Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында белгисиз бет капчан адамдар бир үй-бүлөдөн 4 адамды сабап кетишти. Сабалгандардын экөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Үй-бүлөнүн апасы аларды өч алуу максатында сабашкан деп болжолдоодо.
«БИР УУЛУМ КАНЖАЛАП, ЭКИНЧИСИ ОНТОП ЖАНЫМДА ЖАТТЫ»
Бул үй-бүлөнүн атасы, апасы жана бир уулу азыр ооруканада. Алардын абалы тууралуу жабырлануучу Анаркүл Кыдыралиева төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Ушул жылдын 16-ноябрынан 17сине караган түнү түнкү саат 3төрдө үйдүн эшиги тыкылдап калды. Жолдошум эшикти ачканда эле аны белгисиз бет капчан адамдар колдорундагы таяктар менен сабап башташты. Жолдошумду таяк сынганча жарым сааттай тынбай сабашты. Мен болсо коркуп, эч нерсе кыла албай ыйлап жаткан 2 жаштагы баламды кучактап отура бердим. Аңгыча 7-класста окуган экинчи балам атасына жардамдашуу үчүн чыкканда таяк менен чаап кулатып, аны да сабашты. Улуу балам чоң апасына телефон чалып жатса, бирөө колундагы телефонду алып ыргытып салды. Эки баламдын бири кансырап, экинчиси онтолоп жанымда жатышканын элестетсеңиздер... Эмне кыларымды билбей калдым. Ошол убакта бет капчандарды карай койсом бири мени да башка чапты эле, башым канап чыкты. Жолдошум жаткан жеринен туруп, биз тарапка келатса аны тигилер маңдайыбызга жаткырып алып дагы сабашты.
Жолдошумдун башында, денесинде тамтыгы жок, таанылгыс болуп калды. 4, 2 жаштагы уулдарыма жана кызыма тийишкен жок. Саат 4төрдө кайненем менен кайнатам келип калганда бет капчандар терезеден чыгып качып кетишти. Алар келбегенде бизди өлтүрүп коюшмак го. Мындайды мен кинолордон эле көрчүмүн. Башыбызга түшөт деп кайдан ойлоптурбуз? Бет капчандар кеткенден кийин «Тез жардам» жана милиция чакырсак, алар жарым саатта келишти.
«КЫЛМЫШКЕРЛЕРГЕ ЭМНЕ КЕРЕК БОЛГОНУ БЕЛГИСИЗ»
-Жолдошум менен экинчи уулумдун баштарына операция жасалды. Жолдошум азыр да жандандыруу бөлүмүндө жатат. Балам 21-ноябрда палатага которулду. Бир колу дагы деле кыймылдай элек. Мен да башымдан жаракат алдым. Баарыбыз коркуп, нес абалдабыз.
Бул адамдар жолдошум экөөбүздөн бир жолу гана «акча барбы?» деп сурашты. Чын эле акча керек болгон болсо, анда улам сурашып, үйдү тинтип издешмек да. Алар кийим-төшөктөрдү чачып, идиш-аякты, столдорду сындырышты. Алардын максаты бизден өч алуу гана болгон окшойт, ичи күйгөндөр бар окшойт. Бирок шек санаган деле кишим жок.
Өзүбүз иштебеген, мал карап эле жан баккан карапайым адамдарбыз. Кылмышкерлер табылып, жазасын алса экен деп тилеп жатабыз.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР ИЗДЕЛҮҮДӨ»
Бул кылмыш тууралуу Чүй облустук басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат таратты:
-2018-жылдын 16-ноябрынан 17сине караган түнү Чүй РИИБине Дөң-Арык айылындагы үй-бүлөгө кол салуу болгону тууралуу кабар түшкөн. Кылмыш болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, окуянын чоо-жайын такташкан. Болжол менен түнкү саат 3:00 чамасында 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 3 адам медициналык бет каптарды кийип, 35 жаштагы Б.А. аттуу жарандын үйүнө киришкен. Алар үй ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салып, бирок үйдөн эч нерсе албай, из жашырып кетишкен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмышка шектүү жарандарды издөө иштери жүрүүдө.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg