Гүлнур Сатылганова 1-ноябрда 50 жашка толду. Ырчы 50 жылдык өмүрүндө мыкты чыгармалары менен миллиондогон угарман таап, эл сыйлаган эрке кызга айланды десек жаңылышпайбыз. Эл артисти юбилейин белгилеп, борбордогу ресторандардын биринде жакшы санаалаштарын чакырып той берди.
– Гүлнур эже, 50 жашыңыз кут болсун! Кепти юбилейиңизден баштайлы. Той берген адамдын баары эле жакшы өткөрөлү деп аракет кылат, бирок ар бир той ар кандай маанай жаратат. Сиздики чынында мыкты болду, ал пейилден да болсо керек. Канча убакыт даярдандыңыз?
– Рахмат. Негизи мен быйыл юбилейиме карата чоң концерт берсемби деген планда жүргөм. Аны жазга жылдырып, ага чейин телевизиондук багыттагы концертимди өткөрдүм. Ырларымды жазган акындар, композиторлор, кесиптештерим келип катышышты. Ал эми тойду өткөрүүгө көп деле даярданган жокмун. Той уюштурган балдар-кыздар бар экен, ошолор чуркап, залдын жасалгасынан баштап, сценарийине чейин өздөрү даярдашты. Албетте, менден “мындай кылганы жатабыз, сизге жагабы?” деп сурап коюп жатышты.
Тойдо сюрприздер көп болду. Менин ырларым менен бийчилер мыкты оюндарды, бийлерди даярдашыптыр. Алардан деле кабарым жок эле. Уулум Арназдын Мирбек (ред.: Атабеков) менен жазган дуэти да сюрприз болду. “Энекем, ай” деген ырды ырдашканда көзүмө жаш тегеренип кетти. Ичимден уулум бир ыр ырдаса керек деп ойлогом, бирок Мирбек менен ошол ырды ырдаарын билген эмесмин.
Негизи той берүү концерт берүүдөн да татаалыраак экен. Дасторконду караш керек, ар бир конокко көңүл буруш керек дегендей. Той бербей деле койсом болмок. Бирок элүү жашка бир эле жолу чыгат экенбиз да. Эл көзүндөгү таанымал адам болгондуктан, мен сыйлаган инсандарды, бир туугандарымды, кесиптештеримди, ага-ини, эже-сиңдилеримди чакырып, өзүм үчүн, уулум үчүн бата алып коёюн дедим. Уюштурууда “эжеке, сизге жардам беребиз” дешип колдон-буттан алгандар көп болду. Туулган күнүм өзү 1-ноябрда, 2 аптада уюштуруп, 12-ноябрга туш келди.
Коноктордун көбү сахналаштарым да, алар ансыз да күнүгө тойлордо ырдап жүрүшөт. Алар ырдабай конок болуп кетишсин деп жандуу музыканын коштоосунда өзүм ырдадым, иним, сиңдим, досторум ырдашты.
– Той учурунда Гүлшайыр Садыбакасова сизге 8-класста окуп жатканыңызда жолукканын, “Кыз-Бурак” тобуна чакырганын айтты. Топко эмнеге барбай койдуңуз эле?
– 16 жашымда “Миң кыял” деген ансамбль менен Ноокатта гастролдо жүрүп, бир мейманканадан Гүлшайыр эже менен жолугушуп калдым. Мен бир бөлмөдө “Кыз-Бурактын” кыздары менен жатып калгам. Ошондо кыздар "Гүлшайыр эже өтө катаал, тартипке бекем" дешти. Бир убакта “сени Гүлшайыр эже чакырып жатат” деп чакырышты. Кыздар катаал десе мен бери жактан эле коркуп алыптырмын, элеңдеп бөлмөсүнө барсам “сен жакшы ырдайт экенсиң, топко келбейсиңби” деди. Жок деп айта албай, “ойлоноюн” дедим. Кийин өз жолум менен кеттим. Балким, “Миң кыялда” ырдабасам “Кыз-Буракка” кошулуп кетмекмин.
– Бир жолу “жаш кезде убакыт жай, 30дан ашканы күндөр зуулдап өтөт экен” дедиңиз эле. 50 жашка кантип чыкканыңызды деле билбей калдыңызбы?
– "Аял киши жашын айтпайт" деген тамаша сөз бар эмеспи. Бирок мен элүүгө чыктым дегенден эч уялбайм. Илгери биз бала кезде элүүгө чыкты десе карып калыптыр дечүмүн. Ал адамдын өзүнөн экен. “Элүүгө чыктым, карып калдым” десе адам өзүн кары сезе берет. Мен элүү жашты жакшы жашап өттүм десем болот. Баягыдай эле чуркап иштеп, чыгармачылыгымды өстүрүп жүрөм. Элүү деген сан эле болбосо, өзүмдү жапжаш сезем.
Артка кылчаюу менен элимдин эрке кызы катары өзүмдү бактылуу сездим.
– 50 жылдык өмүрүңүздө кандай урунттуу иштер болуптур?
– Уулум жарыкка келип, эне статусуна ээ болгонум, анын биринчи кадамы, тили чыкканы, кыскасы, ар бир жаңы кадамы өмүрүмдөгү урунттуу окуялар. Ал эми чыгармачылык жолумда ар бир жазылган ырым мен үчүн өзгөчө күн болду. Мен буга чейин көп концерттерди уюштурдум. Бири-бирине окшошкон жок. Көрөрманга билинбегени менен, сахна артындагы түйшүк өзүнчө иш. Эптеп-септеп жасап койгон концерттерим болгон жок. Ар бир концертимден каражатымды, убактымды аябай, жан дилим менен берилип уюштуруп жаттым. Ырларым, клиптерим, концерттерим элдин эсинде калат деп ойлойм. Ырларым менен кийинки муундар тарбияланып өсүп келе жатышат.
– Эми чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болот? Кандай ырларды күтөлү?
– Алдыда көп пландарым бар. Кечээ тойдо жаңы клиптин бет ачарын кылышыбыз керек эле, монтажы бүтпөй калды. Сөзүн Кыялбек Урманбетов, обонун Эркин Мээрканов жазган “Ашыкпа” деген чыгармага клип тартканбыз. Жакында ошол клибим чыгат. “Ачылайын айгүл тоонун гүлүндөй” деген сонун чыгарманы ырдадым, жакында угасыздар. Мыкты чыгармаларды байма-бай жаздырып, аларга клип тарттырайын деген пландар менен алдыга кетип бара жатам.
Чыныгы чыгармачыл адам эч качан чыгармачылыгын таштабаш керек. Таштап салса ооруп калышы мүмкүн. Азыр ал-күч барда ырларым менен жашайм.
– Уулуңуз Арназ шыңга бойлуу, келишимдүү жигит болуптур. Сизге окшото албадым, атасына окшошпу?
– Уулум чоң жигит болду, буюрса. Атасына окшош, албетте. Ал дагы таланттуу. Кичинесинен бий ийримине барды, жакшы ырдайт. Кытайдагы окуусун бүтүп келип, Бишкекте иштеп жатат.
– Уулуңузду жалгыз тарбиялоо оор болдубу?
– Ооба, уулум кичинесинен атасыз өсүп калды. Өзүм ээрчитип жүрүп чоңойттум. Кээде отуруп “уулумдун атасы болгондо кандай болот эле, атасыз өсүп калды” деп кабатыр болчумун, азыр деле ойлоном. Эми бул турмуш экен, тагдыр экен. Бирок уулумду колумдан келишинче тарбияладым. Баары бир эркек бала энесине эркелеп, мени укпай коюшу мүмкүн. Анткени чоң жигит болду, кыялы бар дегендей. Уулум аман-эсен, ыймандуу жигит болуп жүрсө деп дайыма тилеп келем.
– Рахмат маегиңизге, өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз бекем болсун. Чыгармачылык ийгилик.
“Уулум бир ыр ырдаса керек деп ойлогом. Мирбек менен “Энекем, ай” ырын ырдаганда көзүмө жаш айланды”.
“Тойго келген коноктордун көбү сахналаштарым болду. Алар ансыз да күнүгө тойлордо ырдап жүрүшпөйбү. Ырдабай, ойноп-күлүп конок болуп кетишсин деп көбүн ырдаткан жокмун”.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg