Белгилүү юрист Нурбек Токтакунов “2017-жылкы президенттик шайлоодогу Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржылык маалыматтары” деп Excel форматындагы таблицаны жарыялады. Анда акча которуулар боюнча бир топ фамилияларды көрүүгө болот. Токтакунов колуна келип түшкөн маалымат боюнча талапкер Жээнбековдун штабы шайлоого расмий жарыяланган суммадан эселеп көп каражат сарптаганын, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, бул маалыматтын чын-төгүнүн териштириши зарылдыгын, эгер аныкталса анда президентке импичмент жарыялоо керектигин айтат. Төмөндө юристтин жазган билдирүүсүн келтиребиз: “Шашылыш! Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду. Бул посттун аягындагы шилтеме менен кирип, сиздер президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун борбордук шайлоо штабынын кассасы боюнча
Exсel файл менен тааныша аласыздар. Мага бул документ бул шайлоо штабына тиешеси бар, Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган адам тарабынан берилди. Биринчи жолу биз шайлоо процессинин реалдуу финансылык ашканасын көрүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Бул файл кайсы бир деңгээлде шайлоодогу уурулукка инструкция десе да болот.
Расмий түрдө Жээнбековдун шайлоо кампаниясына 158 миллион 096 миң 175 сом жумшалган. Ал эми иш жүзүндө, бул документте көрүнүп тургандай, Жээнбековдун шайлоо кампаниясына 1 миллиард 170 миллион 265 миң 187 сом жана 6 миллион 855 миң 700 АКШ доллары сарпталган. Ошол маалдагы доллардын баасы менен жалпысынан 24 миллион доллардын тегерегинде акча коротулганы көрүнүп турат. Болгондо да кассага келген акчалардын дээрлик баары кайсы бир “СШдан ИС аркылуу” келген. Бул тамгаларды Сооронбай Шарипович жана Икрам Саттарович деп чечмелөө кыйын эмес. Белгилүү болгондой, президент кезинде Алмазбек Атамбаевге абдан жакын адам саналган Икрамжан Илмиянов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабын каржылаган. Ал кезде Атамбаев менен Жээнбеков дос деп саналышчу жана Жээнбековдун жеңиши үчүн бирге күрөшүп жатышкан”,- деп жазат белгилүү адвокат.
Бул маалымат боюнча комментарий берүүнү өтүнүп президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиевага кайрылдык. Ал: "Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, кол тамга (подпись) жок. Фейк маалыматка комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген",- деп билдирди.
Фото
Автандил Добулбеков
politika@super.kg