(Башталышы өткөн санда)
Сүйөм, ооба. Сүйөм, жек көрөм. Жок болуп кетишиңди тилейм. Жок болуп кет! Өлүп кал деп кантип айтам? Мен кантем? Кантип сен дебей, кантип азап тартпай жашайм, кантип сени сагынбай жашайм? Сени сагынып жашоо дегендин өзү да жашоо. Сени сагынып өрттөнүп тирүү экенимди сезип жүрөм. Көкүрөктө ушунун баары өчсө, менде эмне калат? Түтөйм, быкшыйм, өчөм. Эх, Жозефина, сагындырып гана жүрсөң го... Кандай жакшы адам болот элең. Эмне деген чоң жакшылык кылмаксың. Ооба, сагынтып гана тим болсоң болмок. Бирок сен жылансың! Уф, өччү! Жоголчу! Кызгантпачы, суранам. Дем жетпей жатат. Муунуп баратам. А сен күн сайын бактылуу экениңди какшап куурап айтып жатасың. Менсиз бактылуусуң. Жылан! Сен жөнүндө жазганда колдорум карышып чыгат. Көрдүңбү, сен мени алыста туруп да өлтүрүп коё аласың. Кызгантып, башканын моюнуна асылып, бактылуумун деп... А мен өрттөнүп, күйүп, үч бүктөлүп боздоп ыйлап... А сен ушунун баарын билесиңби? Азаптарымды билесиңби? Билесиң... Сен жылансың анткени. Сен деп азап тартканым сени жыргатып жаткандыр. Сени кызганып өлүп кала жаздаганымдан ырахаттанып жатсаң керек. Айтчы, бүгүн канча жолу чалдым сага?!
– Эмнеге албайсың, эй!- бөлмөмдү жаңыртып кыйкырдым. Узун гудоктон тажаганда аның албайт деп телефон да шылдыңдагансып кыска гудокторун жаңыртат. Тут-тут-тут...
– Эшек, ал деп жатам мен сага телефонду! А-ал!- кыйкырдым да дубалга бир чаптым. Анан... Эми сага кантип чалам деп коркуп кеттим. А эгер сен чалып калсаңчы? Быркырап кеткен бөлүктөрдү чогулттум. Чогулта койсом эле, телефонду оңдоп иштетип койсом эле сен чалып баштачудай далбастадым. А сен чаласыңбы? Айтпайсыңбы, Жылан?! Сен чаласыңбы?
ххх
Мен көк мээ болуп калдым. Бөлмөнүн бир дубалынан туш кагаздарды сыйрып таштап, ошол дубал менен бир кылып сенин сүрөтүңдү тартмакчы болдум. Капкара карандаш менен... Ойду-келди чиймелей бердим. Көзүңдү эле окшоштуруп алсам го... Калганы мейли. Көзүңдү сонун кылып тартып алсам го. Карандаш нечен жолу сынды. А мен көзүңдү окшоштурам деп улам кайра учтап. Дубал бети капкара... Көз кайда? Чач кайда? Баш кайда? Капкара болгон ой-келди чийиктер. Бул көк мээ адамдын иши да. Соо киши ушинтеби? Окшошпой калган сүрөтүңө кыйкырып-өкүрүп, сөгүп, ыйлап, колум канга боёлгончо дубал муштап отуруп, эми шөлпөйүп өзүмө келип, бүрүшүп отуруп алып мына бул оңбогон күндөлүккө ой-келди бир нерселерди жазып отурам. Мен сен деп азап тартып, сен деп ыйлап, сен деп көк мээ болуп калам. Көрөсүң го...
ххх
Атыңды ким койгон? Жозефина деп... Обу жоктонуп. Чоң апаң койгон. Билем. Мактанып айтып жүрчү. Өзүңө окшогон жылан чоң апаң бар. Ошончо ысымдар бар. А силер Жозефина болушуңар керек. Наполеондун аягы суюк, шүмшүк аялынын атынан. Эми кара, тагдырыбыздын окшоштугун... Жозефина Наполеондун көзүнө оңбогондой көп жолу чөп салган. А байкуш Бонапарт... Ооба, ошол дүйнөнү өтүктүн бир кончуна тыгып коё алган император бир аялдын алдында байкуш болуп, ага жалынып-жалбарып, сүйүү каттарын жазып, согушка жөнөп жатып кызганып ыйлап, азабын тартып эле жүргөн. Алсыз болуп калган, кембагал болуп калган. Сенин Жозефина деген адашың, өз ысымын сага жугузган Франциянын аягы суюк ханышасы, сүйүүгө тойбогон, сүйүүгө тойбогон эмес, төшөккө тойбогон, кумары күч сен сыяктуу жылан болгон. Окшошсуңар.
ххх
Билесиңби, Наполеон өлүп баратып эмне деген? “Армия. Франция. Жозефина!” Сенин атыңды кайталап жатып жан берсем керек мен дагы...
ххх
Азыркың канча чыдаар экен сага? Бир бурулуштан ойт берип дагы бирөөнүн коюнуна кире качканыңда бетиңе түкүрүп басып кетер. Элдин баары мен дейсиңби? Элдин баары Наполеон дейсиңби? Көзүнө чөп салып, башкага жалынып төшөгүндө жатса деле чыдай бергендер аз. Балким, мен жана Наполеон эледир. Эки Жозефинанын кумарына баш ийип бергендер экөөбүз эле болсокчу? Бирок мен кандай өрттөнгөм? Мен күйүп кеткем. Өлүп калам го дегем. Азыр эстеп жатып да өрттөнүп жатам. Баягы бизнесмениңдин машинасынан кумар жыттанып чыкканың эсиңдеби? Жүзүң албырып, көздөрүң балбылдап, көйнөгүңдү чала-бучук оңдой калып, байлануу турган чачың жайылып, демиңди араң басып чыга калганыңчы?
– Ким бул?! Ким бул?!- көзүм менен жеп койчудай теше тиктеп сага бакырып, машинага жулундум. Мен жеткенче эле машина жөнөп кетти.
– Кереги жок, Мурат! Кереги жок...- моюнумдан кучактап ыйлап жиберип, башыңа келген биринчи калп менен эле мени жайгарып салгансың. А сен мени ошондо алдап жатканыңды билген жок дейсиңби? Билдим. Сен актрисасың да. Ыйлап жиберүү сага кеппи? Азыр эле машинадан тигиниңдин да, өзүңдүн да кумарыңды кандырып, мени көрө калганда шаша-буша түшө калганыңды да билдим. Бирок көз жумуп койдум. Өзүмдү-өзүм алдадым. Мен буга үйлөнөм да, баарын токтотом дедим. Бул меники гана болот дедим. Бирок сен бир да күн меники болгон жоксуң. Кудай ай, кумарың эмне мынча күч?! Азгырасың, кылгырасың, туйлайсың... Сени менен ар бир мүнөт, ар бир секунд ырахаттуу. Бирок сен ошол ырахатты кимдерге гана бербедиң? Мага тийип алып туруп, мага аял болуп алып туруп, ак никең бар туруп... Баягы сага ашык болгон жаш актёр, тиги бизнесмениң, полковнигиң, ырчың, бандитиң, азыркы күркүлүң... Анан мен. Биз бардыгыбыз сенин кумарыңа байлангандарбыз. Азыркың да акыркы эмес чыгар. Дагы бир купулуңа толгон эркек жолуксунчу. Башын айлантып жинди кыларсың...
(Уландысы кийинки санда)