АТАМБАЕВДИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ БИШКЕКТИН МЭРИНЕ НААРАЗЫ

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Бишкек шаар башчысынын ишине нааразы. Бул тууралуу Султанов өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты. "Кимдир бирөө Бишкек шаарынын мэрин көрдүбү? Ал жазында менин унаамдын алдыңкы бамперин оңдоп бериши керек. Жолдор эмнеге айланып калганы белгисиз же Белинский көчөсүнөн (Чыңгыз Айтматов проспектиси) башка көчөлөр жокпу?"- дейт ал.

Семетей Султанов учурда Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясынын президенти. Ал федерацияны жетектей баштагандан бери Кыргыздын футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 команданын арасынан 196-орундан 90-орунга чейин көтөрүлдү. Өлкө тарыхында биринчи жолу Кыргыз курамасы Азия кубогунун финалдык баскычына өттү. Өлкөдө Кыргыз футболунун күйөрмандары өсүп баштаганын Бишкектин башкы стадионунда өтүп жаткан ар бир беттеш далилдөөдө.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан