгашасы да көп. Анын короткон чыгымы 77 миллион сомду түзгөнү жазылат. Ооба, экс-президент үй салып жатпады беле... Ошондой эле айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9 гектардан ашык жер тилкеси жана курулуп бүтө элек имараттары көрсөтүлгөн. Кыймылсыз мүлктөрү уулуна катталган, жакын туугандары 7 миллион сомдон ашык киреше табышкан.

АЙДАГАНЫ ЛЕКСУС, ТАПКАНЫ ЖЫЛЫНА 141 МИҢ СОМ...

2017-жылдын август айынан тарта премьер-министр болуп иштеген Сапар Исаковдун тапкан кирешеси 996 миң сомду түзгөн. Премьерликке чейин ал президенттин аппаратын жетектеп келген. Анын канча короткону көргөзүлгөн эмес, 127 чарчы метрлик батирге жана гаражга ээлик кылат, бирок унаасы жок. Кызыктын баары анын жакын туугандарында экендигин байкаса болот. Алсак, анын туугандары бир жылда болгону 141 миң сом тапкан. Бирок 370 чарчы метрлик үйү жана Лексус RX үлгүсүндөгү унаасы бар. 141 миң сомду он эки айга бөлсөк, айлык акысы айына орточо 11 миң сомго айланып калат. Бул карапайым элдин айлыктары сыяктуу экендиги көрүнөт.

Учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы 3 кызматты аркалаган. 1-вице премьер-министр, президенттин кеңешчиси жана президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары. Бул жылы ал 2,3 миллион сом киреше тапкан. Кыймылсыз мүлкү дагы, жеке унаасы да жок. Бирок 1,8 миллион сомго бааланган жылкылары бар, башка мал-жандыктарды кошкондо 4 миллион сомго чейин жетет.

ЖОГОРКУ КЫЗМАТТЫН "ЖОГОРКУ" КИРЕШЕЛЕРИ...

Фарид Ниязов 2017-жылы президенттин кеңешчиси, президенттик аппараттын башчысы кызматында жана шайлоо штабынын жетекчиси болгон. Анын бир жылдык кирешеси 521 миң сомду түзгөн. Анын 450 миң сомун короткону жазылган. 45,2 чарчы метрлик батири, 1346,4 чарчы метрлик 5 жер тилкесине ээлик кылат. 1984-жылы чыккан Ауди 80 үлгүсүндөгү унаасы, 2007-жылы чыккан ЛТЗ-60 үлгүсүндөгү трактору бар.

Учурдагы президенттик аппарат башчы Досалы Эсеналиев 2017-жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Анда анын жылдык кирешеси 938 миң сомду түзүп, чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Ал 170 чарчы метрлик 2 батирге, 2 миллион сомго бааланган жылкы, бодо мал жана майда жандыктарга ээлик кыларын жазган.

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева 1 миллион 355 миң сомдук киреше тапкан. Ал 750 чарчы метрлик жер тилкесине ээлик кылат.

Учурдагы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева 2017-жылы 1 миллион 153 миң сом киреше тапкан. Андан башка маалымат берген эмес.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2017-жылы өкмөттүк аппаратта, Коопсуздук кеңешинин биринчи орун басары болуп иштеп, 3 миллион 520 миң сом тапканын жазган. Ошол эле учурда 1 миллион 600 миң сом короткон. Ал декларациясына унаасы бар экенин көрсөткөн.

ҮЙ ЖОК, БИРОК 150 МИҢ СОМДУК ЭМЕРЕК БАР

Индира Жолдубаева 2017-жылы башкы прокурорлукту аркалап, 582 миң сом киреше тапкан. 28,9 чарчы метрлик үйү жана 34 чарчы метрлик батири бар. Мурунку прокурордун зер буюмдары 350 миң сомго бааланган. Жакын туугандары жөнүндө жазгысы келген эмеспи, айтор, бул жери бош бойдон калган.

Учурдагы баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 2017-жылы Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келген. Анын өзүнө катталган үйү жок, бирок жер тилкеси, 150 миң сомдук эмереги, жарым миллион сомго бааланган мал-жандыктары көрсөтүлгөн.

ТӨРАГАНЫН ТУУГАНДАРЫ КАЙДА?

Учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кийин төрага катары эмгектене баштаган. Ал бул жылы 769 миң 781 сом киреше тапкан. Ошондой эле 59,5 чарчы метрлик батирге ээ экенин көрсөткөн. Жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматты ачыктаган эмес.

Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков учурдагы депутаттардын арасынан эң көп киреше тапкан. Ал 2017-жылы 10 ай спикерликти аркалаган. Анын жылдык кирешеси
39 миллион сомду түзгөн, карамагында жалпы 551 чарчы метрлик
3 батир, 3 гараж, 2 гектар жер тилкеси жана 2003-жылкы Мерседес үлгүсүндөгү унаа жазылган. Жакын туугандары жалпы 2,5 миллион сом киреше табышкан, бул 2016-жылкыга салыштырганда дээрлик 10 эсеге аздык кылат.

КИРЕШЕСИНЕН ЧЫГАШАСЫ КӨП

Декларацияда кирешесинен чыгашасы көп болгондор да жок эмес. Алардын катарында президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов бар. Маалыматка ылайык, анын кирешеси былтыр болгону 1,3 миллион сомду түзгөн, бирок чыгашасы 11 миллион сомдон ашык. Мүлктөрүнөн 324 чарчы метрлик үйүн, жер тилкесин, Лексус LX үлгүсүндөгү унаасын, 4,3 миллион сомго бааланган жылкыларын жана банк эсебиндеги 2,6 миллион сомун көрсөткөн.

Эң ири чыгаша короткондордун сап башында "Бир бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов турат. Ал өткөн жылы 26 миллион сомдон ашык каражат сарптаган. Болгону 1,3 миллион сомго жетпеген кирешеси көрсөтүлгөн. Туугандары да чыгаша сарптоо боюнча депутаттан калган эмес. Анын туугандары жалпы 17 миллион сомдун тегерегинде коротушкан.

ДЕПУТАТТАР: 10 МЕНЧИК ҮЙ, БААЛУУ БАЛ ЧЕЛЕКТЕР, ГЕКТАРЛАГАН ЖЕРЛЕР

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында балчысы да, жылкы кармаганы, ондоп саналган үйү жана гектарлап ээлеген жерлери бар эл өкүлдөрүн көрүүгө болот. Алсак, Асылбек Жээнбековдун былтыркы жылы тапкан кирешеси 9,5 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле депутаттын 1 миллион 40 миң сомго бааланган малы бар, 350 миң сомдук бал челек кармайт.

КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаевдин декларациясына ылайык, тапкан кирешеси 7,9 миллион сом. Анын туугандары 158 миллион сом киреше табышкан. Бул көрсөткүч эң жогоркулардын катарында.

Марат Аманкулов декларациясына 10 турак үйү бар экендигин көргөзгөн. Иса Өмүркуловдун жеке менчик үйү жок, жалпы 24 гектардай жер тилкеси, 11 миллион сомго бааланган жылкылары бар.

Камчыбек Жолдошбаевдин декларациясына ылайык, 863 миң сом киреше таап, чакан 39,8 чарчы метр батирин гана көргөзгөн. “Беш-Сары” мекемеси башка жаранга өткөрүп берилгендиги көрсөтүлгөн.

2017-жылы эң аз киреше тапкан депутат Тариел Жоробеков болгон. Анын көрсөтүлгөн декларациясына ылайык, болгону 148 миң сом тапкан.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 138 миң сом киреше тапкан. Жакын туугандары 2017-жылы 4 миллион 820 миң сом киреше тапкан.

48 ДЕПУТАТТЫН ҮЙҮ ЖОК, КОКУЙ!

Эл өкүлдөрүнүн декларация толтурганына көз чаптырсак, алардын 48инин үйү жок. Муну окуганда батирден батирге көчүп жүргөндөрүн дароо элестетип кетүүгө болот. “Олигархтардын парламенти” атка конгон бул чакырылыштагы депутаттардын мындай маалыматтары чындыкка коошпой калат сыңары. Үйү жоктордун катарында Искендер Матраимов, Иса Өмүркулов, Канат Исаев сыяктуу эл өкүлдөрү бар. "Республика – Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянованын жеке менчик үйү жок, бирок мейманканасы бар экендиги жазылган.

МАКСАТ – КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛУУ

Бирдиктүү салык декларациясынын башкы максаты – ачыктык жана корруциянын алдын алуу. 12 айдын аралыгында тапкан киреше менен чыгаша боюнча ачык маалымат болуусу керек. Алсак, быйылкы жылы майда "Түндүк" темир жол бажы кызматынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүн тинтүүдө бир катар баалуу буюмдар, алтын кол сааттар табылып, кылмыш иши козголгон. Бул мисалдын бири гана.

Мурунку жылдары декларацияны Мамлекеттик кадр кызматы текшерсе, быйылкы жылы Cалык кызматы текшерди. Президент өзү декларацияны дыкат текшерүү керек экендигин айтып келген. Кай бири чындыкты жазса, кээ биринин декларациясына ишенүүгө кыйын. Декларацияда толтурган маалыматка реалдуулугу дал келбеген 50дөн ашык кызмат адамы бар экендигин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирген. Текшерүү аяктай элек деп алардын аттары аталбай жатат. Декларация толтуруудан майнап чыгабы, мүлкүн жашыргандарга кылмыш иши козголобу деген суроолорго азырынча жооп жок.

Адилет Керимбек уулу

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан