ООРУЙ БЕРГЕНИ ҮЧҮН АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРГӨН КҮЙӨӨСҮ 13 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кош-Коргон айылынын тургуну аялын сабап, тепкилеп, шыпыргы менен уруп өлтүрүп койгон. Сот зөөкүр күйөөсүн күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты.

ЖЫГЫЛЫП КАЛГАНДА ДА ТЕПКИЛЕГЕН

Жогорку соттун маалыматына караганда, 2015-жылдын 16-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кош-Коргон айылында оор кылмыш катталган. Анда мас абалында үйүнө келген 1976-жылы туулган Бактыяр Бектур уулу 2-3 күндөн бери талма оорусу кармап алсыз абалда жүргөн аялын «ооруй бересиң» деп тилдеп, ичке уруп, жыгылып калганда тепкилеген. Аялы ордунан тура албай жатып калганда сүйрөп четке жаткырып коюп, шыпыргынын сабы менен дагы сабаган. Аялы алган жаракаттарынан улам ошол жерден өмүрү менен кош айтышкан. Анын артында бойго жете элек 5 баласы жетим калды.

Бул боюнча тергөө иштери жүрүп, жыйынтыгында сотко өткөрүлүп берилген. 2016-жылдын 2-февралында Базар-Коргон райондук соту Бактыяр Бектур уулун киши өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Соттолгон жаран райондук соттун өкүмү менен макул болбой жогорку инстанцияга кайрылган. 2018-жылдын 25-октябрында бул ишти караган Жалал-Абад облустук соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Бактыяр Бектур уулу мүлкү конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында жазасын өтөмөкчү.

«АЯЛЫМДЫ ӨЛТҮРГӨН ЭМЕСМИН»

Күнөөлүү деп табылган Бактыяр Бектур уулу аялын өлтүрүү тууралуу ойлобогондугун, убагында аялына жардам бере албай калгандыгы үчүн өкүнүп жаткандыгын сотто мындайча түшүндүргөн:

– Күнөөмдү жарым-жартылай моюнума алам. Чындыгында келинчегим экөөбүз уруша кеткенбиз. Бирок айыптоодо көрсөтүлгөндөй ичкилик ичкен эмесмин. Бул боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Ооруп жаткан келинчегимди өлтүрүү боюнча оюм болгон эмес. Урушуп-талашкандын эртеси күнү аялымдын талмасы кармап, кайра өзүнө келип сүйлөшүп калган. Убагында ооруканага барбай койгонунан ушундай коркунучтуу окуя болуп калды. Бул үчүн өкүнөм. Бойго жете элек 5 баламдын жетим болуп калганына да жаман болуп отурам.

«КЫЗЫМДЫН БАШЫ ЖАРЫЛЫП, КАБЫРГАЛАРЫ СЫНЫПТЫР»

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү, маркумдун апасы кызынын өлүмүнөн кийин оорукчан болуп калганын айтып төмөнкүчө көрсөтмө берген:

– Кызым каза болгондо анын үйүнө барып денесин көргөм. Анда кызымдын башынын арт жагындагы сөөгү жарылып кеткенин, көкүрөктөрү көгөрүп, кабыргалары сынып кеткенин көргөнбүз. Кызымды ушунчалык катуу сабагандыктан ички органдары, алдыңкы жыныс органы тарабынан сыртка чыгып кетиптир. Соттолгон жарандын врач жакын тууганы бар. Ошондуктан ал тааныштары аркылуу экспертизанын корутундусун бурмалап чыгарттырган. Күйөө балам балдарын да ойлоп койбой алардын апасын сабап өлтүрүп койду. Ал түрмөдөн чыккандан кийин деле балдарына жакшы тарбия бере аларына же аларга жакшы мамиле кыларына көзүм жетпейт. Мен болсо кызымдан айрылып, күйүтүмө чыдабай оорукчан да болуп калдым.

Перизат Музуратбекова

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
nur0202
2018-11-20 12:30:56
Мен тан калам неге келтек жеп жатып беришет.Кучу жетпесе бирдеке менен жыга чаппайбы куйоосун.Жообун эки эсе бербейби.Любой жолун тапса болот го.Жок дегенде бычак менен бир жерин шылып жибербейби ХХХ эрин.Былжырап жатып ыйлагандан башка эчтеке билбесе конечно ХХХ эри басмырлайт.ХХХ.
-17
noeli
2018-11-20 12:37:08
nur0202,оорукчан экен да алсыз.Бирок ошол сен айткандай бычак мычакты матырып алыш керек андай чочколорго.
+6
nurhan2702
2018-11-20 17:54:54
noeli,биздин айылдан болот.Жаны уйлонгондо жакшына келин эле ,ура берип мээси чайкалып ооруп калган экен .Акыры олтуруп тынды .Менин оюмча 13жыл аздык кылат
+16
noeli
2018-11-20 12:37:23
nur0202,оорукчан экен да алсыз.Бирок ошол сен айткандай бычак мычакты матырып алыш керек андай ХХХ
+1
Aibyikem
2018-11-20 14:02:09
nur0202, аялды не огуз дейсин кайра жообун бергидей. Эркектин бир мушу эле ондурбайт, кантип кайра куйоосуно атака койсун. Андан хуже кылат, калган -куткан соо жерин сындырып. Дооруп эле жаза берет ушу кебироо.
+10
nur0202
2018-11-20 15:55:57
Aibyikem,ичегиси сыртка чыгып кеткиче урса да жата бериш керекпи.башындале уруп баштагандале жаны жокпу качканга.кача албаса колуна тийген нерсе мн атып урсун.анда да кылалбаса салбандаган мучосуно теппейби озорто.Сен дооруп жатасын.Кичине болсо да озун защита кылыш керекпи.Же олуп кете бериш керекпи.Мындай ХХХ эркекти эркек катары корбостон.
-15
Matahara1980
2018-11-20 21:44:26
nur0202,правильно уболук менен тобосун тушуро чабыш керек мындай зоокур эрлерди, ушундай куйоо иметь эткиче омур бою эрсиз откон жакшы, 5 балам жетим калды деп былжыраганын, озу жетим кылып коюп, эми турмодо ХХХ ХХХ ХХХ
+9
Aibyikem
2018-11-20 22:34:09
nur0202,оорусу бар экен деп бадырайып жазылып турат. Мен урган эркекти колдобойм, мындайлар олум жазасына татыктуу. Кебир коментарий жазгандардын антпейби-минтпейби деп четте туруп акыл уйроткондоруно тан калам. Как бутдо аялдын баарын гигант элестетип, же бокс каратэ мн машыгып жургондой ойлойсунарда.Эгер ошол эркек сооройго кучу жетсе, сенин акылынсыз эле ХХХ ХХХ коймок. Минтип кара жерди кучактап жатпастан. Ойлонуп жазгылачы кичине.Алсыздыгынан, назиктигинен таяк жеп атат.
+13
Nanei
2018-11-25 14:28:42
nur0202,талмасы кармап жаткан деп жазылып турат ко,эсин оодара урса кантип качат???
+2
Farkhat07.05.89
2018-11-20 17:02:59
nur0202,маркум аялдын талмасы бар экен деп жазылып туратко.Талма деген кандай оору билесинби?Талмасы кармаганда жатып каласын калчылдап,колу-бутун тырышып
+9
Nora
2018-11-22 06:59:40
nur0202,

ar turluuu tagdyrlar bar daa, sen aita beresin , byljyrap jatyp berbei deisin , oorup atsa tigi zookur oshol momentten paidalanyp olturup koiuptur daa, ech kimdin bashyna salbasyn, bul bir munotto bolup kete turgan kyrsyk da.
+3
Kgda
2018-11-22 12:39:21
nur0202, Аял киши эмес кучтуурок эркек алсыз эркеке кол которс эркегин да ответ бералбай тепкисин жеп жатып калат. Бир удар менен ичин туйуп буктоп койдуда же башка бир уруп уктатып коюп тепкилеп жанчып салды. Анан кайдан жооп берсин эсин оодара чапса. Эркектер аялдарды сыйлагыла кол которбогуло.
+3
nazi84
2018-11-25 18:28:18
nur0202,озу талма оорусу кармап жатса кантип ответин бермек эле. Кызыксынар го. Соо болсо да бир жон.
0
sai91kg
2018-11-20 13:12:28
Ужас өлүм жазасын киргизүү керек ошондо гана кылмыш азаят
+4
Aisle
2018-11-20 13:48:33
жогорудагыга кошулам.ыйлап жатып бербей уруш керек эле.ооруп атса токмоктосо да унчукпай жата береби.эрди сыйлаш керек деген тушунукту нараак ыргытып мээден.андай эр менен 5баланы деп жашаганча ажырашып кеткен жакшы 5бала чоное бермек ичээр суусу тугонбосо чонойсо туура тарбия берсе оздору багып алмак келинди.эрин сени сыйлабаса зачем сен аны сыйлайсын токмоктогуча карап турасын.акыры аялдын дагы намысы эрки болуш керекго.Озунорду сыйлагыла аялдар биринчи орунда.АНАН эркекта сыйлайт.
-2
Farkhat07.05.89
2018-11-20 17:04:16
Aisle,маркум аялдын талмасы бар экен деп жазылып туратко.Талма деген эмне оору экенин билесинби?Талмасы кармаганда жатып каласын калчылдап, колу-буту тырышып.Эчтеке кыла албай.
+6
JaneEr
2018-11-20 23:06:14
Аялын оорукчан кылып акыры тугуно жетип олтуруп тыныптыр ХХХ
+6
barakcha
2018-11-27 09:27:29
JaneEr,ошол учун бир эле жолу кол которгон эркектен кетиш керек!Андай неме омур бою жыргатпайт
0
Pandora
2018-11-20 23:49:13
Теманы окуп эле бут денем титиреп чыкты,журогум оорлошуп (((
+3
ice87
2018-11-21 00:00:07
Куйоосуно ответ бербейби депсинер,кантип берет?Ал деген аял,алсыз!Мен деле куйоомо кучум жетпейт!Кол кайтара турган болсом тээп салат
+7
hanisa
2018-11-21 08:54:46
ice87,туура айтасын аял киши барибир Назик, алсыз,мисалы мен 165 боюм куйомдуку 178 менин алып жетпейт
+2
admin_media
2018-11-21 10:32:44
aimai, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
Gulnyr19
2018-11-21 22:06:52
13 жыл аздык кылат кой тоок уурдагандар ошончо жылга соттолушуп жатат бул зөөкүр адам өлтүрүп 13жылга соттолуп уят эле
+5
aiposharysbekova
2018-11-21 22:30:33
13 жыл бул эмне дегени. Же бизде мал адамдын айырмасы болбой калганбы. кой уурдаса уй уурдаса деле ошол жыл берилет. керек болсо отконкуго окшотуп олтуруп тынат. а адам олтурсо база женил экенда жааль
+5
suranam
2018-11-22 12:51:45
Колуна шал тийгир!!! Олуп эле ал!
+6
pochanta
2018-11-23 19:23:05
Олуп кеткир
+4
Targarien
2018-11-24 00:06:28
Мулкун албай сот ошол 5 балага калтырсын
+1
KG.Kushtarbek
2018-11-24 08:20:50
ХХХ Мындайларды атып олтургонго ок да жалка
+2
belka.kg
2018-11-24 09:28:20
Жогоруда качпайбы же алда урбайьы деп атышат,бирок ооруп аткан адам эмес соо адам да кача албаса керек тем более аял киши эркекке кучун жетпейтго.13 жыл аз бериптир десем тиги зоокур нааразыго коп берди деп,эх ар бир пендеге ыйман берсин.Тообо дейт турган заман.
+2
Asylai88
2018-11-26 11:33:19
Адам кейпин кийген ХХХ. Озу оорулуу да болсо 5 бала тороп берсе аны уруп атандын акысы барбы шал болгур. 13 жыл аз ага дагы ошончо жыл кошсо да аз андай башы жок эр соройго. Кудайдын каарында калгыр ошончо болгуча да сабайбы.
+1
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан