Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Кыргыздагы пикет-митингдердин легендасы. Демократия, адам укуктары деп жайы-кышы коңгуроо кагып жүрөт. Бул ирет коомчулукка таңууланган рамкаларга сыйбаган, оюндагысын кайсы бийлик болбосун ачык айта алган ушул өзгөчө адам менен баарлаштык.
– Өндүрүш мырза, талылуу маселелер боюнча Бишкекте жалгыз болсо да митингге чыгып, бийликке катуу талаптарды коюп келесиз. Көбүнчө бийликтен реакция болбогону байкалат. Адилеттик издеген күрөштө жалгыз Токтонасыров абалды өзгөртө алат бекен?
– Албетте, Токтонасыров кыйкырып чыкса эле баары тартипке түшүп калат деп ойлобош керек. Башкысы, коңгуроо кагып жатам, кайдыгер адамдарды активдүү болууга үндөп келем. Тойкана, чайканада, интернетте баарыбыз кыйынбыз, бизден өткөн акылдуу, оратор жок. Аныбызды чыныгы коомдук-саясий турмушта да көрсөтөлү. Айрымдар мени “тайраңдап, плакатын кучактап эле жүрө берет” деп сындашат. Аларга айтарым, силер Токтонасыровду жакшы билбейсиңер, андыктан сырттан тон бычып кесир сүйлөбөй эле койгула. Адилеттик орнобой жатса, үйдө отуруп алып кейип-кепчий бергим келбейт. Макул эместигимди иш-аракетим менен көрсөтөйүн, коомдук пикир түзөйүн дейм. Сиз айткандай, көп учурда бийликтен реакция болбойт, буга капа деле болбойм. Жалгыз пикетке чыксам да чагылдырган журналисттерге рахмат. Ал эми бийликтен жооп болбогону бийликтин өзүнүн аброюна шек келтирүүдө.
– Жалгыз митингге чыкканга караганда кайсы бир саясий күчтөр менен биргеликте аракет кылган жыйынтык бербейби? Бирөөлөр менен биригүү сунушу, ойлор болду беле?
– Айрым партиялар, саясий кыймылдар чакырышат, бирок баргым жок. Себеби саясат бир калыпта тура бербейт да. Эртең көз караштар өзгөрөт, дал келбей калат. Ошондо “сенин партияң мындай” деген сөздү уккум келбейт. Кайсы бир партиянын мүчөсү болуп туруп адатымча саясий акцияларга чыга берсем, “токтот” деши мүмкүн. Бирөөгө көз каранды болуп, оюмду эркин айтуу үчүн андан уруксат сурагым келбейт. Өзүм тандап алган жол, ыкма өзүмө жагат. Саясий партиялар шайлоо алдында укмуш убадаларды берип, бирок аткарбай жатышат. Эртең мага да “эй, Токтонасыров, сен бул партияны таңдайыңдан чаң чыккыча мактап жатпадың беле?” деп сураса эмне деп жооп берем?
– “Текебаев бошотулсун” деген талабыңыз орундала элек. Бакиевдерди кайтарып келип жазага тартуу талабыңыз да аткарылган жок, санай берсе көп. Жалпы масса колдоп-коштобосо, бийликтен оңдуу реакция болбосо, убактымды, ден соолугумду кетирип натыйжа чыкпаган акцияларды өткөрбөйм деп кейиген күнүңүз болобу?
– Кейибейм, Бакиевдерди кайтаруу талабымды азыр да айтам. Оорукчан кишидей бир маселени кайра-кайра айта берүү жакшы эмес, бирок ушуга аргасыз кылышат. Эл аралык конвенцияларга “биз демократиялык, адам укугун сыйлаган мамлекетпиз” деп кол коюшат дагы, иш жүзүндө бузулуп жаткан укуктарды көрмөксөн, билмексен болушат. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков адилетсиз саясатты улантып жатат. Мисалы, Текебаевге ачылган кылмыш ишинин курамында кылмыштын далили жок. Маевский деген шүмшүктүн айткандары жомок экени, сот мыйзамсыз чечим чыгарганы талашсыз. Текебаевден башка да Атамбаевдин азабын тартып, түрмөдө отурган саясий туткундар чыгышы керек. Президент эмнеге убакытты созуп жатканын түшүнбөйм. Жалпы эл талап кылып жатат, БУУнун адам укуктары боюнча комитети, Европадагы абройлуу уюмдар Текебаевдин саясий туткун экенин айтып чыгышты да. Сиздердин гезит аркылуу да президентке кайрылгым келет. Урматтуу Сооронбай Шарипович, эгер сиз чындыкты, адилеттикти сыйлаган ажо болсоңуз, элден жаман кеп-сөздөрдү уккуңуз келбесе, анда саясий негизде камалып кеткендерди тезирээк бошотуңуз. Алардын камакта отурушу сизге аброй алып келбейт.
– Буга чейин мөңгүлөрдү талкалоого жол бербөө, Кыргыз жеринде баш калкалап жаткан жарандык активист, Казак жараны Мурат Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөө боюнча президентке кайрылып, жооп болбогонун айтып чыккансыз. Ак үйдөгү ортомчулар маанилүү маалыматтарды, реалдуу абалды президентке жеткирерине ишенесизби?
– Тунгышбаев Кыргыздагы жарандык коомдун күчтүүлүгүнө суктанып жүрчү. Бишкекте баш калкалап жүрсө, азыркы бийлик аны Казакстанга экстрадициялап жиберди. Эми Назарбаевдин Арзыматтарынын азабынан эки көзү көрбөй калыптыр. Ал адам да. Ушуну көрүп-билип туруп Тунгышбаевди коңшу өлкөнүн колуна салып бергени бийликке аброй алып келген жок. Эгер ушундай ыргакта кетсе, мен Жээнбековду президент катары тааныбайм. Ачык эле айтам, мен бул кишиге добуш берген эмесмин. Өзү деле айтат го, “бул күтүлбөгөн окуя болду” деп. Күтүлбөгөн окуя болбош керек. Принцип, күчтүү дух, эрк болушу зарыл. Президент деген бир кафенин администратору эмес, өлкөнүн биринчи адамы. Эгер ушундай иштей берсе мен бир күнү “президент отставкага кетсин” деп чыгышым мүмкүн. Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады, кана өнүгүү? Жөн эле сөз. Элди иш менен камсыздай турган бир ири ишкана же завод ачылдыбы? Сөз менен иш айкалышпай жатат, конкреттүү алдыга жылууну байкай элекмин. Элге тегиз жага турган ишенимдүү кадамдарды таштай албай жатат.
– Ар бир президент бийликтин жакшы иштеши үчүн активдүү жарандык коом керектигин айтып, бирок иш жүзүндө күчтүү жарандык коомду эч бири жактырбайт. Бүгүн өлкөдө жарандык коомдун салмагы кандай болууда?
– Өлкөдө күчтүү, таасирдүү жарандык коом бар. Мамлекетте адам укугунан кымбат баалуулук болбошу керек. Бизде күчтүү жарандык коом болгону үчүн гана бийлик бир аз сестенип турат. Жарандык коомдун өкүлдөрүн “чет элдик уюмдар” дешет. Анализ жүргүзүп көрдүм, бейөкмөт уюмдардын Кыргызга пайдадан башка зыяны жок. Менимче, Ак үйгө намазкана эмес, жарандык коомдун өкүлдөрү отуруп иштей турган бөлмө керек. Ажо алар менен тез-тез жолугуп турса, ага пайдадан башка зыяны тиймек эмес. Кыргызстан чакан өлкө, Бишкек Нью-Йорк же Вашингтон эмес, жыйынтык эбак көрүнүшү керек эле.
– Сизди ким каржылайт?
– Мени эч ким каржылабайт. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу эч жерде иштебейм. Үйдө 85 жаштагы апамды карайм, коомдук иш-чараларга активдүү катышам. Бир туугандарым, балдарым жардам берет. Жашоомо нааразы эмесмин.
– Өлкөнү азыр бул илдеттердин кайсынысы көбүрөөк тооруп турат деп ойлойсуз, трайбализмби, үй-бүлөлүк башкаруубу, кландык башкаруубу, коррупциябы?
– Тилекке каршы, баары тооруп турат. Нааразы боло бергим келбейт, бирок факт деген бар. Президенттин агасынын күйөө баласы Ысык-Көлдө мэрликке шайланды. Кадр тандоодо эскиден арылбай, артка тартып жаткан көрүнүштөр дагы эле болууда.
– Азыркы бийлик эмнеден ката кетирип же кайсы аракети менен мурдагылардан жакшыраак болууда? Жээнбеков сиз, жалпы эл күткөн президент боло алчудайбы?
– Президент Жээнбековду мактагым да, жактагым да келбейт. Революциялык дух менен өз милдетин аткарып кете ала турган адамды көргөн жокмун. Бул менин жеке оюм, өзүмдү президенти жок өлкөдө жашап жаткандай сезем. Ооба, ал президент, ант берген. Андан эрктүүлүктү, эл күтпөгөн кадамдарды жасаган президенттин образын көрө элекмин. Дагы жакшы, айрым маселелерди талашып-тартышууга Жогорку Кеңеште мүмкүнчүлүк болууда. Ал жерде да Текебаевдин жоктугу дапдаана көрүнүп турат. Ал кырдаалга так диагноз коюп, абалдан чыгуунун ынанымдуу жолдорун таап берген көрөгөч саясатчы эле. Менин баамымда, биз дагы эле орто заар өлкө бойдон калат окшойбуз.
– "Парламент тарасын" деп айтып жүрөсүз. Азыркы Жогорку Кеңештин трагедиясы эмнеде болууда? Канткенде эл күчтүү парламентти шайлай алат?
– Азыркы парламент толук кандуу иштей алган жок. Эмне үчүн өздөрүнүн кесиптеши Текебаев, башка саясий туткундар тууралуу айтып чыгышпайт? Бирин-экин күчтүү саясатчылар бар, бирок басымдуу бөлүгү акча менен мандат алган бизнесмендер. Эл миң сомго же 1 кап унга алданып татыктуу эместерди шайлап алса, анда өзүнөн көрсүн, 6 жыл наалыбасын. Шайлоодо ар бир талапкердин ким экенин иликтеп чыгып, анан гана добуш берүү керек. Татыктуулар көп. Элетте билими жок, бирок аспирантураны бүткөндөй ой жүгүрткөн адамдар бар. Эл мына ушундай адамдарды парламентке өткөрүшү керек. Замандаштарга айтар элем: коомго салым кошуу үчүн сөзсүз эле бир дипломдун ээси болуу шарт эмес. Чык, айт, пикириңди билдир. Кээде саясий акцияларга жалгыз эмес, колдоочулар менен чогуу чыккым келет. Анан өтө турган иш-чара тууралуу интернет баракчама жазам, колдоп комментарий жазгандар аябай көп болот. Анан “келгиле, чогуу чыгалы” деп чакырсаң бирөөсү да келбейт. Бул – жарма патриотизм. Мисалы, мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берилгенде ыйладык, наалыдык, аягында боздоп отуруп калдык. Жыйынтык үчүн күрөшүү керек эле, анте алган жокпуз.
– Грузиянын, Германиянын, АКШнын башкаруу моделдери сунушталып жүрөт. Кыргыз өлкөсү өнүгүү үчүн кайсы өлкөдөн үлгү алышы керек деп ойлойсуз?
– Бирөөнүн моделин туурап кереги жок. Бизде дүйнөлүк масштабда ой жүгүртө алган күчтүү саясатчылар, жарандык активисттер, студенттер бар. Швейцария, Түркия болобуз дей бербей, өнүгүүнүн Кыргыз моделин түзсө болот. Ал үчүн активдүүлүк, бири-бирибизди колдоо, жарма патриоттуулуктан арылуу керек.
– Акыркы суроом, баары эмнеден башталды эле? Эмне окуядан улам сизде ушундай жарандык активдүүлүк, күрөшөм деген максат пайда болгон?
– 90-жылдары Ош окуясы болгон күндөн баштап саясий турмушка аралаштым. Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы турдум. Табигый нерсе экен, өзүнөн-өзү уланып кетти. Көп окуйм, изилдейм, көйгөйлөргө кайдыгер гана кол шилтеп койгум келбейт. Канткенде Кыргызстан өнүккөн, жарандык коому күчтүү, импорту эмес, экспорту өнүккөн өлкөгө айланат деген эле ой-тилек. Ал үчүн айтып гана койбой, аракет да кылуу керек.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg