ЫРЧЫ АБИР КАСЕНОВ, ТАМАШОУЧУ КАЛЫБЕК УУЛДУУ БОЛУШТУ

"Элес”, “Асыл тумарым” аттуу ырлары менен таанымал болгон ырчы Абир Касенов төртүнчү жолу ата статусуна ээ болду.

"Уулум 2-ноябрда борбордогу төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келген. Жеке жашоом, үй-бүлөм, балдарым тууралуу коомчулукка маалымат көп чыгарбайм. Ошондон улам уулдуу болгонумду жар салган эмесмин. Учурда уулум менен жубайым үйдө, абалы канааттандырарлык. Азырынча балабызга ысым коё элекпиз",- дейт ырчы. Абир Касенов менен жубайы буга чейин 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишкен.

Наристе жытын жыттап кубанып жаткан жылдыздардын дагы бири – тамашоучу, "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубаев. Ал экинчи жолу ата болду.

“13-ноябрда экинчи уулум төрөлүп, үй-бүлөбүзгө кубаныч тартуулады. Чынында сүйүнүп турам. Жубайым Урматжан Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде аман-эсен көз жарды. Салмагы 3 килограмм 350 грамм төрөлдү. Эне-баланын ден соолугу жакшы. Азырынча ымыркайга ысым коё элекпиз”,- дейт Калыбек.

Тамашоучу менен ырчыга бешик бооңор бек болсун демекчибиз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mela
2018-11-22 22:44:26
Абир Касенов кечээ Эле уйлонду Эле го...уже 4-бу?!
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан