ОКУУЧУ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮ ДАРЫГЕР ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

Бишкекте 15 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип жаткан №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди. Ал үй камагына Свердлов райондук сотунун чечими менен чыгарылды.

Ушул жылы августта Бишкектин 15 жаштагы тургуну аталган борбордо ийне сайылгандан кийин каза болуп калган. Окуяны иликтөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия да түзгөн. Кылмышка шектүү дарыгерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси – медициналык кызматкердин кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбоосу боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.

Жакында Бишкекте 4 ымыркайды сатканы аныкталып, камакка алынган 5 медицина кызматкеринин бири да Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгып кеткен. Маалыматты ИИМ тастыктап, соттун чечимине комментарий берилбей турганын билдирди. Оор кылмышка шектелип жаткандарга эмнеден улам мындай жумшак мамиле болуп жатканы белгисиз.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aisle
2018-11-20 13:50:54
тааныш билишчилик...эхх сотторду буут атып салса.милицияны ген штабты прокуратура медиктер мугалимдер баары баарында коррупция.
+1
Aibyikem
2018-11-20 14:05:16
Адам омурун соодалап жаткандарды неге башынан сылап туруп, уй камагына чыгарып атышат?
+1
Nurtilek82
2018-11-20 14:26:04
Ортомчу болгон ХХХ адвокаттарды ХХХ оор кылмыш экенин билип турушуп ушу ХХХ кылат иштин баарын
0
Tipi17
2018-11-20 17:13:27
Акча акча акча да акчаны берди да уй камагына чыкты ошол акчаны алып уй камагына чыгарган акмактардын башына барганда гана билишет бироонун сыздап баласын эстеп ыйлаганын
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан