МИЛИЦИЯНЫН ЭЛГЕ ЖАСАГАН ОРОЙ МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРҮҮСҮЗ КАЛУУДА

Парламент депутаты Закир Шарапов “Шамбесай” кени боюнча бийлик өкүлдөрүнүн элге жасаган мамилесин сынга алды. Депутат кенге байланыштуу чырда милиция кызматкерлеринин энелерди сүйрөп, орой мамиле кылганы чет жердеги мигранттардын кыжырын келтиргенин Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып чыкты. Буга чейин милициянын элге жасаган мамилесин депутат Исхак Масалиев да айтып чыккан. “Милициянын кемпирлерди сүйрөп жүргөнү туура эмес. Аксы окуясында да талаада элге так ушундай мамиле жасалган. Аягы эмнеге алпарганы белгилүү. Эл менен жөнөкөй тилде сүйлөшө албаган бийликтин кереги барбы?”- деген Масалиев.

Айта кетсек, октябрь айында Баткендеги “Шамбесай” алтын кенинде жергиликтүү калк менен өкмөт өкүлдөрүнүн ортосунда түшүнбөстүк чыккан. Жергиликтүү жашоочулар элдин ден соолугуна зыяны тие турган кенди бийлик кытайлык компанияга бергени жатат деп нааразы. Эскерте кетсек, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн элге жасаган орой мамилеси 2017-жылы митингде Садыр Жапаровдун тарапташтарын кармоодо да нааразычылык жараткан.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан