ЭРЛАН АНДАШЕВ ЖАНА ИРИНА ШОТТОН СЮРПРИЗ

"Сүйүп калдым, кантейин?” деп кейип ырдап жүргөн ырчы жигит Эрлан Андашев АКШда иштеп, жашап жүргөнүнө көп жыл болуп калды. Чыгармачылыкты жандандыруу максатында Эрлан дагы бир чет өлкөдө жашап жүргөн мекендешибиз Ирина Шотт менен кыргыз тилинде дуэт ырдай турган болду. Ырчы мырза менен байланышканыбызда бул тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди: "Жакында “Таарынба” деген ыр жаздырган элем. Ал жакшы чыккандыктан билек түрө экинчи ырымды жаздырайын деп даярданып жаткам. Жаздырып жатып ыр дуэтке ылайыктуу экенин байкадым. “Кыз жана жигит болуп ырдаганга ылайыктуу экен” деп Сабыр деген досум кеңешин берди. Ким менен ырдасам деп ойлонуп жүргөндө Сабыр “кел, Иринага угузуп көрөбүз” деп калды. Ирина Шотт анын эң жакын досу болот экен. Жөнөтсөк ага дагы жакты, үнүнө отурду. Ошентип экөөбүз дуэт ырдаган жатабыз. Жакын арада Ирина АКШга келет. Буюрса, кыргыз элиме сюрприз болот деп ишенем".

Чет өлкөдө жүрүп, бирок маданиятыбызга салым кошуп жаткан ырчыларга ийгилик каалайбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Alia82
2018-11-24 12:43:21
Азамат, ийгилик !!!
+1
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан