БИШКЕКТИН АБАСЫ НОРМАДАН 20 ЭСЕ АШЫКЧА БУЛГАНГАНЫ АЙТЫЛЫП ЖАТАТ
"МувГрин" кыймылынын өкүлдөрү Бишкекте абанын тазалыгына байкоо жүргүзүп көрүштү. Шаардын ар кайсы жерине өлчөөчү жабдыктар коюлган. Андагы цифралар борбор шаарда аба нормадан 20 эсе ашыкча булганып жатканын көрсөтүүдө. ЖМКларга жарыяланган маалыматка таянсак, "Ош базарынын" аймагында абадагы зыяндуу заттардын көлөмү нормадан 19 эсе ашыкча экени аныкталды. Ак-Өргөө, Чыгыш-5 аймактарында да абанын булгануусу нормадан эселеп ашыкча экени белгилүү болду. Өкмөт Бишкекте аба кир экенин моюнга алат. Тийиштүү органдар муну шаарда автоунаалардын кескин көбөйүп кеткени, кышында жер үйлөрдө көмүр жагуунун күч алары менен түшүндүрүп жүрүшөт. Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу азырынча табыла элек. Бишкекте абанын тазаланышына шарт түзө турган бак-дарактар элиталык көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн, жолду кеңейтүү үчүн деген шылтоолор менен кыйылып жатат. Ордуна жаңы көчөт отургузулганы менен, алардын бир бөлүгү куурап калып жатканы ЖМКларда дайыма айтылып, жазылып келе жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.