Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Башка жактык өнөктөш, текшерүү органдары, куда-сөөктөр менен болгон мамиле өзгөрүлүп турмакчы. Курбу, кесиптештер менен жакшы тил табышасыз. Акча табууга болгон аракетиңиз күчөйт. Башкысы өзүмчүл болбоңуз. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кире турган киреше акчалай же буюм түрүндө болушу мүмкүн. Кирешеге ээ болуу үчүн өкмөт адамдарына же жетекчиликке кайрылууңуз күтүлүүдө. Эл менен алака кылууда токтоо болуңуз. Таарынычтар чыгышы ыктымал.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада көп карым-катнаш жасайсыз. Айрым адамдар менен мамилеңиз курчуса, айрымдары жакшы мамиле жасашат. Таанышуулар күтүлүүдө. Сунуштар түшсө четке какпаңыз. Кызматтагылар тараптан бут тосуулар болсо капаланбаңыз. БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада кесиптештердин эки топко бөлүнүп калганын байкайсыз. Биринчи топ сизди колдосо, экинчиси, тескерисинче, сизге каршы чыгат. Андыктан ийкемдүү болуп, токтоолук көрсөтүңүз. Ошентсеңиз колуңузга акча тийиши да мүмкүн.
АРСТАН (23.07-23.08)
Балдарыңызга мамиле кылууда педагогдук сапаттарды көрсөтүңүз. Антпесеңиз ортодо таарынычтар күчөп, сиз күнөөлүү болуп каласыз. Жан шериктер ортосунда сезимдер күчөйт.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үйүңүзгө конок келет. Үйдөгү атмосфера кээде жакшы, кээде чыңалуу абалында болот. Андыктан токтоо болууга аракет жасаңыз. Жакындарыңыздын урматына ээ болосуз. Жумуш жакшы жүрөт. ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. Унааны бир ирет текшерүүдөн өткөрүп алыңыз. Кошуна, жакын туугандар менен алакалар көп болот. Акча, буюм маселесине көңүл бурасыз. Үйдөгүлөрдүн мамилеси же эс алуу маанайыңызды көтөрөт.ЧАЯН (24.10-22.11)
Акча табууга көбүрөөк аракет жасайсыз. Киреше кирет, чыгым да чыгат. Киреше көп кириши үчүн ата-энеңиз же жакын туугандар менен тыгыз байланышта болуңуз. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Кошуна, жакын дос же бир туугандар менен чогуу иш алып барсаңыз, ишиңиз илгерилейт. Үй чарбага тийиштүү маселелерди чечүүдө тоскоолдуктар жаралат.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жабык типтеги мекемелерге барууга туура келет. Купуя иш-аракеттерди жасайсыз. Түшүнүксүз нерселер ачыкталат. Кошуна, бир тууган, жакын дос менен баарлашууда токтоо болуңуз. Акча аласыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Курбу, өнөктөш менен чогуу иш алып барасыз. Иштин жыйынтыгы жарым-жартылай кубандыруусу мүмкүн. Айрым тилектер орундалат. Лидерликти өз колуңузга алыңыз. Чарба иштерине жүгүрөсүз. Акча муктаждыгы жаралат.БАЛЫК (20.02-20.03)
Кызматтагы адамдар же жетекчилик менен чогуу иш алып барууга туура келет. Сүйлөшүү учурунда тактикалуу болуңуз. Антпесеңиз маселе жаратып аласыз. Жашыруун аракеттерди жасап, ачууңузду ооздуктаңыз.