Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жүргүнчүсү таксистти бычактап, унаасын айдап кеткен. Бирок ал унааны башкара албай арыкка тыгылып, өзү жөө из жашырып кеткен. Окуянын чоо-жайын тараптар айтып беришти.
«ШЕКТҮҮ ЖАРАНДЫН СОЦИАЛДЫК АБАЛЫ ӨТӨ НАЧАР ЭКЕН»
Бул кылмыштын бетин ачкандардын бири Жалал-Абад ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкери Тынчтыкбек Кайыпов кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кылмыш 11-октябрдан 12сине караган түнү болгон. Бизге маалымат түшкөндөн баштап издөө иштерин жүргүзө баштадык. 26-октябрь күнү кылмышка шектүү катары 1998-жылы Базар-Коргон районунун Чоң-Курулуш айылында туулган Ж. уулу М. аттуу жаранды колго түшүрдүк. Анын документтери жок болгондуктан өздүгүн аныктоо да кыйынга турду. Шектүүнүн социалдык абалы өтө начар экен. 2 жыл мурун апасы кайтыш болуп, 5 бир тууганы ар кайсы туугандарынын колуна өтүптүр. Өзү эң улуусу экен. Апасы каза болгондон кийин үйүнөн чыгып кетиптир. Атасы болсо 2-топтогу майып.
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү унааны башкара албай арыкка түшүп калгандан кийин Базар-Коргон тарапты көздөй тоо аралап качыптыр. Акман айылына барып, таң атканча отуруп, эртең менен жолдон унаа тосуп, айдоочудан суранып Жалал-Абад шаарына чейин бекер келет. Ошентип Жалал-Абадда, Сузакта таш заводдорунда иштеп жүрө бериптир. Ал заводдордо иштегендерге жаткан жери, тамак-ашы бекер. Буга чейин да ушинтип жалданып иштеп жүрчү экен.
Ал 26-октябрь күнү Сузактагы Таран-Базар айылында жашаган сүйлөшкөн кызына бирөөнүн телефону аркылуу чалып “Бишкекте жүрөм, азыр мени милиция издеп жатат. Кийин сөзсүз барам” деп айтыптыр. Биз кылмышка шектүүнү ошол чалуу аркылуу таптык. Кылмышка шектүү унааны айдап качып, Бишкекте жашаган аталаш агасына барып, унааны сатмак экен. Факт боюнча Сузак РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал соттун чечими менен Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
«АКЧА ТАБУУ МАКСАТЫНДА ТАКСИСТКЕ БЫЧАК САЙДЫМ»
Кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүнөн:
– Ал күнү таксист менен сүйлөшүп “Санпа” эстелиги жакка айдатып бардым. Акча таап алам деген максатта таксистке бычак сайдым. Ал качып кеткенден кийин коркуп унаасын айдап качтым. Унаа арыкка тыгылып калганда адырды көздөй качтым. Качып жүрүп милицияга кармалып калдым.
«ТАКСИСТ БОЛГУМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»
Жүргүнчүнүн колунан бычак жеген таксист 21 жаштагы Аваздын абалы азыр жакшы. Ооруканада 10 күн дарыланып үйүнө чыгарылган.
– Жалал-Абад шаарынын ичинде өзүмдүн Тойота Ист үлгүсүндөгү унаам менен таксист болуп иштейм. 11-октябрь күнү шаардын борборунда турсам, бир кардар келип “Санпа” эстелиги жакка айдатып барды. Бишкектен келе турган жүктү күтөбүз деген. Унаадан түшүп телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан. Телефон карап отуруп, бир маалда уктап кетиптирмин. Ошондо бычак сайды. 3 жериме: сол желкеме, оң жак кулагымдын артына, бетиме сайгандан кийин мен эптеп унаанын эшигин ачып качып чыгып, артымда турган унаага жардам сурап кайрылдым. Кылмышкер менин унаамды айдап качып кетти, мен жардам сураган айдоочунун унаасы менен артынан жөнөдүк. Ал 1 жарым чакырымдай айдап барып, рулду башкара албай, унаа жолдун четине чыгып, арыкка түшүп калыптыр. Биз барсак, машина турат, бала жок экен. Телефонум менен акчам машинанын ичинде калган. Эч нерсени алганга жетишпептир. Коркуп шашып кетип калган окшойт. Телефонду алып эле чогуу иштеген таксисттерге чалып, аларды чакырдым. Унаамды тартип сакчыларына тапшырдык. Досторум мени ооруканага алып барышты. Бычак сайылган жерлеримди тиктирип, ооруканада 10 күндөй дарыланып чыктым. Азыр жакшы болуп калдым. Ошондон кийин таксист болгум келбей калды. Корккон жокмун, бирок азырынча ал жумушка чыкпайм.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg