Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат
КОЙ (21.03-20.04)
Жеке жана чарба иштерди бүтүрүүдө маселе жаралат. Жакындарыңыздын көңүлүнө карап иш жасаңыз. Кээ бирлер менен мамилеңиз бузулат. Кызматтагы адамдар, жетекчилик менен жакшы тил табышасыз. Купуя аракеттер пайда алып келет.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушта, ден соолукта жана жакындарыңызда көйгөйлөр пайда болот. Пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Токтоо болуңуз. Башка жактык өнөктөш, текшерүү органдары менен алака кыласыз. Ортодо жакшы түшүнүүчүлүк орун алат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көңүл ачууга, балдарга байланыштуу иштер да, таарынычтар да чыгат. Чыгым чыгат же жагымсыз кабар угасыз. Акчанын келиши күтүлүүдө. Жогорку кызматтагы адамдар менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Эс алуу, үй тиричилик жана балдарга тиешелүү маселелерди чечүүдө акылмандык керек. Болбосо күнөөлүү сиз болуп каласыз. Өнөктөштөр, текшерүүчүлөр сиздин ыгыңыздан чыгышпайт. Эски таанышка жолугасыз же эски мамилелер жөнгө салынат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Үйдөгүлөргө жана туугандарга аяр мамиле жасаңыз. Антпесеңиз ортодо таарынычтар, көңүл калуулар болот. Сырдуу нерселер ачыкталат. Акча аласыз. Жумушуңуз жакшы жүрөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Курбу, кесиптештер менен мамиле чыңалуу абалында болот. Акча муктаждыгы жаралат. Айрым мамилелер жөнгө салынат. Балдарыңыз кубантат же сүйгөнүңүзгө жолугасыз. Жолдо жүрүүдө жаракатка кабылуудан сак болуңуз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сырткы келбетиңизге көңүл буруңуз. Күтпөгөн жерден бир жактарга барып калууңуз мүмкүн. Чыгым чыгышы ыктымал. Кесиптештердин урматына ээ болосуз. Ата-энеңизге же тууганыңызга жолугасыз. Үйдө жагымдуу абал өкүм сүрөт.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Кызматта иштеген бирөөлөр сизге көйгөй жаратат. Жабык типтеги мекемеге барууга туура келет. Жашыруун душмандар активдешет. Сак болуңуз. Сүйгөнүңүз же балдарыңыз кубантат. Сиз урматтаган адамга жолугасыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дос, өнөктөштөр менен иштешүүдө пикир келишпестиктер жаралат. Каржы жааты ойлондурат. Сарамжалдуу болуңуз. Карыздарыңызды кайтарып беришет же кредиттик насыя колго тиет. Үй чарба иштери жакшы бүтөт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жакын санаалаш же жогорку даражадагы адамдар менен иштешүүдө өз ара түшүнүшүү кыйынга турат. Кыраакы болуңуз. Сизге чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Сунуштар түшөт же жакшы кабар угасыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Текшерүү органынын кызматкерлери менен иштешесиз. Ишиңизди, документтерди текшеришет. Сизге бирөөлөр жашыруун колдоо көрсөтөт. Акча аласыз. Конокко барууңуз ыктымал.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Акча жаатында көйгөй жаралат. Ал көйгөйдү көзөмөл органдары жаратышы мүмкүн. Жумуш, чыгармачылык жана балдардын кээ бир маселеси сизди ойго салат. Таарынычтар да болот. Таасирдүү тааныштардын колдоосуна татыйсыз.